Рет қаралды 124
Бүткүл дүйнөлүк артериялык гипертонияга каршы күрөшүү күнү 2005-жылдан тарта Бүткүл дүйнөлүк антигипертензиялык лига жана Эл аралык гипертония коомунун демилгеси астында жыл сайын 17-майда белгиленет.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты бөлүмүнүн башчысы Нургүл Ибраева өз сөзүндө белгилегендей, артериялык гипертонияны “унчукпаган киши өлтүргүч” деп аташат, анткени бул оору симптомдорсуз өтөт жана өмүр үчүн маанилүү органдарды жабыркатат. Ошондуктан көпчүлүк гипертониктер ал гана эмес аларда кан басымынын жогору экендигинен шектенишпейт.
“Жыл сайын кан басымды көзөмөлдөө менен медициналык текшерүүдөн өтүү, ошондой эле кан басымды үй шарттарды өз алдынча өлчөө маанилүү. Гипертонияны өз учурунда аныктоо олуттуу татаалдашуулардын өнүгүүсүн алдын алууга мүмкүнчүлүк берет.
Жогорку артериялык кан басым жаш өткөн сайын жогорулашы мүмкүн, бирок гипетониянын өнүгүүсүнө ошондой эле түзөтүүгө боло турган тобокелчилик факторлору, анын ичинде тузду көп өлчөмдө пайдалануу, физикалык активдүүлүктүн жетишсиздиги жана ар кандай тамеки заттарын чегүү, алкоголь ичүү өбөлгө түзүшү мүмкүн.
Артериялык кан басымдын алдын алууга жашоодогу адаттарды өзгөртүү, анын ичинде тамак-аш рационун өзгөртүү, тамекиден баш тартуу жана активдүү жашоо мүнөзүн алып жүрүү жардам берет.
Биз аракеттерибизди бириктирүү менен гана гипертонияга каршы күрөштө орчундуу прогресске жетишип жана калктын ден соолугун анын кооптуу кесепеттеринен коргой алабыз. Бүгүнкү иш-чара - ушул жолдогу маанилүү кадам”, - деп жыйынтыктады сөзүн Нургуль Ибраева.