Рет қаралды 105
Чүй районунун Кошой айылынын тургундары Ак илбирсти коргоо максатында айылдагы пайдаланылбай жаткан 1 гектар жерге кара өрүк тигип, өстүрүшүүдө. Айылдын жамааты быйыл жазында Бириккен Улуттар Уюмунун жаратылышты коргоо программасынын алкагында “Жоголуп бараткан казыналар” долбоорунун каржылоосунда 450 даана көчөттү тиккен. Келерки жылдан баштап түшүм алып, анын мөмөсүн сатып, түшкөн каражаттын бир бөлүгүн экологияны коргоого жумшайбыз деп турушат. Муну менен тоолорду байырлаган Ак илбристи коргоп, алардын азыгы болгон кийик сыяктуу жапайы жаныбарлардын жемин талашкан малга тоют камдалат. Багбанчылыкты жайылтып, жаратылышты жакшыртууга салым кошуу менен бирге үй-бүлө үчүн да жаңы киреше булагын ачкан элеттиктердин аракети тууралуу...