Рет қаралды 117,061
Кубаттуулугу 230 аттын күчүнө тең тракторду кураштырып, дээрлик 1 жыл убакыттын ичинде бүтүндөй бир трактор жасаган Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Эркин айылынын тургуну Сайфидин Сыдыков аны айыл чарбасына эң керектүү техникалардын бирине айландырууну пландап жатат. Ал жылдап кураштырган тракторун сыноодон өткөрүү менен бирге жергиликтүүлөрдүн жерлерин айдоо менен алек. Жарым кылым убактан бери айыл чарба техникалары менен иш алып барган Сыдыков мындай тракторду кураштыруу идеясы кандайча жаралып калганына токтолду.