Рет қаралды 4,699
Баткен облусунун Лейлек районуа караштуу Катраң айыл аймагында Катраң айлындагы 540 гектар аянттагы жерге суу жеткирүү үчүн канал курула баштаган. Каналдын курулушун 2019-жылдын 1-июнунда жергиликтүү компания баштаган. Бирок аталган компания ишти солгундатып жибергени үчүн кайрадан тендер өтүп, аталган каналдын курулушун андан ары «Гидробетон Строй» жоопкерчилиги чектелген коому улантып, 1 айдын ичинде каналдын курулушу 1 км аралыкка жеткен. Бирок айрым кызыктар тараптар курулуштун ишин үзгүлтүккө учуратышкан.
«Гидробетон Строй» ЖЧКсынын Катраң айылындагы каналдын курулушуна жооп берген өкүлү Мухаммед Умаров 28-октябрда курулуш иштери кызыктар тараптардын кийлигишүүсү менен токтотулгандыгын, алар Катраң айлынын тургуну эместигин, каналдын курулушунда иштеп жаткан жумушчуларды коркутуп, аталган аймактан кубалап чыккандыгын билдирди.
«28-октябрдан ишти токтотконбуз. Бул жерде жашабаган адамдар өздөрүнүн кызыкчылыгы менен бир нече жарандар келип, «иштебейсиңер, кетесиңер»,-деп оор жүк ташуучу унаага салып, чоң жолго алып барып таштап коюшкан. Курулуш иштерин токтотушпаганда буга чейин каналдын 2 кмге чейин куруп коет элек. Тендердер убагында ушул каналдын курулушуна кызыккандар болгон, ошолор кылып жатат да. Биз долбоордо кандай болсо ошондой кылып иш кылуудабыз. Биз бетонду кубик сымал куюп, Кадамжайга экспертизага жөнөтөбүз да, алар сапатын текшерип турушат. Бул бетондорду уй тебелесе сынып кетет деп атышат. Бирок бул абдан бышык. Бетон коюдан мурун ал жердин шагыл-топурактарын быйшыктайбыз. Эми азыр курулуш токтобогондо ушул жылдын декабрь айына чейин каналдын курулушун толук бүтүрмөкпүз»,-деди Умаров.