Рет қаралды 38,401
Акыркы убакта коңшу Казакстанда жана Орусияда табият кырсыктары болуп, сел жүрүп, дамбалар жарылды. Анын кесепетинен жүздөгөн үйлөрдү суу басып, миңдеген адамдар там-ташын таштап жер которгонго аргасыз болушту.
Ушул учурда Кыргызстанда абал кандай? Табийгый кырсыктарды алдын алуу жумуштары кандай жүргөн, азыр кандай жүрүп жатат? Талкуубуз мына ушул темада.
Студиябызга өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановду жана Жерди иликтөө боюнча Борбор Азия институтунун директору, геология-минералогия илимдеринин кандидаты Болот Молдобеков келди, ал эми Казакстандын Атырау шаарынан "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун казак кызматынын кабарчысы Айнұр Сапарова телефон аркылуу катышат. Талкууну Кубат Оторбаев алып барат.
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -kzfaq.info/love/s_x...
Телеграм - t.me/Azattyk_radiosu
t.me/azattykrus