Рет қаралды 63,491
ИСЛАМ АРХИТЕКТУРАСЫ.
Ислам дини келгенден кийин Пайгамбарыбыз САВдын алып келген нуру адамзатка өтө көптөгөн баалуулуктар менен кошо тарыхый архитектуралык чыгармаларды да тартуулады. Алар Ислам дүйнөсүнүн символу катары, өтмүштү эстеткен, Аллахты тааныткан чыгарма катары азыркы күнгө чейин кызмат өтөп келишет. Бул чыгармалырдын эң башында мечиттер турат. Негизи бул мурастардын баарын 5-10 мүнөттүк роликте айтып берип коюу мүмкүн эмес. Бул архитектуралык мурастарды көрсөтүү үчүн сериал тартсак да аздык кылат. Кантсе да биз бүгүн сиздерди дүйнө жүзүндөгү эң кооз 10 мечит менен тааныштырууну туура көрдүк. Албетте бул 10 мечиттен башка мечиттер кооз эмес деген мааниге келбейт. Дүйнө жузундөгү бүткүл мечит кооз, ыйык. Биз болгону архитектуралык жагын алып карайбыз.
Дүйнөдөгү эң кооз 10 мечит.