Рет қаралды 105,230
Салкынай айым үстүбүздөгү жылдын март айында биздин “Кайрымдуу бол” Коомдук Кайрымдуулук фондуна кайрылыа, боорун алмаштыруу керек экендигин маалымдаган. Биздин социалдык тармактарга толук маалымат чыгарып, кайдыгер карабаган кыргыз элинен кол сунууга чакырык жасаганбыз. Арадан көп өтпөй, керектелүүчү каражат чогулган соң Индия жергесине, боорун алмаштырууга жибергенбиз. Операция кудайдын колдоосу менен ийгиликтүү өтүп, өлкөбүзгө ийгликтүү кайтып келген. Бүгүн минтип балдарынын кашында аман-эсен олтурганын айтып, жардам берген ар бир мекендештереге ыраазычылыгын билдирүүдө.