#курманбек

  Рет қаралды 34,001

Улукбек Дастанчы

Улукбек Дастанчы

8 ай бұрын

#дастандар#айтыштар#термесанаттар#комузырлары#сейитбекдастаны
Камбылдан туулган эр бала,
Кабылан мүнөз шер бала.
Каптаган жоосун өткөрбөс,
Калкына коргон чер бала.
Асылдан туулган эр бала.
Арыстан мүнөз шер бала.
Басташкан жоосун өткөрбөс,
Баарына коргон чер бала.
Кабагын чытып караган,
Кабыландай мараган.
Кабырга тому сөгүлөт
Каарына калган ар адам.
Астейдил салкын караган.
Арсыландай мараган.
Акылы кетет жайынан
Алдынан чыккан ар адам.
Айныбай жоого барбасам.
Азапты мыктап салбасам.
Алдымдан чыкса Дөлөн хан
Атамдын өчүн албасам.
Кырк жарат салып боюна
Кызыл канын жайбасам.
Көмөлөтө кулатып
Көөдөнүн жара сайбасам.
Жагылган отко кетпейби,
Жашымдан кылган далбасам.
Деп ошентип Сейитбек,
Кылкандай жоого тепчилип.
Кыргынды катуу баштады,
Кыйылып турбай тез кирип.
Туулгасы менен баш кетет,
Телтору кууса жеткирип.
Өкүрүп ыйлайт кээ бири,
Өлөөрүн мында кеч билип.
Туйгунуң жүрөт туйлатып,
Тушардан канды кечтирип.
Калмак кыргыз кармашып,
Кайра таң,кайра кеч кирип.
Турнага тийген туйгундай,
Туш тарапка сапырып.
Сексен бала Сейитбек
Селдей колду жапырып.
Кун кууган жалпы баатырлар,
Курманбек деп бакырып.
Акыл эсин жыйдырбай
Аламан жоону шаштырып.
Сеңирде турат хан Аккан
Сейитбек ишин жактырып.
Мурутун сылап жымыңдап
Муңун ачып каткырып.
Колуна буйрук кылды эми,
Калмака кир деп бастырып.
Эки миң аскер каптады,
Эченин жүндөй таптады.
Чоң майдан туман чаң болду,
Чоң өзөн аккан кан болду.
Чокусунан кан кетип,
Чоюн баш тийип дал болду.
Кылычты тынбай шилтешип,
Кыйланын колу шал болду.
Найзаны кармап суна албай,
Нечени жүрөт далдырап.
Энтигип кан жөтөлүп,
Эчени жатат жалдырап.
Бир жутум сууга зар болуп,
Бир тобу жүрөт шалдырап.
Бир колунан айрылган,
Бир тобу жүрөт балдырап.
Муну көргөн Дөлөндүн
Өзөгү сыздап оруду.
Сейитбектин астынан,
Бастырып чыгып торуду.
Атасындай жайлайм деп,
Акылын салып жоруду.
Курманбектин Сейитбек,
Кудуңдап көзү жайнады.
Кан Дөлөндү көргөндө,
Кан ичмеси кармады.
Арыстан шердей күркүрөп
Ашынып турат арбагы.
Эки шер жеке чыкты деп,
Эки жак тынып карады.
Эки жака тарады.
Элирген күлүк ат минип,
Экиден зоот кат кийип.
Телторуну теминди,
Найза учунан от күйүп.
Кан Дөлөндүн мингени,
Караладай ат экен,
Басташкан жоого киргенге,
Баштагыдан маш экен.
Алдырбас бүгүн намысты,
Эгерим болсо башы эсен.
Темингенде тулпарлар,
Туяктан учкун чачырап.
Темир тийген немедей,
Тердиктей таштар бачырап.
Алагар көздөн от тамып,
Азуусун чайнап качырап.
Ала салып кетсем деп,
Азыр жетип бачым бат.
Чаарала жолборс эки шер,
Чагылгандай тез жетти.
Ыргыта сайып кетмекке
Ыкчамдыгын тездетти.
Эки найза тең тийип,
Экөөсү тең энтигип.
Эңкейише түшкөндө,
Найзанын сабы жер чийип.
Намыс үчүн эки шер,
Кайраттанып эс жыйып.
Кайталап кайра сайышып,
Кас тулпар бели майышып.
Карс этип найза сынганда
Кылычын сууруй калышып,
Кырчылдаша чабышып.
Кыргыз калмак көрө албай,
Обого боппоз чаң учуп.
Оролгон опсуз чаң жутуп.
Шыңгырап кылыч түшкөндө,
Ат үстүндө кармашып,
Арыстандай арбашып.
Кылайып ооп түшүшүп,
Кыяктарын үзүшүп.
Буудандан ооп түшүшүп,
Букадай болуп сүзүшүп.
Аяктан торой чалышып.
Аябай шерлер алышып.
Ыңгайына келгени,
Ыргыта бирин калышып.
Бир убакта Сейитбек,
Белинен таптак көтөрүп.
Төбөдөн жерге кадады.
Кан Дөлөндүн турууга,
Кайрат күчү калбады.
Каңтарылып эки көз,
Качты бойдон дарманы.
Бала баатыр Сейитбек,
Басып жакын барганы.
Атамдын өчүн алдым деп,
Алкымына Дөлөндүн,
Акшамшар салып жайлады.
Мына ошентип Кан Дөлөндү өлтүрүп, хандын сөөгүн кордобой, каадасы менен көмдүрүп, элине кайтты Сейитбек,калың калмак көп журтун каалоосуна көндүрүп.
Сейитбек дастаны Улукбек Токтоболот уулунун варианты боюнча. 27,09,2023-жыл.

Пікірлер: 62
@user-jf5rl9vn9n
@user-jf5rl9vn9n Ай бұрын
МАЛАДЕС УЛУКБЕК БАР БОЛ УЛУУ ӨНӨРДҮ УЛАНТУЧУУ 👍👏❤✊🇰🇬
@user-xe8jv9nq1s
@user-xe8jv9nq1s 6 ай бұрын
Улукбек, онорун оркундой берсин, жаныл мырза дастанын, бооз жорго дастанын жукточу, рахмат!!!
@user-mg2rp7dp9l
@user-mg2rp7dp9l 4 ай бұрын
Мен Москвадамын ушул дастандарды уксам духума дух кошулат айрыкча Курманбек тин дастанын кайран батырлар бир келген екен да атаңдын көрү дунуйө
@user-mt7hn5ce8c
@user-mt7hn5ce8c 6 ай бұрын
Улук иним ушундай чыгармаларды элге жайылта бер рахмат иним
@ErlanKg.1717
@ErlanKg.1717 4 ай бұрын
Онорун оркундой берсин Улукбек
@mirlanmamataliev667
@mirlanmamataliev667 4 күн бұрын
Эн сонун үнүнө береке
@nurman2216
@nurman2216 4 ай бұрын
Кудайым озу колдосун Атам Манас жолдосун Улукбек
@user-pq1vd9gz3f
@user-pq1vd9gz3f 7 ай бұрын
Курманбектин олумуно аябай ачуум келип жаман болуп калдым эле эми жаным тынчыды👍👍👍
@user-gc2jv5sh6s
@user-gc2jv5sh6s 6 ай бұрын
Тейитбектин айынан олот да
@user-qi4pc6df8x
@user-qi4pc6df8x 6 ай бұрын
Улукбек жангиргизген олгонго оо сен азамат жараган варянтары бар эле мен келдим деп бакырган каныштын конун чоктурбой курманбекти олтурбой онорду болгон короткую кайран жашты откорбой
@user-jq6bt1ys4h
@user-jq6bt1ys4h 17 күн бұрын
Ушуну тапай Кейп журдум эле Эми тынчдым
@aibekosmonov1907
@aibekosmonov1907 4 ай бұрын
Молодец ушундай дастанды коп айтып журо бер
@sulaimankamilov14
@sulaimankamilov14 8 ай бұрын
Улукбек азаматсың 👏👍👍
@user-uq7wr3pc1f
@user-uq7wr3pc1f 5 ай бұрын
Азаматсын иним сенин дастандарыны калтырбай угам.Ден соолук узуун омур каалам.Аллахым суук создон кара коздон алыс кылсын
@Ulukbek_Dastanchy
@Ulukbek_Dastanchy 8 ай бұрын
Камбылдан туулган эр бала, Кабылан мүнөз шер бала. Каптаган жоосун өткөрбөс, Калкына коргон чер бала. Асылдан туулган эр бала. Арыстан мүнөз шер бала. Басташкан жоосун өткөрбөс, Баарына коргон чер бала. Кабагын чытып караган, Кабыландай мараган. Кабырга тому сөгүлөт Каарына калган ар адам. Астейдил салкын караган. Арсыландай мараган. Акылы кетет жайынан Алдынан чыккан ар адам. Айныбай жоого барбасам. Азапты мыктап салбасам. Алдымдан чыкса Дөлөн хан Атамдын өчүн албасам. Кырк жарат салып боюна Кызыл канын жайбасам. Көмөлөтө кулатып Көөдөнүн жара сайбасам. Жагылган отко кетпейби, Жашымдан кылган далбасам. Деп ошентип Сейитбек, Кылкандай жоого тепчилип. Кыргынды катуу баштады, Кыйылып турбай тез кирип. Туулгасы менен баш кетет, Телтору кууса жеткирип. Өкүрүп ыйлайт кээ бири, Өлөөрүн мында кеч билип. Туйгунуң жүрөт туйлатып, Тушардан канды кечтирип. Калмак кыргыз кармашып, Кайра таң,кайра кеч кирип. Турнага тийген туйгундай, Туш тарапка сапырып. Сексен бала Сейитбек Селдей колду жапырып. Кун кууган жалпы баатырлар, Курманбек деп бакырып. Акыл эсин жыйдырбай Аламан жоону шаштырып. Сеңирде турат хан Аккан Сейитбек ишин жактырып. Мурутун сылап жымыңдап Муңун ачып каткырып. Колуна буйрук кылды эми, Калмака кир деп бастырып. Эки миң аскер каптады, Эченин жүндөй таптады. Чоң майдан туман чаң болду, Чоң өзөн аккан кан болду. Чокусунан кан кетип, Чоюн баш тийип дал болду. Кылычты тынбай шилтешип, Кыйланын колу шал болду. Найзаны кармап суна албай, Нечени жүрөт далдырап. Энтигип кан жөтөлүп, Эчени жатат жалдырап. Бир жутум сууга зар болуп, Бир тобу жүрөт шалдырап. Бир колунан айрылган, Бир тобу жүрөт балдырап. Муну көргөн Дөлөндүн Өзөгү сыздап оруду. Сейитбектин астынан, Бастырып чыгып торуду. Атасындай жайлайм деп, Акылын салып жоруду. Курманбектин Сейитбек, Кудуңдап көзү жайнады. Кан Дөлөндү көргөндө, Кан ичмеси кармады. Арыстан шердей күркүрөп Ашынып турат арбагы. Эки шер жеке чыкты деп, Эки жак тынып карады. Эки жака тарады. Элирген күлүк ат минип, Экиден зоот кат кийип. Телторуну теминди, Найза учунан от күйүп. Кан Дөлөндүн мингени, Караладай ат экен, Басташкан жоого киргенге, Баштагыдан маш экен. Алдырбас бүгүн намысты, Эгерим болсо башы эсен. Темингенде тулпарлар, Туяктан учкун чачырап. Темир тийген немедей, Тердиктей таштар бачырап. Алагар көздөн от тамып, Азуусун чайнап качырап. Ала салып кетсем деп, Азыр жетип бачым бат. Чаарала жолборс эки шер, Чагылгандай тез жетти. Ыргыта сайып кетмекке Ыкчамдыгын тездетти. Эки найза тең тийип, Экөөсү тең энтигип. Эңкейише түшкөндө, Найзанын сабы жер чийип. Намыс үчүн эки шер, Кайраттанып эс жыйып. Кайталап кайра сайышып, Кас тулпар бели майышып. Карс этип найза сынганда Кылычын сууруй калышып, Кырчылдаша чабышып. Кыргыз калмак көрө албай, Обого боппоз чаң учуп. Оролгон опсуз чаң жутуп. Шыңгырап кылыч түшкөндө, Ат үстүндө кармашып, Арыстандай арбашып. Кылайып ооп түшүшүп, Кыяктарын үзүшүп. Буудандан ооп түшүшүп, Букадай болуп сүзүшүп. Аяктан торой чалышып. Аябай шерлер алышып. Ыңгайына келгени, Ыргыта бирин калышып. Бир убакта Сейитбек, Белинен таптак көтөрүп. Төбөдөн жерге кадады. Кан Дөлөндүн турууга, Кайрат күчү калбады. Каңтарылып эки көз, Качты бойдон дарманы. Бала баатыр Сейитбек, Басып жакын барганы. Атамдын өчүн алдым деп, Алкымына Дөлөндүн, Акшамшар салып жайлады. Мына ошентип Кан Дөлөндү өлтүрүп, хандын сөөгүн кордобой, каадасы менен көмдүрүп, элине кайтты Сейитбек,калың калмак көп журтун каалоосуна көндүрүп. Сейитбек дастаны Улукбек Токтоболот уулунун варианты боюнча. 27,09,2023-жыл.
@user-rb1tr1ln8u
@user-rb1tr1ln8u 7 ай бұрын
Улукбек аба толук чыгарыңыз
@user-jf7jm3bd5p
@user-jf7jm3bd5p 8 ай бұрын
Баракелде бар бол. Биздин улуу мурастарды кийинки муунга жеткире турган адамдар бар экен. Уучубуз кур эмес экен.
@user-bo2od1ep7f
@user-bo2od1ep7f 6 ай бұрын
Тообоо зор баатыр адамдар,танкалаарлык.
@ulanborubaev8845
@ulanborubaev8845 5 ай бұрын
👍👍👍
@user-if5dt8hz3z
@user-if5dt8hz3z Ай бұрын
Улук мырза бар болун
@NIYAZBEK_TV
@NIYAZBEK_TV 8 ай бұрын
Ото соонун
@barataliev
@barataliev 8 ай бұрын
Ай азаматсыз үнүңүзгө комуз түшүп адамдын жүрөгүнө кирет укканда
@user-vu2el6rl7w
@user-vu2el6rl7w 7 ай бұрын
Уккан сайын эркин кучойтго 🔥
@user-ml2vv8qp5r
@user-ml2vv8qp5r 8 ай бұрын
Аллаа раазы болсун ❤
@AzimbekImamaliuulu-gf1kh
@AzimbekImamaliuulu-gf1kh 8 ай бұрын
Баракелде 👏👏👏
@user-mz8mx5sv2j
@user-mz8mx5sv2j 8 ай бұрын
Баракелде коп издедим го дагы бар бекен уландысы
@user-ih5yf4js7q
@user-ih5yf4js7q 19 күн бұрын
Неберелу болсом буйруса сейитбек койом
@user-ys6fo5dp3d
@user-ys6fo5dp3d 4 ай бұрын
Баракелде оноруно тазим Улукбек мен тушунбогон бир нерсе чаполон гененге тушунбой келем дастандарынды калтырбай угам
@user-nd3rm2ss8i
@user-nd3rm2ss8i 7 ай бұрын
Баракелде Улукбек! Оноруно таазим!
@user-km9ee5hc5v
@user-km9ee5hc5v 4 ай бұрын
👍👍
@user-kb8wv7tb7w
@user-kb8wv7tb7w 7 ай бұрын
Баракелди соз жок ишине ийгилик эң соонун кыргыз элинин тарыхы да бул
@user-js3fk3lb3z
@user-js3fk3lb3z 7 ай бұрын
🎉❤❤❤😘😘😘🇰🇬🇰🇬👍алга Улукбек иним
@Jake.645
@Jake.645 8 ай бұрын
Ен сонун!
@Salmorbek1
@Salmorbek1 8 ай бұрын
Азамат Улукбек! Толугу менен айтып бер эми.
@alibalibekbaykal
@alibalibekbaykal 8 ай бұрын
🇰🇿🇰🇬
@user-ip5uu5ek8c
@user-ip5uu5ek8c 6 ай бұрын
Талантынызга ийгилик бар болунуз дагы чыгарсаныздар соонун болмок
@tuke7878_
@tuke7878_ 8 ай бұрын
💯
@GhGh-xe1do
@GhGh-xe1do 6 ай бұрын
Узун чыгарчы сураныч кыска болуптур моокум кандай калды
@Esen_Alymbekov
@Esen_Alymbekov 8 ай бұрын
Ай Баракелдее-еее
@user-zz2rb9ff8g
@user-zz2rb9ff8g 8 ай бұрын
👍👍👍👍👍👍
@user-pe9kr3xx2n
@user-pe9kr3xx2n 8 ай бұрын
🇰🇬🇰🇬🇰🇬👏👏👏
@user-ih5yf4js7q
@user-ih5yf4js7q 19 күн бұрын
Эвропанын аттарын койобуз балдарыьызга
@Esen_Alymbekov
@Esen_Alymbekov 8 ай бұрын
🔥🔥🔥
@Esen_Alymbekov
@Esen_Alymbekov 8 ай бұрын
👏👏👏
@Esen_Alymbekov
@Esen_Alymbekov 8 ай бұрын
❤❤❤
@user-fd8gf5wd5v
@user-fd8gf5wd5v Ай бұрын
Ошондо телтору жаныбар канча асый болуп калат, Курманбек олуп баласы Сейитбек чонойуп эр жетгенге чейин
@jumgalbekov
@jumgalbekov 8 ай бұрын
Толук качан чыгат
@user-ih5yf4js7q
@user-ih5yf4js7q 19 күн бұрын
Кайран бабалар биз учун Жан беришкен экенда урпагым тынч жашашсын деп
@user-hc9hm8ez9n
@user-hc9hm8ez9n 8 ай бұрын
Салам алекум уландысын катан чыгарасын
@Ulukbek_Dastanchy
@Ulukbek_Dastanchy 8 ай бұрын
Алейкум салам. Уландысы жок окуя ушуну менен бүтөт.
@user-jn9yp6tj4k
@user-jn9yp6tj4k 8 ай бұрын
Братан толугу менен чыгарчы
@user-zx6bc6vj2v
@user-zx6bc6vj2v 4 ай бұрын
Долонду Шырдакбектин небереси олтурдулего
@user-jn9yp6tj4k
@user-jn9yp6tj4k 8 ай бұрын
Телтору ат олбой койду го
@user-gc2jv5sh6s
@user-gc2jv5sh6s 6 ай бұрын
Олбойле койсун
@cesetalas736
@cesetalas736 6 ай бұрын
Тел торуну олтургонго шашкан сен эмне калмактан калган акмактардансынго.😅😂😂
@user__gibg
@user__gibg 5 ай бұрын
Манас бой жетип Алтайдан Памир Алайга келип Нойгуттардын ханынын баласынан аккуланы сатып алат . Манастын биринчи ордосу Памирде болгону кеңири айтылган . Манастын аккуласы да Манас 53 жашында өлгөндө , аккуланы кытайлар мылтык менен атып өлтүргөнү эпосто айтылат .
@user-ys6fo5dp3d
@user-ys6fo5dp3d 4 ай бұрын
Оно руно тазим иним чаполон дегенди тушундурчу башым жетпеди сураныч
@user-ih5yf4js7q
@user-ih5yf4js7q 19 күн бұрын
Э кыргызым ойлонуп иш кылалы
@user-ih5yf4js7q
@user-ih5yf4js7q 19 күн бұрын
Ушу бабалардын аттарын бир которолу кандай дейсинер
@user-ih5yf4js7q
@user-ih5yf4js7q 19 күн бұрын
Атын
@user-ys6fo5dp3d
@user-ys6fo5dp3d 4 ай бұрын
Баракелде оноруно тазим Улукбек мен тушунбогон бир нерсе чаполон гененге тушунбой келем дастандарынды калтырбай угам
@Ulukbek_Dastanchy
@Ulukbek_Dastanchy 4 ай бұрын
Чаполоң деген басмайыл сыяктуу ат жабдыгына кирет.
Эр Эшим дастаны толугу менен. Улукбек дастанчы.
43:20
Улукбек Дастанчы
Рет қаралды 198 М.
Курманбек дастаны. эчким уга элек вариант. Улукбек дастанчы.
1:21:40
Homemade Professional Spy Trick To Unlock A Phone 🔍
00:55
Crafty Champions
Рет қаралды 57 МЛН
Универ. 10 лет спустя - ВСЕ СЕРИИ ПОДРЯД
9:04:59
Комедии 2023
Рет қаралды 2,7 МЛН
Арстанбектен алп саптар
8:47
БашTime
Рет қаралды 188 М.
Жаныш Байыш - эпосунан үзүндү | Тууганбай Абдиевдин аткаруусунда
18:48
УТРК Алтын казына - Борбордук архив
Рет қаралды 25 М.
Райымбек Нысанбек - Сүйдім аруды
3:39
Райымбек Нысанбек
Рет қаралды 67 М.
Serik Ibragimov - Сен келдің (mood video) 2024
3:19
Serik Ibragimov
Рет қаралды 654 М.
Janona
4:09
Release - Topic
Рет қаралды 433 М.
Say mo & QAISAR & ESKARA ЖАҢА ХИТ
2:23
Ескара Бейбітов
Рет қаралды 376 М.
Duman - Баяғыдай
3:24
Duman Marat
Рет қаралды 76 М.