Рет қаралды 3,165
Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй районунун жана Токмок шаарынын тургундары менен жолугушту.
Жыйында, жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан жеке көйгөйлөрүн, коомчулукта орун алган айрым мыйзам бузуучулуктар тууралуу айтышып, тийиштүү чара көрүп берүүнү сурашты. Башкы прокурор ар бир кайрылуу жоопсуз калбастыгын белгилеп, мыйзам чегинде чукул арада чаралар көрүлөөрүн убадалады.
"Кыргыз мамлекети десеңер бөлүнгөндү, трайбализмди, жердешчиликти токтотолу", - деп чакырды КР Генпрокурору Курманкул Зулушев.
Жолугушууга Чүй районун жана Токмок шаарынын 500гө жакын тургуну катышты.