Кыргызча минусовка караоке ЭСКИ ДОСТОР тексти менен

  Рет қаралды 45,981

Ыркесе

Ыркесе

Жыл бұрын

🎵 Асылбек Өзүбековдун "Эски досторго" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Ырчынын үнү жок (минусовка) варианты тексти менен.
🎤АЗИЗА / РОЗА ШАКИРОВА / АЙНУРА САЛАХИДИНОВА - Эски досторго ырынын үнү бар (плюс) варианты • АЗИЗА / РОЗА ШАКИРОВА ...
🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
#ыркесе #кыргызча_караоке #караоке_тексти_менен #karaoke_kg #yrkese
======================================================
Азиза
Роза Шакирова
Айнура Салахидинова
"Эски досторго"
Сөзү, обону: Асылбек Өзүбеков
===============================
Биз кайдабыз? Калдык топтолбой,
Тизгин деген бизди бош койбой.
Самасак да улам жаңыны,
Сагыныч бар эски достордой.
Самасак да улам жаңыны,
Сагыныч бар эски достордой.
Артта калган дүйнө жоктолбой,
Алып учат мезгил токтобой.
Бааласак да жаңы бакытты,
Баркка жетпес эски достордой.
Бааласак да жаңы бакытты,
Баркка жетпес эски достордой.
Арманы көп күнгө коштолбой,
Ар-кай жерде күйгөн от болбой.
Жалындайлы бүгүн чогулуп,
Табылбастыр эски достордой.
Жалындайлы бүгүн чогулуп,
Табылбастыр эски достордой.
Бала кезден жанды кошкондой,
Бар бололу таңды тоскондой.
Жардылык жок жаңы кылымга,
Байлыгым бар эски достордой.
Жардылык жок жаңы кылымга,
Байлыгым бар эски достордой.

Пікірлер: 11
@Yrkese
@Yrkese Жыл бұрын
🎵Асылбек Өзүбековдун "Эски досторго" ырынын караокеси тексти менен. ❤ Достор, ыр жактыбы? Кыргыз ырларын кенен жайылтууга каналга жардам бериңиз: 👍 ВИДЕОГО ЛАЙК БАСЫҢЫЗ! Бул каналдын өнүгүшүнө чоң түрткү берет! 📢 СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА ушул видеону БӨЛҮШҮҢҮЗ (ПОДЕЛИТЬСЯ кнопкасы)! 📝 КОММЕНТАРИЙ ЖАЗЫҢЫЗ же сунуш / суроо бериңиз - биз дайым жооп беребиз! ♫ ♫ ♫ ЫРКЕСЕ каналына жазылыңыз 💬 Кийинкиде кайсы ырдын караокеси чыгуусун каалайсыз? ✍ Комментарий калтырып, сунуш бериңиз! Аткарууга аракет кылабыз. Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
@kylycheshbaev2231
@kylycheshbaev2231 Жыл бұрын
Азаматсынар,бали
@user-sp4dj6io2j
@user-sp4dj6io2j Жыл бұрын
супер👍
@user-yr1cy9pu1y
@user-yr1cy9pu1y Жыл бұрын
Эн соонун.
@user-rf8zo3ho7z
@user-rf8zo3ho7z Жыл бұрын
Браво.👏👏👍
@user-pe6im1tq8e
@user-pe6im1tq8e Жыл бұрын
Молодцы!
@user-bz9xh9gp6l
@user-bz9xh9gp6l Жыл бұрын
Достор
@user-bz9xh9gp6l
@user-bz9xh9gp6l Жыл бұрын
М
@user-ot7wi3nx2w
@user-ot7wi3nx2w Жыл бұрын
Адашып кетпединерби 4 кун мурун чыгардынар эле бул ырды
@Yrkese
@Yrkese Жыл бұрын
плюс варианты чыккан, бул минус варианты :) Дароо чыгара албай калгам, иштер чыгып
@user-hf3qy1ny5w
@user-hf3qy1ny5w Жыл бұрын
Сонун👍
PINK STEERING STEERING CAR
00:31
Levsob
Рет қаралды 23 МЛН
Sigma Girl Past #funny #sigma #viral
00:20
CRAZY GREAPA
Рет қаралды 20 МЛН
"Ыр кесе" 2024жыл  СОКУЛУК
2:46
Alina
Рет қаралды 2,5 М.
Бакиевди алып келүү аракети күчтөнүп жатабы?
30:06
АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA
Рет қаралды 9 М.
Таалай элеси журок сыры караоке
3:30
Mashrapov Seyit
Рет қаралды 438 М.
Бек Борбиев - Татынакайым
4:31
БЕК БОРБИЕВ
Рет қаралды 45 М.
QANAY - Шынарым (Official Mood Video)
2:11
Qanay
Рет қаралды 122 М.
Duman - Баяғыдай
3:24
Duman Marat
Рет қаралды 60 М.
Saǵynamyn
2:13
Қанат Ерлан - Topic
Рет қаралды 2,2 МЛН
Қанат Ерлан - Сағынамын | Lyric Video
2:13
Қанат Ерлан
Рет қаралды 2 МЛН
6ELLUCCI - KOBELEK | ПРЕМЬЕРА (ТЕКСТ)
4:12
6ELLUCCI
Рет қаралды 707 М.
V $ X V PRiNCE - Не интересно
2:48
V S X V PRiNCE
Рет қаралды 486 М.