Рет қаралды 380,300
Голливуд актёрлору Жет Ли, Донни Йен, Жейсон Скотт Ли роль жараткан "Мулан" тасмасына кыргыз каскадёрлору Эрлан Жанышбек уулу менен Дамир Ашимов да тартылып келди. Алар бюджети 300 миллион долларды түзгөн масштабдуу долбоорго кантип катышып калгандыгы тууралуу SUPER TV`га айтып беришти.