Кыргыз тил маселеси / Назира Айтбекова / Эмиль Уметалиев / Улан Үсɵйүн / Жаратман Талкуу

  Рет қаралды 23,950

Jaratman Podcast

Jaratman Podcast

Күн бұрын

Арыбаңыздар, ардактуу замандаштар!
Бизде өзгөчө сонун жаңылык!!!
Өнүккөн өлкөлөрдө коомдогу талкуу маданияттын бир маанилүү бөлүгү болуп саналат, анда адамдар актуалдуу маселелерди талкуулап, чечимдерин издешет. Ошондуктан биз "Жаратман Талкуу" деп аталган подкастыбыздын жаңы форматын баштайбыз.
Бүгүнкү чыгарылышта биз өтө маанилүү темага - кыргыз тилинин биздин жашообуздагы ролу жана ордуна кайрылабыз. Тил - бул жөн гана байланыш каражаты эмес, бул биздин маданиятыбыздын, тарыхыбыздын жана иденттүүлүгүбүздүн негизи. Глобализация заманында, ал дүйнөнүн ар бир аспектисине таасир эткенде, улуттук тилдерди сактоо жана өнүктүрүү маселелери өзгөчө актуалдуу болуп калды.
Биз бүгүнкү талкууга кыргыз тилинин маанисин тереңдетүү жана анын келечегин кантип жакшыртууга болорун талкуулоо үчүн кыргыз тили үчүн абдан күйгөн замандаштырыбызды чакырдык - ишкер, коомдук ишмер, визионер Эмиль Уметалиев, белгилүү блогер, атактуу алып баруучу Назира Айтбекова, жана жарандык активист, ишкер Улан Усөйүн.
Сиздерден чоң өтүнүч жөн эле көрүп өтүп кетпей, бул видеонун шилтемеси менен бөлүшүп, лайктан жаадырып, пикир жазып, каналыбызга катталганды унутпаңыздар! Анда эмесе баштайлы!
Жаратманга салым кошуңуз:
M Bank +996500807040
O! Деньги +996500807040
OPTIMA BANK VISA 4169 5853 5854 1828
(Urmat Nasykulov)
00:00 Анонс
1:05 Тааныштыруу
3:37 Тил деген эмне?
6:18 Тилдин коммуникациядан тышкары ойногон ролу
9:20 Кыргыз тилинин азыркы абалы кандай?
14:11 Кайрылуу
16:12 Тенденция: орус тилдүүлөр көбөйүүдөбү же кыргыз тилдүүлөрбү?
21:33 Кыргыз тилинин өнүгүүсүнө басым жасалууда
25:15 Кыргыз тилин жаңыдан үйрөнүп жаткандарды мазактоо
31:28 Канткенде тилибизди үйрөтө алабыз?
34:34 Эне тилинде эркин сүйлөгөндөн кийин, сабаттуу жазуу керек
37:00 Муктаждык
40:07 Чектөө аркылуу тилди өнүктүрүү мүмкүнбү?
45:08 Тилди өнүктүрүү үчүн мамлекет катуураак мамиле кылыш керек
46:55 Тилди өнүктүрүүдө кимдердин жардамына муктажпыз?
52:14 Чектөөнүн ордуна кызыктыруу маанилүү
58:49 Кыргыз тилин кантип модага айлантабыз?
1:03:14 Тилдин өнүгүүсү биз каалагандай болуп жатабы?
1:08:00 Мыйзамдардардын иштөөсүнө көрүлгөн чара
1:09:29 Аша чабуу
1:12:42 Кыргыз тилинде сүйлөп гана коюу артыкчылык эмес
1:15:14 Тил үйрөнүүдөгү кадамдар
1:17:53 Мамлекетке салым кошуу
1:22:31 Чексиз талкуу
1:24:38Жыйынтыктоо

Пікірлер: 523
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 26 күн бұрын
✅Жаратманга салым кошуңуз: M Bank +996500807040 O! Деньги +996500807040 OPTIMA BANK VISA 4169 5853 5854 1828 (Urmat Nasykulov)
@matiew006
@matiew006 26 күн бұрын
Макул
@alikcaliev2008
@alikcaliev2008 25 күн бұрын
Хорошо
@user-qb7mw9hb1p
@user-qb7mw9hb1p 17 күн бұрын
Иди на
@Aktilek2003
@Aktilek2003 3 күн бұрын
Кичине жакшырак адамдарды же таанымал адамдарды чакырчы Ак калпагы кана элечеги кана келесолорду чакырбачы сураныч❤
@growing_and_learning_kgz
@growing_and_learning_kgz 26 күн бұрын
🇰🇬Кыргыз тилиндеги подкасттардын темасы, сапаты, коноктору күндөн-күнгө жакшырып бара жатат 📈. Жаратман, Накта, Заман, Ордо сыяктуу долбоорлордун жамаатына терең ыраазычылык. Келгиле, таза, адабий, көркөм кыргыз тилинде сүйлөйлү😊. Аллага аманат ✋
@Omur_abdykalykov
@Omur_abdykalykov 25 күн бұрын
Лидер анд гровинг
@growing_and_learning_kgz
@growing_and_learning_kgz 25 күн бұрын
@@Omur_abdykalykov 😅оңдоп койдум. маани бербеген экенмин, рахмат)
@ManasXan-he4qk
@ManasXan-he4qk 25 күн бұрын
Эн туура Ким орусча суйлосо кыргызча суйлоп жооп бериш керек
@ManasXan-he4qk
@ManasXan-he4qk 25 күн бұрын
Эн туураа 100 колдойбуз
@Aidai.Kyndoi
@Aidai.Kyndoi 25 күн бұрын
Сөзүнүздүн мааниси жакшы...диндин тиешеси жок жерге эле тыга бересиңерби... при чем тут...Алла аманат....
@user-dm6lq4tt5e
@user-dm6lq4tt5e 22 күн бұрын
Назираны колдойм.Элди ээрчиткен адамдар туура суйлоп,туура жаззуу керек.Анткени силер улгусунор!!!
@Timur-sd2dt
@Timur-sd2dt 25 күн бұрын
Назира Айтбекова чыныда азамат экенсиз азыркы биздин көйгөйүбүз кыргыз тилине муктаждык жаратуу. Ал муктаждык мамлекет тарабынан дагы болуш керек. Анан тиги экөөндөй болуп эркин болуш керек десек кырыз тилин эчким сүйлөбөйт баары орус тилин тандайт. Биринчи муктаждык болуш керек анан кыргыз тили камчы салдырбай эле кетет.
@Ton_Yokuk
@Ton_Yokuk 20 күн бұрын
Не дегениң бул? Бирөөнү зордуктап кыргызча сүйлөтө албайсың
@user-wk7sz7st2x
@user-wk7sz7st2x 14 күн бұрын
​@@Ton_Yokuk Көптөр зордоп деген сөздү зордуктап деп айтышат экен. Жөнөкөй эле эл эмес, жогорку трибунадагылардын да кээ биринен угуп калам. Зордоп - кыйнап, мажбурлап. Зордуктап - бирөөнү кыйноо жолу менен абийирин булгап коюу. (Изнасиловать)
@Marina-nv7gy
@Marina-nv7gy 26 күн бұрын
Тилге байланыштуу чыгарылыштар көп болсо экен. Туура! Сабаттуу сүйлөшүбүз керек, сабаттуу жазышыбыз керек. Ойду туура жеткизүү үчүн , созулма тамгалар болобу, башкасыбы, чекит,үтүр ,кош чекит,тырмакча ж.б өтө маанилүү.
@user-gs5rr9lk8w
@user-gs5rr9lk8w 21 күн бұрын
👏👏👏👏👏
@nssgeneral3694
@nssgeneral3694 15 күн бұрын
Эн туура !!!
@user-jb8qu8ep4u
@user-jb8qu8ep4u 26 күн бұрын
Ар бир кыргызмын деген адам өзүнөн баштаса жана үй бүлөсү менен кыргыз тилинде баарлашса деп ойлойм. Ошондо кыргыз тилине салым кошот деген ойдомун. Сонун теманы көтөрүп чыктыңар 👏👏👏
@user-lw6rl9zp6e
@user-lw6rl9zp6e 26 күн бұрын
Назира туура айтып жатат сабатту да болуш керек, оюбузду да туура жазып , туура билдирип жеткизгенди да уйронолу
@aiganyshbolotbekkyzy912
@aiganyshbolotbekkyzy912 23 күн бұрын
Сабаттуу, үйрөнөлү😂
@Asylkan1921
@Asylkan1921 26 күн бұрын
Урмат жаратман мекендешибиз, эң сонун теманы ортого койуп талкууга алганы абдан кубандырган иш. Алакандай кыргыз элим, ата бабадан калган мурас тилибизди барктайлы, келечек муунга татыктуу өткөрүп бергенге аракет кылалы. Керемет эне тилибиздин өнүгүүсүнө ар бирибиз салымыбызды кошолу. Тилибиз бар, рухубуз, маданиятыбыз, мамлекетибиз бар. Кыргыз тилибиз менен сыймыктаналы. Сыймыктануу сезими кереметтерди жаратат.
@user-fm1sx6yp7g
@user-fm1sx6yp7g 26 күн бұрын
Жаштардын тил маселесин көтөрүп жатканы кубандырат🙏 Тил бар демек, кыргыз бар! Азаматсыңар! Подкастыңарга ыраазычылык айтабыз🙏
@aizadaturganbaeva
@aizadaturganbaeva 25 күн бұрын
Кыргыз тил - эне тилибизге тиешелүү жакшы талкуу башталган экен. Бул өтө кырдуу маселе, мисалы, менин жолдошум Ито Хиронори - лингвист-окумуштуу жана бул көйгөй маселенин канча ысык-суугуна киргенин айтып бере алат эле. Ал эми менин 3 жапон баламдын кыргыз тилинде сүйлөгөңү - бул эненин сүтү менен берилген балдарыма баалуулук. Баарыбыз өзүбүздөн дегендей, кыргыз тилге кылган мамиле өзүбүздөн башталат.
@user-gp1yu4yc2r
@user-gp1yu4yc2r 25 күн бұрын
Назиранын оюна кошулам, азаматсын. 👏👏👏
@user-un2jt6wr9k
@user-un2jt6wr9k 26 күн бұрын
Тил-бул улуттар ортосундагы суйлошууго эн сонун курал,канчалык коп тил билсен дуйно тааным кенен болот. Албетте эне тил биринчи орунда болуу керек. Тилин жоготкон дилин,улутун,каада салтын эн коркунучтуу мамлекеттин жок болуусуна алып келиши мумкун. Кыргыз тилин жоготуудан сактануу керек.
@aizatkass4305
@aizatkass4305 25 күн бұрын
Назира туура айтып жатат сабатту да болуш кереk👍👍👍👍👍
@user-rl5ck9bf4w
@user-rl5ck9bf4w 11 күн бұрын
У
@syrgakparpiev4322
@syrgakparpiev4322 26 күн бұрын
Азаматсыңар жакшы долбоор болуптур! Тил аркылуу бизди орустар туура эмес түшүнүктөрдү калыптандырган экен , албетте туура жакшы жагы да болгон. Бирок биз тилди азыр өнүктүрбөсөк , 5 жылдан кийин биз күтпөгөн коркунучтарды ачык ар бир үй- бүлөдөн көрө алабыз🇰🇬🤲.
@mixlab7243
@mixlab7243 26 күн бұрын
Кыргыз тилинин душманы кыргыздар эле, үйүндө балдарына орусча сүйлөйт, балдары да орус болуп калган, банкоматтан орусчаны тандайт, анан эле башка улуттарга асылып калабыз. Алар үчүн кыргыз эне тили эмес, аларга баары бир, болгону биз сүйлөсөк алар да сүйлөмөк.
@user-kz6jl7yk2q
@user-kz6jl7yk2q 25 күн бұрын
Ооба биз урушкандан,кыйынмын,кетсин деген уруш -талаштан биз тажадык.Кыргыз ,тил ,экономика ,билим ,ан -сезимибиз,динибиз өнүгүп өссө экен.Ийгилик каалайм Жаратман.Мекен үчүн ушундай чыгарылыштарды кутуп калабыз❤
@user-ss9zk8zm2s
@user-ss9zk8zm2s 24 күн бұрын
Биз Кыргызстанда жашап жатып, кыргыз тилин коргоп жатабыз, ошол эле кыргызардан, ал эми кээ бир улуттар өз тилин башка мамлекеттердин, башка улуттун арасында жайылтуунун, өнүктүрүүнүн үстүндө. Бул глобалдашуу мезгилинде артта калып, көңүл бурулбай, өнүкпөй калган тилибиздин тагдырына көңүл буруп, подкаст жасаптырсыздар сиздерге чоң рахмат! Жаратман чоң рахмат, сиздерге!
@sanasanova7405
@sanasanova7405 23 күн бұрын
Кыргызча туура жазыш керек, туура суйлош керек. Уланга окшоп кыргыз тилди байытам, озубуз каалагандай суйлой берели деген тилдер азыр озбек, казак, турк, туркмон бурят, хакас жб тилдер болуп калган. Биздин тилибиз МАНАСыбыз бар учун унгусу сакталып келе жатат. 11классты бекер окуштубу.Туура жазууну 4- класска чейин эле оздоштурулгон нере болуш керек. Соз берип койсо Улан доодурогон ойлорду токтот. Назира туура айтат сапатка отуш керек. 11-классты бутуп алып,оздорунун атын туура жаза албагандар, сага окшоп озум каалагандай деп отуруп министерстводо иштегени учун, Кыргызстан онукпой келе берген. Сапаттуулукка отуш керек!!!
@zarinam_k
@zarinam_k 26 күн бұрын
Түндүк, түштүк, батыш, чыгыш деп бөлүнбөй бир бүтүндүккө келсек жакшы болмок. Эгемендүү өлкөбүз бар, биз ушуну да баалабай жатабызда азыр. Сөзсүз эле сырттан бир чоң күч келип басынтса анан биригишибиз керекпи? Тажиктер кол салганда баарыбыз Баткеним деп боорубуз ооруду, анан эле баткенче диалект мн сүйлөсө басынтып кыргыз тилинде мындай сөз жок деп жатабыз. Кандай учур болбосун бири-бирибизди биритирүүчү себеп таап, колдойлу. Негизи диалект мн кыргыз тилин байытсак болот. Болгону айтаарым сындаганга караганда, көбүрөөк түшүнгөнгө аракет кылалы.
@user-ed3kv2lt6p
@user-ed3kv2lt6p 24 күн бұрын
Кыргыз тили өнүгүү үчүн эмне кыла алам? деген суроо менен ар бирибиз ойлонсок. Кичинеден кадам таштаган болсок. Алга жылабыз. Үй бүлө кичинекей мамлекет, ошол жактан дагы баштоо керек.
@kutmandzhanaliev5984
@kutmandzhanaliev5984 26 күн бұрын
Ушундай формат абдан жагат! Ойдун көп түрдүүлүгү болгону абдан пайдалуу! Ишиңерге ийгилик каалайм жаратмандар!!!!
@user-zj1cw1xh9j
@user-zj1cw1xh9j 25 күн бұрын
Назира ен сонун айым мырзалардын кыйалындагы айым . Хит парата деле кыргыз тилин талабын тартып келген. Салымы чон.
@user-bq6zk6ow8k
@user-bq6zk6ow8k 26 күн бұрын
Назира дагы осуш керек экен
@scorpioantares1049
@scorpioantares1049 26 күн бұрын
...Айбек туураэмес суйлоду, грамматиканы билиш керек, кыргыз тилин жогоркуу дэнгеелге которушкерек!💪🇰🇬🌅
@Akyl-fh7jr
@Akyl-fh7jr 25 күн бұрын
Сен туура жазганды уйрончу биринчи макулбу
@user-sn5py1fm6e
@user-sn5py1fm6e 14 күн бұрын
​@@Akyl-fh7jrдушнила
@user-rl5ck9bf4w
@user-rl5ck9bf4w 11 күн бұрын
Тууганым өзүңдө грамматика ката экенго оңдо 👍
@munarasimsek2489
@munarasimsek2489 26 күн бұрын
Акыркы жылдардын эң чоң көйгөйдү көтөрдүңөр чоң рахмат.
@ZHYRGALBEK.Karash
@ZHYRGALBEK.Karash 24 күн бұрын
Көпчүлүк уга турган Көөдөнгө жуга турган мыкты маек болуптур томуктай сөзгө тоодой ойду батырган Эмил Үмет агабыз Чынында акылман киши экен Назира жарык кыз Улан Үсөүн экөө тең мыкты улан кыздар Урмат Насыкулов сизге да ийгилик , жамаатыңар менен эмгектене бериңиздер ийгилигиңер жемиштүү болсун.
@aisuluuorozalikyzy9013
@aisuluuorozalikyzy9013 23 күн бұрын
Назиранын гана сүйлөгөнүн сонун болуптур
@user-fu1mu3ou4m
@user-fu1mu3ou4m 26 күн бұрын
Кыргыз тил маселесин ушинтип байма бай чыгарып туруш керек , азаматсыңар,антпесе кыргыз тили жоголсо ,кыргыз деген улут жоголуп кетүүсү мүмкүн.Анан Улан мырзанын айтканы кичине туура эмес болуп калды,жазганда ар бир кыргыз жараны туура жазганга аракет кылыш керек,мисалы ооба деген сөздү көпчүлүгү оа деп жазып коюшат,бул туура эмес да аны аны бирөө көрүп дагы ошентип туура эмес сөздөр жазылып кете берет да ,сабатсыз жаштар пайда болот
@cjjj6990
@cjjj6990 19 күн бұрын
Назира туура айтып жатасыз. Эркиндик берип койсо бирибиз орусча, бирибиз англисче, бирибиз арапча сүйлөп кетебиз.
@akunakunov2563
@akunakunov2563 26 күн бұрын
Азаматсынар Жаратман командасы барган сайын сапатынар артып баратат. Айрыкча тил маселеси ото актуалдуу ушул темада кобуроок талкууларды алып чыккыла. Ишинерге ийгилик. Голливуд тасмаларын кыргызча суйлотуу боюнча кандай иштер жасалып жатат ошолор жонундо да билгибиз келет. Алдын ала рахмат
@user-yl3xp4lu7c
@user-yl3xp4lu7c 26 күн бұрын
Аябай аз талкуу болуп калыптыр. Жаратман жаны долбоорунар кут болсун. Мыкты тема, чакырылган коноктор да эн мыкты. Назира эженин айтканына кошулам (туура жазыш керек дегени) Улан айтканыда (диалектти болбош керек) Бул теманы дагы улантуунарды сунуштайм
@user-kl2th5ri7o
@user-kl2th5ri7o 26 күн бұрын
Назира айым туура айтты, жамандын уйун коногу бийлейт, болдук 100жыл,эми ойгонуу учуру келди, чечкиндуу кадамдарды таштоо гана керек, жакшы болуу аста аста, баардык жакшы ниеттерди Аллахым колдосун, оомиин
@user-ib8mn8cp3r
@user-ib8mn8cp3r 25 күн бұрын
Назира аябай жакшы суйлопсун,Мен ойлочу элем,бул Назира арбалани эле суйлой берет деп. Назира,Орозайымга дагы,ушундай тушунук жана кичине болсо да,тарбия берип койгун.
@kyrgyz3719
@kyrgyz3719 26 күн бұрын
Биз Кыргыз эли башка улуттарга караганда жазууга кеч өткөнбүз биздин тарых биздин маданият тилден тилге өтүп келген эпостор менен ырлар менен эгер биз тилибизди жоготсок анда улуттуулугубузду жоготобуз
@jazgulberdalieva
@jazgulberdalieva 52 секунд бұрын
Кыргыз тили буйурса онугуп келе жатат. Ар бирибиз салфм кошолу. Жакшы беруу болуптур.
@user-ey9ky9vh6w
@user-ey9ky9vh6w 9 күн бұрын
Сонун талкуу болуптур. Кыргыз тилинин өнүгүшүнө мамлекеттик деңгээлдеги дагы, эркин чыгармачыл жарандардын да аракеттер сөзсүз керек. Тилибиздин келечеги бийик болушу үчүн, окуу системасы жаңыланыш керек. Андан тышкары ар бир кыргызга күйгөн жаратман инсандын өзгөчө камкордугуна тилибиз муктаж.
@AmankulZholdoshov
@AmankulZholdoshov 23 күн бұрын
Элди эл кылган тил . Эң сонун теманы козгоп жатасыңар , ушундай берүүлөрдү тез тез чыгарып турсаңар жакшы болот . Кыргыз тилчилерди көбүрөөк тарткыла .
@user-ih8if5jd9q
@user-ih8if5jd9q 24 күн бұрын
Кыргыз тилинге, ыйман жондо сабак кошсок, кудай та'алам колдойт ошондо кана ийгиликтуу болот.
@user-nt5tx7si9m
@user-nt5tx7si9m 25 күн бұрын
Альбетте колдойбуз кыргыз тилин онуктурушубуз керек
@user-vx2wd2qt6y
@user-vx2wd2qt6y 25 күн бұрын
Албетте
@lorihardly9350
@lorihardly9350 25 күн бұрын
Кыргыз тилинин өнүгүшүнө, сакталып калышына канча деген мыкты инсандарыбыздын салымы чоң болгонун унутпай жүрөлү. Ошолордун жолун жолдоп сиздердин да жасап жаткан эмгегиңиздер эң чоң салым кошот деп ишенем. Тилибизди танбай, чанбай тескерисинче барктап баалап өнүктүрөлү. Бул темага көңүл буруп ,эфир уюштуруп бергениңиздерге чоң ыраазычылык билдирем!
@user-sl5xz1dc7y
@user-sl5xz1dc7y 23 күн бұрын
Ийгилик Кыргызстаныбызда кыргыз тили онуксун
@b.ergesh3718
@b.ergesh3718 24 күн бұрын
Азыркы учурдун аябай курч маселеси, балдарыбыз орусташып кетти 😢
@user-fb1qo8lg3p
@user-fb1qo8lg3p 25 күн бұрын
Баракелде дегим келет,, Кыргыз тили онуксун осун демекчибиз,,, эртенкиге калтырба бугундон баштап салымыбызды кошолу кыргыз тилине,,,😊🎉
@asemkuljaichibekova6427
@asemkuljaichibekova6427 25 күн бұрын
Мен 100% Жаратмандын максатын кош колдоп колдойм😊 Сүйүнөм өзүмдүн өлкөмдө тартынбай киргиздер мага орусча сүйлөсө,мен атайын аларга кыргыз тилинде сурайм же кыргызча жооп берем.Ошого сүйүнөм анткени алар айла жок кыргызча жооп берүүгө аргасыз болушат.Өзүм орус тилчи болсом дагы алар менен орусча сүйлөгүм келбейт.Анткени алар орус эмес да.Ал эми орустарга албетте орусча жооп берем. Бул дагы буйруса убактылуу чыгаар,бир мезгилде орустар да кыргызча үйрөнүүгө мажбур болушаар. Эң башкысы өзүбүз бири бирибиз менен кыргыз тилинде баарлашуубуз керек🙂🤲🙂 Жана өз тилимде таза сүйлөп,англис жана башка тилдерди да балдарга үйрөтүүбүз керек.
@user-ot4xn3ih4d
@user-ot4xn3ih4d 23 күн бұрын
Тил жөн эле бир мүчө деп түшүнбө, Бороон, жалын, өртү да бар ичинде. Кызыл тилден шекер тамат, бал тамат. Кызыл тилден сунган кылыч жалтанат. Эрнис Турсунов.
@asel2908
@asel2908 25 күн бұрын
Казактар бардык жерде өзүнүн тилинде сүйлөшөт, Орусиянын телеберүүлөрүндө да өз тилинде тамаша коюп жатышат. Бири -бирибиз менен так кыргызча сүйлөшсөк сонун болот. Мен Москвада өзбек, азербайжан, түрк улутундагыларга кыргызча сүйлөйм анткени алар менен тилибиз окшош, түшүнүшөт. Жайылта берсек, өзүбүз сыйлап, сүйлөсөк унутулбайт. Мен азыр керек болсо кыргызча сөздү орус тамга менен жазганга колум барбайт. Ар бирибиз өзүбүздөн баштасак болот❤
@gulzatgulzat7566
@gulzatgulzat7566 14 күн бұрын
Назира айым туптуура сүйлөп жатат, ката жазгандарды көрсөм менин да кыжырым келет, себеби ар бир адам сабаттуу жазганга аракет жасаш керек. Бул сабаттуулук мектептен баштап талап кылынат. Мына мен бүгүн эле орфографиялык эрежелер тууралуу сабак өттүм, баарын кайталадык, себеби июнда мамлекеттик сынакта жат жазуу жазышат, ал жакта биз сабаттуулукту текшерип баалайбыз. Баарыбыз сабаттуу бололу! Адабий тилде баарлашалы!
@aliya_sabyr
@aliya_sabyr 26 күн бұрын
Азаматсыздар, бара келди! Сонун талкуу болуптур👍🏻🇰🇬
@user-uz9wb1jd1d
@user-uz9wb1jd1d 21 күн бұрын
Назира айым кайчы пикир айткан жок, деп ойлом. Тай-тайлап ката жаза бербей, чонойуп сабаттуу жазганга уйронолу деп жатат, НАЗИРА АЗАМАТ!!! ❤
@kumarmairambekov8909
@kumarmairambekov8909 23 күн бұрын
Назира айым туура айтты Кыргыз кыргыз тилин билууго милдеттуу сабаттуу болуш керек создорду туура жаза билиш керек бири бирин ондогону туура Болгону катасын сылык-сыпаа айтканды жана кабыл алганды билели. Анан дагы жаны создор ансыз деле колдонулат кооноргон создорду колдонолу кобуроок.
@user-uq7uf5vs3s
@user-uq7uf5vs3s 25 күн бұрын
Кыргыз тили эмнеге кенири колдонулбайт деген проблеманы чечиш керек ! Значит , эмне себептен дегенди табышыбыз керек ! ?
@baktygulergeshova2091
@baktygulergeshova2091 25 күн бұрын
Негизгиси ойду туура жеткизе билуу , деп эле ката жаза берген да туура эмес деп ойлойм. Кыргыз тилинде туура жазганды жаш кезден уйротуу керек, антпесе кийин ал адамга ката жазуу адат болуп калат. Назиранын создоруно толугу менен кошулам.
@user-zx2hi6sb7o
@user-zx2hi6sb7o 25 күн бұрын
Назира туура айтат,сабаттуу жазуу керек.
@user-tm5py4sl6u
@user-tm5py4sl6u 22 күн бұрын
Эң сонун маек болуптур. Бала бакчадан баштап, мектептеги орус тилдүү башталгыч класстарынын китептерин, анын методикасын өзгөртмөйүнчө кыргыз тилинде тилдери такыр чыкпайт. Программа туура эмес түзүлгөн, оозеки тилди чыгара турган маанилүү, керектүү темалар камтылбай калган. Көп китептер апробация болбой, талкууга салынбагандыктан, мугалимди, окуучуну кыйнап келет. Мыкты китептерге, методикаларга колдоо болуш керек!
@user-ud6ue1uu6l
@user-ud6ue1uu6l 24 күн бұрын
Аябай жакшы коноктор экен. Акыркы кезде Эмил Уметти кызыгуу менен укчу болдум. Бул адамда ото жонокойлук, сабаттуулук, баамдуулук, намыскойлук сезилип турат. Озунун тилин жериген адам кул муноз, саткын болот, башкаларга оной эле жугунуп турат, ал адамдын баалуулугу жок! Канча коп тил билсек, ошончолук артыкчылыкка ээ болобуз, бирок эне тилибиз биринчи орунда болуу керек!
@talantbekdyikanbaev5318
@talantbekdyikanbaev5318 25 күн бұрын
Аябай маанилүү, биздин Кыргыз тилибиз жөнүндө талкуу болуп жаткандыгы мени кубандырып жатат, менде да кыжалатчылык болуп жүргөн, тилибиздин барган сайын жоголуп бара жатканы, бүгүнкү күндө ,бул өтө чоң көйгөй болуп жатат, жалпы элибиз, тилибизди коргош керек жана колдош керек, азыркы тилибиздин көйгөйүн. Кыргыз тилин өнүктүрүү, сактап калуу жөнүндө законубуз бар,ошону колдонуп,бала - бакчадан баштап, мектептен баштап, окуу жайларда да, биздин Кыргыз тилибизди программаларда окутуп, үйрөтүп,талап кылсак, кыргыз тилинде сүйлөгөндөргө айлык акыны көбүрөөк төлөсө, маанилүүлүгүн көтөрсө, элдер урматтап үйрөнө баштамак.
@user-ig9ln5tw2w
@user-ig9ln5tw2w 25 күн бұрын
Кыргыз тил жоголсо эл жоголот, ошого баратабыз!
@user-dz4ho9ws4o
@user-dz4ho9ws4o 25 күн бұрын
Азаматсыңар Жаратмандар👏👍 ушундай подкастар кобурөөк болсо, акырындап Кыргыз тили онугот🙌 бирок таза кыргызча суйлогонго, катасыз жазганга уйронолу. Ээң негизгиси тилибизди суйөлу, барктайлы жана баалайлы! 🇰🇬 Ар бир ата-эне баласына өз ЭНЕ тилин уйротуусу Улутка кошкон салымы жана милдети! Мульфильм, телефон ж.б. жон гана шылтоо деп тушунөм. Бала менен суйлошпойт, эптеп эле тынч отурсун деп тел карматат, же менин балам орусча суйлойт деп озунчо ойдо сезеби билбейм☺️ Коп тилди билели, бирок эне тилибизде суйлогонго, туура жазганга милдеттуубуз деп ойлойм. Кыргыз элим, тилим онүксүн! 🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@user-tx5zp5wn2k
@user-tx5zp5wn2k 26 күн бұрын
Сонун теманы көтөрүптүрсүңөр, жаратмандар!
@user-qw1ul8ci8v
@user-qw1ul8ci8v 26 күн бұрын
Чон Рахмат ушундай көйгөйлөрду көтөргөнуңөрго
@user-lu8et5lb6o
@user-lu8et5lb6o 24 күн бұрын
Назира айым негизи туура айтып жатат жана аны менен эч ким талашкан жок, жөн гана мырзалардын ой пикирин толук кандуу түшүнбөй калды. Эмоциядан алыс болуу туура го деймин, агабыз аягында туура айтты, талкуулоо сабыр менен деп... Мен мурун болуп өткөн окуяларда, конфликт учурларында ар дайым эжемдин тарабында болчум, бирок бүгүн, мен ойлоп калдым, балким эжебиз деле каталык кылып койду окшойт деп. Бирок кандай болсо дагы терең сыйлайбыз жана урматтайбыз🙏 Жаратмандын жаратмандарына дагы терең ыраазычылык билдирем, мекенибизден алыс жүрсөк дагы, сиздерди угуп катуу кыялдарга батабыз жана сиздей адамдар бар болгону үчүн, биздин мамлекетибиздин келечеги зор экендигине шек жаратпайт🇰🇬🫶
@user-bq6zk6ow8k
@user-bq6zk6ow8k 26 күн бұрын
Айжан Акылбекова менен Назира экөөнү чоогу чакыргылачы.Тил же салт,же дин жөнүндө маек болсун!
@freedom.freedom
@freedom.freedom 24 күн бұрын
Ооба чакырышса жакшы болмок
@nunuch9981
@nunuch9981 22 күн бұрын
Айжан Акылбекованын да балдары бир гана орусча сүйлөшөт, элге акыл үйрөткөн менен, балдарын кыргызча сүйлөтө албаптыр..
@freedom.freedom
@freedom.freedom 22 күн бұрын
@@nunuch9981 ушу атеисттер ислам десе эле жүрөгүңөр түшүп турат, бул жерде анын балдарынын эмне тиешеси бар,кыргызча билбесе да нарктуу өсүп келе жатышат
@user-bq6zk6ow8k
@user-bq6zk6ow8k 22 күн бұрын
@@nunuch9981 причем тут балдары
@user-bq6zk6ow8k
@user-bq6zk6ow8k 22 күн бұрын
Ал тилчи эмес,ал жон гана мусулман аял жана дин таанучу
@user-kj8ss8ev9o
@user-kj8ss8ev9o 26 күн бұрын
Подкасттын рубрикаларын үзбөй көрүүгө аракет кылып угуп келемин буюрса,Кыргызстанда ушундай ийгиликтүү,перспективдүү,жаратуучу,акылдуу жаштарыбыз көп экенине сүйүнүчүм артып,жакшы келечегибизге үмүтүм чоң!!!
@user-uw7xy6yp8q
@user-uw7xy6yp8q 25 күн бұрын
Кыргызбай деп шылдыңдаган Беллажио ыстакандары бир аз табитти бузду.Бирок сонун маек өзгөчө Эмиль Мырза сизди угуу бир башкача сезим❤ Дагы бир көрүнүш,жумушка орношоордо,талаптары кыргыз тилин билүү артыкчылык деген.Демек,кыргыз тилин өнүктүрүү, билүү өзүнчө бир агым келе атат.
@user-uo7cp4ff4i
@user-uo7cp4ff4i 21 күн бұрын
Жигиттерге уят эле, Назира азаматсыз ❤
@user-hz5bo5fm7w
@user-hz5bo5fm7w 26 күн бұрын
Назира туура айтты,сабаттуу болуш керек,грамматиканы кошо алыш керек,такыр эле бардак болуп кетти ансыз деле.
@user-rl5ck9bf4w
@user-rl5ck9bf4w 11 күн бұрын
👍 еле, екен, ертен, ене деп жазып калышыптыр тобо э эмес эле
@user-fp4ey9sz5f
@user-fp4ey9sz5f 26 күн бұрын
Назира басымга каршы туруш керек, латын тамга керек бизге
@user-ch4gw9yb3e
@user-ch4gw9yb3e 25 күн бұрын
Ар бирибиз кыргызча суйлоону талап кылуубуз керек
@dianajantaeva715
@dianajantaeva715 19 күн бұрын
Мен дагы ойлойм Кыргызстанда эн биринчи көйгөй бул тил маселеси ,себеби өзүбүздүн жерде жүрүп өзүбүз Кыргызча сүйлөбой балдарыбызга Кыргызча үйрөтпөй жатабыз
@islamkerimbekov5803
@islamkerimbekov5803 26 күн бұрын
Аябай көпкө жок болуп кеттиңерго, сагындырып 😅
@user-ce5yh1le2x
@user-ce5yh1le2x 22 күн бұрын
Эмил байке мени аябай суктандырды! Тилинин байлыгы, оюнун кенендиги, мекенчилдик менен.Көп окуган адам экендиги , билимдүүлүүгү таң калтырат.Таазим менен ыраазычылык билдирем.
@user-yg4gj4fz7u
@user-yg4gj4fz7u 22 күн бұрын
Ишиңиздерге ийгилик 🤲 Эмиль Уметалиев агай өтө сонун пикирлерди айтты.
@asemkuljaichibekova6427
@asemkuljaichibekova6427 25 күн бұрын
Кандай сонун пикирлер азаматсыңар Жаратмандын катышуучулары,силердин айткандар эң туура 👍🇰🇬👍
@user-tj5mp1ud1s
@user-tj5mp1ud1s 26 күн бұрын
Мне кажется, для более глубокого понимания языка важно обращаться к профессионалам, таким как лингвисты и историки, которые специализируются на этой теме и изучают язык как объект исследования. Хотя обсуждение с общественными деятелями также полезно, я предпочитаю услышать мнения специалистов.
@scorpioantares1049
@scorpioantares1049 26 күн бұрын
...Колдойм! ✊
@user-nn2dz7ou5n
@user-nn2dz7ou5n 22 күн бұрын
Мен сиздерди колдойм. Кыргыз тилибиз өнүксүн.
@yrys4979
@yrys4979 24 күн бұрын
Жаратманды жараткандарга ыраазычылык билдирем.
@umsunaiabdrazakova
@umsunaiabdrazakova 26 күн бұрын
Эң сонун талкуу болуптур, жазалоо аркылуу биз өнүгө албайбыз👍 Эмил агай менен Уланды чексиз уккуң келет го…
@user-hv5pk2jj6v
@user-hv5pk2jj6v 26 күн бұрын
Назира айым азаматсыз
@user-ITALIA.K.A.N.A.L.Y.
@user-ITALIA.K.A.N.A.L.Y. 23 күн бұрын
Улан Үсөйүн туура айтат, маанисин талкуулабай ЧУКУЛАНЫП отургандар бар.Дуйно жузундо граматика эң кыйын сабак.
@user-kl2th5ri7o
@user-kl2th5ri7o 26 күн бұрын
Казак менен Озбек туугандар орус же башка тилдеги создорду оздорунун тилинде эле жазышат, айтышат, м, Орунбар, Орусия, Маскоо ж, б, деп эле жазышат, айтышат, эч бири сындабайт, ал эми бизде грамматикага ото конул коюп орустардыкындай жазууну талап кылабыз, албетте сабаттуулук керек, бирок, элдин бардык катмары учун эмес, ал эми диалектиканы жээрибей соз байлыгыбызга кошуп кенейтишибиз керек, Ч, Айтматов дагы ушул ойду айткан жана колдонгон, канчалык соз куржунубуз бай болсо ошончо жакшы албетте, Манастагы же башка эски чыгармалардагы унутулуп бараткан создорду кайрадан колдууга кийирсек эн сонун болмок, ишинерге ийгилик, мырзалар дагы дагы жакшы подкасттарды чыгара бергиле
@Nakta_press
@Nakta_press 24 күн бұрын
Назира эже туура айтат
@amanbegaliev6889
@amanbegaliev6889 22 күн бұрын
Жакшы тема болуптур ,бирок бул жерде Назира туура айтып жатат.
@user-fv6nl3tf2k
@user-fv6nl3tf2k 24 күн бұрын
Денем дуркуроп кордум баштан аяк,рахмат чооооон, ыраазычылык силердин команданарга, келген конокторго,абдан ойлонто турган,ойгото турган талкуу болуптур, бутпосо экен деп олтурсак бутуп калды
@jodarsaidilkanov8812
@jodarsaidilkanov8812 26 күн бұрын
Коноктор да маселе да укмуш экен! Азаматсын Урмат Мырза!
@chyngyzmederbekov5640
@chyngyzmederbekov5640 26 күн бұрын
Азаматсың Урмат, конокторго ырахмат, абдан маанилүү, жемиштүү талкуу болду!
@zhiidegultemirchieva3116
@zhiidegultemirchieva3116 23 күн бұрын
Сонун чыгарылыш, ийгилик каалайм, негизи баштан баштап кыргызча сүйлөп кыргызча окуп жүргөндөр туура жана так сүйлөп жазганды да билишибиз керек, ал эми орусчалыш болуп жүрүп кыргызча жазып сүйлөп баштагандарга шык берип мактап жактап колдошубуз керек, андан кийин бара бара туура так жазганды, сүйлөгөндү үйрөнүп алышат.
@erkingulmametzhuma8084
@erkingulmametzhuma8084 21 күн бұрын
иий жыргап гана намьян откруп кайра кайра уктум. Керемет эльиз чабытыбыз кенен, тоодой бийиктикти камтыган
@user-ss6dt1to8g
@user-ss6dt1to8g 24 күн бұрын
Кыргыз тилинде көбүрөк подкастарды , чыгарып тургулачы, сонун мага жакты ❤
@cjjj6990
@cjjj6990 19 күн бұрын
Анан дагы бир айта турчу нерсе, сабаттуу жазышыбыз керек. Чет элдик жарандар ката жазышса макул, бирок кантип кыргыз болуп туруп кыргызча жазганга аракет кылбайбыз.
@aselasel2223
@aselasel2223 25 күн бұрын
Керемет керемет ..❤❤❤..Назира азаматсын ..Жаратман командасына данк!!!...
@molmoladylbek6454
@molmoladylbek6454 23 күн бұрын
10 000 просмотр экен бирок 1000 да жетбеген лайк. Окунучтуу. Келгиле достор 1 секунд убактыбызды аябайлы, жаратмандарыбызга лайк коюп комментария жазып колдоо корсотолу
@jarkynisaeva4909
@jarkynisaeva4909 25 күн бұрын
Кыргыз тили сонун!💯
@ASIAPROKG
@ASIAPROKG 23 күн бұрын
Азаматсынар ээн койгойлу суроону которуп чыктынар. Биз ар дайым комоктошобуз. Ишинерге ийгилик
@user-ss9zk8zm2s
@user-ss9zk8zm2s 24 күн бұрын
Урмат, сага бул подкасты жасоо аябай жыргал, кызыктуу болуптур деп калдым. Мындай кызыктуу адамдар менен отурган сага ичим күйдү
@erkingulmametzhuma8084
@erkingulmametzhuma8084 26 күн бұрын
Көптөн күтүп жатсам сонун жаңыруу менен жардыңар. Абдан таасирдүү олуттуу маек болуптур. Азаматсыздар, бар болгула 🎉
@user-wt1eo1cc4p
@user-wt1eo1cc4p 21 күн бұрын
Кыргыздар жоголуп Киргиздер кобойуп баратат, больницага барба, банкка барба, дукондорго барба, ашканага кирбе, оюн зоокко барба, жада калса кочодо баары орусча суйлошот. Кыргызча суйлогон адамдар аз ото.
@user-qe8ii2bk7g
@user-qe8ii2bk7g 24 күн бұрын
Мен өзүм англис тилчимин, бизде баары топ денгээлде анткени Американын элчилиги көп жардам кылып колдоп, стажировка өтүп келгем. Мугалимдер класста өтө аяр мамиле кылыш керек, балдар айылдан келген тантыган комментарий берет бири бирине мисалы,өз ойлорун айта албай тартынышат, демек мектепте кээ бир мугалимдер урушуп,тарбия иштерин толук алып барбайт деп ойлойм
@user-uo7cp4ff4i
@user-uo7cp4ff4i 21 күн бұрын
Назира Айтбекова азаматсыз
@user-cd6hb7ub3k
@user-cd6hb7ub3k 26 күн бұрын
Сонун подкаст болуптур, чоң рахмат 😍
@user-ch4gw9yb3e
@user-ch4gw9yb3e 25 күн бұрын
Кыргыз тилде сабактар болсун деп окута албасак керек бирок кыргыз тилине катуу басым жасоо керек.Мисалы менин балдарым Казахстанда окушат казак тилин ото басып окутушат казак тилин билбесен баа жок казак тилин жакшы окуганы аракет кылышат
I PEELED OFF THE CARDBOARD WATERMELON!#asmr
00:56
HAYATAKU はやたく
Рет қаралды 38 МЛН
Dynamic #gadgets for math genius! #maths
00:29
FLIP FLOP Hacks
Рет қаралды 17 МЛН
Элмирбек Иманалиев: "Сүйүү бул кудайлык маселеге кирет"
49:53
Nazira Aytbekova Назира Айтбекова
Рет қаралды 1 МЛН
Гүлсара Мадаминова: “Чыныгы реформа мектептен башталат”
1:11:19
Nazira Aytbekova Назира Айтбекова
Рет қаралды 62 М.
Алтын Рысбекова, психолог: “50 жашта жашоону башынан баштадым”
51:55
Nazira Aytbekova Назира Айтбекова
Рет қаралды 125 М.