Рет қаралды 4,154
Кыргызстандын Нарын облусунан башка бардык аймагын19-кылымда жейрендер жердеген. Бирок аңчылыктан жана малдыын санынын көбөйгөнүнөн улам алар өлкөдө тукум-курут болушкан эле. Эми адистер бул жаныбарды мурда байырлаган жерине алып келүү, жашатуу боюнча аракет көрүп жатышат. Экологдордун айтуусунда, жейрендин экосистемадагы орду абдан чоң. Ал чөлдөгү мал жебей, зыян деп эсептелген чөптөрдү жейт. Ары бери чуркап топуракты, өсүмдүктөрдү регулациялайт. Айлананы минералдаштырат. Ошондой эле булар жырткычтардын кошумча азыгы.