Рет қаралды 49,127
17-июнда Кызыл-Кыя шаарынын тургундары шаардык мэриянын жанына акцияга чыгышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Маалыматка караганда, алар Кызыл-Кыя шаары менен Кадамжай районунун ортосундагы көмүр шахтасын кайтарып берүүнү суранышууда. Анткени ал жайды алар иштетип, көмүр казып тиричилик кылып келишкен. Айрымдары ири өлчөмдөгү кредит алып, шахталарга керектүү шарттарды түзүүгө акча сарпташкан. Бирок көмүр казылган жай аукцион аркылуу сүлүктүлүк жеке ишкерге сатылып кеткен. Анын айынан алар жумушу жок калышты. Буга чейин жергиликтүү бийлик көмүр казылган жай аларга калтырыларын айткан болчу.
Толугу менен: www.turmush.kg/news:402772