Апакең келин күтүп, кабагы ачык, Ак жоолук балким жүрөт мага катып. Өзүмдүк кылып алчы жароокерим, Өзгөлөр кете электе ала качып. Бооруңа кысчы бекем сүйүнөйүн, Болду деп бойдоктуктан түңүлөйүн. Ак жоолук куп жарашып маңдайыма, Атакең, апакеңе жүгүнөйүн. Деп жүрүп жараткандан сурап алдым, Дегдеген ак өргөмдү курап алдым. Уулуна жубай болуп жакшылардын, Узартып учугумду улап алдым. Жараткан тилегимди берди белем, Жанашып нике кайып сени менен. Бал ширин уулду күтүп, кызды күтүп, Бакытка балкып турам кемибеген.
@user-dn9mi3mr6f4 жыл бұрын
Канча уксам да тажабайм жаттап да алдым эми ушул ырды ырдап берем талантына таазим элзар синдим🙋♀️
@user-sz3iv2lv3n6 жыл бұрын
Кайра кайра кайталап уккум келет ырларынды клип мыкты болуптур концерт койсонуз Эльзар , концерттинизге апам м-н барат элек, тим эле таланттынызга таттуу соз таап айталбай калдым, жон эле жандуу унунузду концертте уккум келет!
@bolotmatkadirov92276 жыл бұрын
Аэаматсын чыныгы ырчы мына ушундай болот
@jazgulkenewbekva57217 жыл бұрын
эжешкам менин сыймыктанган талантынызга таазим
@user-mo6jd3yb6m Жыл бұрын
🌹🌹
@user-fk3dn6is9d7 жыл бұрын
Эльзар Осконбаеванын Кетем дейсин деген жаны ырын киргизип койгулачы сураныч силерден
@user-vb2it9li7l5 жыл бұрын
Канча уксам да тажабай угам. Ырдын мааниси да сонун. Жеткире ырдаган