Рет қаралды 41,621
Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылы эми Элмирбек Иманалев атын алды. Бирок, заты өзгөргөн жок. Жолу, таза суусу, мектеби жаңыланууга муктаж. Транспорт министрлиги 21 миллион 600 миң сом жолду оңдоого 2024-жылга пландаштырылган. Анын 3 чакырымына асфальт төшөө каралса 10 чакырымына шагыл төгүлөт. Ал эми азыр төгүлгөн шагыл жаанда эзилип, күн ачыкта чаң бырксыйт.