Элмирбек Иманалиев "Чоңдорго кайрылуу" ырынын тарыхы жана саясат жөнүндө.

  Рет қаралды 63,565

Altynai Arstanbek

Altynai Arstanbek

4 жыл бұрын

Карагер минсем оттобойт
Капталга бут токтобойт
Калкымда сулуу көп көргөм
Бирок...
Кантейин сага окшобойт.
Кыргызда-аа сулуу кыздар көп
Бирок...
Кылыгы сага окшобойт,ай
Кареги сага окшобойт
Достор! Мына таптым! 2019-жылдын жай айларында(июль болсо керек) атайын издеп барып алп акын Элмирбек Иманалиевтен интервьюну түз эфирде көрсөткөм. "Чоңдорго кайрылуу" деген ырынан соң бүтүндөй кыргыз эли ушул ырды, залкар акынды сөз кылганда атайын барып ырдын жаралуу тарыхы менен себеби туурасында суроо берип,сонун баарлашып отурганбыз.Ошол кезигүү азыркыга чейин эсимде.Ошол чоңдорго кайрылууну ырдап бериңиз десем, "ал аябай көп сап ыр, баары эсимде жок" деген эле.Бирок, акын деген сөздүн, ырдын пири. Комузду сыздатып Текебай Мураталиев деген акындын "Акинтай" сулууга арнаган ырын созуп берген. Кыргызда элдин арасында ана-мынчасынын эле эсинде калган, ооздон оозго өткөнү менен кыргыз фольклорунун алтын фондусуна жазылбай калган белгилүү-белгисиз акындар көп экен.Элмирбек ошол акындарды изилдеп-иликтеп, талдап, ал акындардын чыгармаларын элге жайылтып жакшы иш кылган ажайып инсан эле...
Ошол түз эфирде элдин уулун жүрөгүм менен сүйгөм, ансайын жакшы көрүп кебине тойбой кеткем. Далдырап мукактанып сүрдөп отуруп сүрөткө түшпөй калыпмын. "Алп акын,азыркынын залкары менен сүрөткө түшпөй калыпмын" деп жазсам "буюрган күнү сөзсүз сүрөткө түшөбүз" деп жооп берди эле. Аттиң,буюрбаптыр...
Кош,Элмирбек! Жаткан жериң жайлуу болсун.Кудайым бейишинен орун берсин! Жаннаттан жай берээрин суранып-тиленем!
P.S.152 адам өз ой-пикирин калтырып 25 000 адам түз эфирди көргөн экен. Азыр да бөлүшүп таратыңыз. Анткени,Элмирбектин ар бир айткан сөзү куюлушуп элдин жүрөгүнөн түнөк тапчу.Ар бирибиз Элмирбек Иманалиевтин кебин, ырын тое-тое угуп, көзүбүз кангыча көрүп калалы. Баарибир тойбой калдык...
Аттиң,дүйнө...өзгөчө инсан эле...жаш кетти...
Жигит өлбөс болсочу...

Пікірлер: 137
@user-gh8lg7mh8j
@user-gh8lg7mh8j 2 ай бұрын
Дуйнодо кыргыз канча жашаса Элмирбек ошончо жашайт,ар бир кыргыздын журогундо жашайт!!!
@KuluipaNurmatova-ku8el
@KuluipaNurmatova-ku8el 2 ай бұрын
Ооба,👍👍 бийик сапаттары менен ар дайым элинин жүрөгүнөн чыкпай жашайт...
@user-zu9vh4px3f
@user-zu9vh4px3f 8 күн бұрын
Садага болоюн жадырагсн жузундон .ушул жузун ,ырларын обондоурн кыргыз элинин жцрогундо омур бою црпатардан урпака сакталат .соц тапмакта калган экинчи омурунду коруп ,сени жок деп жч качан эсептебейм .ошол бийлике кайрылган ырын ды которо албай чфчалашып ,сенин тубуно жетишти го .Соке ,ошол убактагы депутат чон соройлор тубуно жетишти го акмактар !!!
@user-dd9nn5yd5u
@user-dd9nn5yd5u 2 жыл бұрын
Ото журогу таза Адам эле. Кайран жигит . Таза Кыргыздын журогу ушундай болот. Жаткан жерин жайлуу , топурагын торко болсун, Кыргыз Эл булбулу!
@ysakovasaodat4949
@ysakovasaodat4949 2 жыл бұрын
Алтынай кызым омуруно береке соонун интервью Алган экенсинго рахматттык Элмирбек дуйного Бир келди Бир кеттиго аттинай😭😭😭
@user-hm8ub3lf6f
@user-hm8ub3lf6f 2 жыл бұрын
ЭСИЛ КАЙРАН ЭЛМИРБЕК, ЖАКШЫНЫН ӨМҮРҮ КЫСКА БОЛОТ ДЕЙТ, КЫСКА ӨМҮРҮНДӨ, КЫЛЫМДАРГА ЖАШАЙ ТУРГАН ЧЫГАРМАЛАРЫ КАЛДЫ АРТЫНДА. ЖАТКАН ЖЕРИ ЖАЙЛУУ ТОПУРАГЫ ТОРКО БОЛСУН...
@erikjaparov4657
@erikjaparov4657 4 ай бұрын
Элмирбек иним сен тируусун , сен олгон жоксун , сен кыргыз элинин журогундо , жашап жатасын , муундан муунга жашай бересин .
@user-ir2nk5sq6k
@user-ir2nk5sq6k Жыл бұрын
Кайран жигит козу ачыктай эле айтыптыр, ,,2020- жылы Эл жакшылап ойлонгула, азыр озгортпосонор жок болуп кетесинер", деп журогунон куйуп керээзин айткан акылмандай эле айтыптыр, озу ошол озгорууну корбой калды, жаннаттан жай берсин, Элин суйгон Элмирбек, Элдин уулу Элмирбек!! Азыр жоксун ичим куйот....
@baktygularykova8698
@baktygularykova8698 3 жыл бұрын
Алтынай кыз интервью алып калганын жакшы болгон экен. Ушуну менен учунчу жолу кордум ушул маегинди. Бар бол алтын кыз!🙏🏻😘🌹🌺🌷
@user-pm8vc5nl8l
@user-pm8vc5nl8l 3 ай бұрын
Кайран гана кор дуйно ушинтип калышын ким билиптир,кайран Элмирбек алп акын элен сени эч унута албайм ,мен сенин создорун ,ырларын Кыргыз деп куйгон журогум мн жашап келем,уй булооно бакубат жашоо берсин аллахым,ылайым кыздар балдарын озунду тартып акылдуу эстуу сенин жолунду жолдогон балдар кыздардан болсун ,мен 1995 жылдан бери сени телевизорь аркылуу жакшы тааныйм мундуу ырларынды узбой угам,азыркы убакка чейин угуп келем 😢 жанын жанатта болсун,ЖАН деген ырындын маанисинде жашоон кайра тирилгендей ыр жазыпсын,эмне деген керемет ыр ,угуп алып козумо жаш тегеренип журогум ооруйт,ушул ыр мн дагы да кудайым сени коп жашатса гана аттин арман, сен олбойсун Элмирбек ар дайым Кыргыз элибиздин журогундосун ,интервью алган Алтынай айымга тереен ыраазычылык
@user-vl9pv7hx3g
@user-vl9pv7hx3g 2 жыл бұрын
Ырдаган ырында да ошол убакта, болгон чындыкты айтып ырдаган экен, ушундай кишилер олбой турган болсочу.
@user-kl4tw6ug4v
@user-kl4tw6ug4v 2 жыл бұрын
Азыр Элмирбек тируу болгондо кандай жакшы болмок,аттин эрте кеткени ото окунучтуу дагы коп адамдардын козу ачылмак
@user-oe3yy4ny3s
@user-oe3yy4ny3s 3 жыл бұрын
Иним рахмат сен тура айтып кетипсиң жаткан жерин жайлуу болсун сен акыйкаты ырдансын сени Эл суйот
@user-su3nv8pe7g
@user-su3nv8pe7g 2 жыл бұрын
Баардык жагынан топ келишкен, мындай адам дуйнодо бир жаралат, кандай таланттуу инсан эле!!! Аллах Таалам бейишин берсин!!!
@kulzairadosumbaeva3500
@kulzairadosumbaeva3500 Жыл бұрын
Ушундай жолугушууну уюштуруп калган асыл ойлуу журналисттерибиз.барына тобо кылалы!!!!
@kulubekabdiev3684
@kulubekabdiev3684 Ай бұрын
Элмирбек Иманалиев бейиштин төрүнө болсун. Ичип жеген чоңдорду жок кылыш керек. Бийлике таза акылдуу адам келиш керек.
@chykamhoff2150
@chykamhoff2150 Жыл бұрын
Ооба, жоготуулар да коп болду. Динибизди, каада салтты, адап ахлапты, адамдык сапатты жоголду. Акча деген заманга келдик. Э. Иманалиевдин элеси, чыгармасы туболук сакталат. Жаткан жери жай болсун.
@tynymsharshembekovna7940
@tynymsharshembekovna7940 2 жыл бұрын
Кайран бала омуру узун болсо эмне,мен да ошол бийликке кайрылуу деген ырды укканда ыйлагам.Бирок эалкар акын олгон жок ,Эл бул баланы омур бою унутпайт,себ,аз жашаса да саз жашады,элдин жургундо калды.Аттин азыр тируу болгондо азыркы бийлик коколотуп алмак,артында калган кыздарына,балдарына омур берсин. Оомийин!
@kulpunaishamashirova4555
@kulpunaishamashirova4555 4 жыл бұрын
Кыргыз элибиздин патриоту акыны акыйкатчы карапайым элге куйгон инсан элениз окунучту кыргыз элине эн чон жоготу болду аябай ичим ачышып атат
@user-ot9sf8bq1b
@user-ot9sf8bq1b 2 жыл бұрын
Элмирбек балабыз аябай акыйкат мекенчил жигит болгон ал эми ушул ырында жана өзүнүн ичинен күйүп бышып эл үчүн айтканын ыр кылып жазганында бул инсанды жанагы чирик чиновниктер бийликтеги желмогуздар жээп ичкен шүмшүк тойбогон жемкор жарылып өлгөн байларда кошомат кылгандарда Элмирбек балабыздын сөзүн ырында айткан кебинеда угушкан жок акмактар саткындар аябай өкүнүчтүү ушундай мекенчил балдарыбыздын бул жашоодон күтүүзүз өтүп кеткендиги өтө окүнүчтүү Элмирбек улуубуздун жаткан жери жайлуу топурагы торко жаны жанатта болуп кудайым бейишинен насип эткен болсун оомийин оомийин...
@KuluipaNurmatova-ku8el
@KuluipaNurmatova-ku8el 2 ай бұрын
Оомийин 🤲, кайран бала, өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү жүрөгүнөн өткөрүп, чыдай албай жарылып Элдин накта көйгөйлөрүн ачыкка чыгарып айтып чыкты, азыр тирүү болгондо кана, аттиң....
@user-eh7xp8tz9m
@user-eh7xp8tz9m Жыл бұрын
Алтын кыз сендей кыздар коооп болсун рахмат
@user-gc4kc5kp1l
@user-gc4kc5kp1l 2 жыл бұрын
Жаткан жеринис жайлуу болсун сиздин балдарыныс сиздей чынчыл жакшы акын болсун Кыргыз керегине жараган болушсун
@user-nj8cv8mz1f
@user-nj8cv8mz1f 2 жыл бұрын
Мындай адамдар 100жылда бир келет.Элмирбек иним чучука жеткирип чыгарыпсын.Намысы жок каргыш тийген бийликтеги бок курсактар ойлонушту бекен.Чириктер уурулар чирип олушсо экен.Тозоктун отуна куйгуло.Элмирбекти жаратканым туптуз. Бейишке алып кетти.
@user-wn1mr9cp4x
@user-wn1mr9cp4x 2 жыл бұрын
Кандай сонун жигитибиз бар эле аттиң кандай сонун залкар адам эле арабызда дайым барсың ичим күйүп кетет жогуңа
@user-sj2km7sh5f
@user-sj2km7sh5f 6 ай бұрын
Аттин дуйно, жайы жаннатта болсун. Бейишин берсин аллахым
@ysakovasaodat4949
@ysakovasaodat4949 2 жыл бұрын
Элдин журогундо дайыма жашайсын иним ырларын мн
@user-nl2vx2dn2p
@user-nl2vx2dn2p Жыл бұрын
Сиз айткандай журокто жашайт айла жок аттинай жалган дуйно жанаттын бейиштен берсин🤲🤲🤲🤲🤲😭😭😭😭😭😭
@user-er6jb1cv6g
@user-er6jb1cv6g 7 ай бұрын
Кандай гана чыныгы Залкар адам!
@user-op8lq1ou4e
@user-op8lq1ou4e 2 ай бұрын
Чондорго кайрылганын жетбеди президенттер эл иштебей элё озу учун иштеп келди
@user-gd4py2bj5d
@user-gd4py2bj5d Ай бұрын
😊😊​@@user-nl2vx2dn2p
@user-gd4py2bj5d
@user-gd4py2bj5d Ай бұрын
Элмирбектин саясатка большое чабыты абдан жогору экендиги денгээлде экендиги
@user-uq1ly6jr7l
@user-uq1ly6jr7l 5 ай бұрын
Элмирбек ушунчалык кругозоры бийик экен,акын деген ушундай болуш керек,жонокой элдин жашоосуна чомулгон,чондорго кайрылганы тура.Куйуп куйюп кетиптир,чын дуйного .Жаткан жери Жаннат болсун.
@user-qh8si2bc4s
@user-qh8si2bc4s 5 ай бұрын
Угуп ыйлагын келет.Журок канайт аттин Кыргыз.Жаткан жери жайлуу болсун.Куда кааласа онолуп келатабыз.
@user-nj8cv8mz1f
@user-nj8cv8mz1f 2 жыл бұрын
Рахмат кызым.Эркин журналист Эн сонун.Ийгилик.
@jannatkurmanakunova6086
@jannatkurmanakunova6086 5 ай бұрын
Буулуккан булбулум ай, ото эле тез кеттин,сени ар дайым эстейбиз, эстеген сайын журогубуздосун булбулум😢
@user-vw4ov8ui6m
@user-vw4ov8ui6m Жыл бұрын
Кана эле олбой жашай берсениз,баары жокту билип туура айткан экен,жайыныз жаннат болсун оомииин
@user-yp9nh3ib9f
@user-yp9nh3ib9f 2 жыл бұрын
Элмирбек депутатардын ыплас ойлорун ачык айтыптыр, атаганат Элмирбектин акылы ар бир Кыргызстанды башкарган чоңдордо болсо кана.....
@bilalanayat9178
@bilalanayat9178 2 жыл бұрын
Кайран гана Алп залкарлар. Рахмат сизге Алтынай айым.
@user-jz8cp6nb3o
@user-jz8cp6nb3o 5 ай бұрын
Эн туурасын айткан Акын жаткан жерин Бейштен насиип кылсын Ооммиин😢😢😢
@user-ne5jk6en4j
@user-ne5jk6en4j 4 ай бұрын
Эх не деген керемет кептер айтылды. А айтылбай калганы канча😢😢😢
@burulusharymbaeva8760
@burulusharymbaeva8760 2 жыл бұрын
Раматылык Элмирбек тируу болгондо ушул кундорго керегин чон тиймекпи, козу отконуно эки жыл болду деп эстелиги туруп Куран окулду.
@user-km6yk6mu2t
@user-km6yk6mu2t Жыл бұрын
Жаткан жерин жайлуу болсун, кайран кана Элмирбек чындыкты чыркыратып айтып, ичинде айтылбай кеткен создорун оз ичинде кетти.
@amangeidlishenbaev7096
@amangeidlishenbaev7096 Жыл бұрын
Жаткан жерин жанаттан болсун жакшы адам жакшы акын
@user-ri8mv5ys1g
@user-ri8mv5ys1g Жыл бұрын
Кайран Элмирбек өлбөй кал жок дегенде 60 ка чыксаң болмок.айла канча Алланын иши экен сенин үнүнүңдү уккан сайын жүрөгүбүз тилинет.Жаннаттан жай .берсин.
@user-vl9pv7hx3g
@user-vl9pv7hx3g 2 жыл бұрын
Сиздей журналисттер азыркы учурда абдан кк, бар болунуз Алтынай журналист, Элмирбек акыныбыздын жаткан жери жайлуу болсун, Аллах Бейиштен орун берсин, чындыгында бар болсо президенттике да жеткирсе болмок экен, сиздей акын баары жокко козу жеткен киши, мин жылда бир жаралаар бекен, арман дуйноо, жайыныз жайлуу, топурагыныз торко болсун.
@attokurturdiev1390
@attokurturdiev1390 2 жыл бұрын
Ээ канткен күндө да жакшы адамдын өмүрү өтө кыска болот деген сөзгө баа бериш керек жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун Токтогул 2 эле да
@user-me4sw8xk1w
@user-me4sw8xk1w 10 ай бұрын
😢😢Армандуу дуйно кандай сонун адамды алып кетти арабыздан.
@user-yp9nh3ib9f
@user-yp9nh3ib9f 2 жыл бұрын
Элмирбектин жайы жаннаттан болсун.
@user-oe3yy4ny3s
@user-oe3yy4ny3s 3 жыл бұрын
Жаткан жерин жайлуу Болсун селер без панаграма айтасынар
@kulpunaishamashirova4555
@kulpunaishamashirova4555 4 жыл бұрын
Жаткан жериниз жайлуу болсун!
@user-dh2if2fm8b
@user-dh2if2fm8b 9 ай бұрын
Арман дуйно, козу откондо 2 кун ыйладым.Кылымда бир жаралчуу залкар эле,жаткан жериниз жайлуу болсун оомийн 🤲.
@user-om4hs4hh4l
@user-om4hs4hh4l 7 ай бұрын
Ушул кезге чейин эле корсом эле , жашып, муунум бошоп баштайт.
@juguruk9858
@juguruk9858 3 жыл бұрын
Өтө жаш кеттиң😢😓 Бетте бир бырыш жок. Аттиң...........
@user-uk4fi7yt7x
@user-uk4fi7yt7x 6 ай бұрын
Алтынай алтын кыз экенсин ушул Элмирбекибиздин тируу кезинде ушул корсотууну эстелике тарткандай болуптур мен 20 жылы февраль айында филармонияда поезия поезди деген жаш акындардын аткаруусуна барган элем ошондо жанаша отурган ошол акыркы жанынан коргонум болуп калды кургумай жаш кетти айла канча эми жолдошуна бекем ден соолук Элмирбектин балдарын татыктуу тарбиялашына тилектешмин кудайым жардам берсин сага оор болду алтыным кайраттуу бол Алтынай сага чон ырахмат ишине ийгилик
@user-kp4xk9lz4h
@user-kp4xk9lz4h 3 ай бұрын
Так болгон гана гойгойду айткан экен кайран жигит
@baktygularykova1180
@baktygularykova1180 Жыл бұрын
Азамасын! Жакшы интервью алып калыптырсын. Ишине ийгилик.👍🏻🤲🏻
@musaadamkul574
@musaadamkul574 2 жыл бұрын
Гений адам эле.
@JannaT-jn1uw
@JannaT-jn1uw 2 жыл бұрын
Аттин ай ушул Элмирбектей тайманбас акылмандар коп болсо кана
@user-pf9uj7vs9w
@user-pf9uj7vs9w 2 жыл бұрын
Кайран кана Акебиз жаннатан болсун жайыныз
@user-ku3nd1rd8l
@user-ku3nd1rd8l 2 жыл бұрын
Элдин пейили кандай болсо ошондой бийлик болот.мисалга алсак ушундай залкар адамдарыбызды укбай калдык.азыр Элмирбектин ордуна кыргыз тилин билбеген Бир ырчы болгондо класс комментарийлер коп болмок.Аллахым Элмирбекти жайын жаннаттан берсин.
@user-ow7fc3el8e
@user-ow7fc3el8e Жыл бұрын
Жакшы
@user-ow7fc3el8e
@user-ow7fc3el8e Жыл бұрын
Жакшы😭
@user-kp4xk9lz4h
@user-kp4xk9lz4h 3 ай бұрын
Элмирбек кайран гана жигит , жегич чочколорго гуйуп бышып журуп эле отуп кетиптир да , ушул чондордон да гумон аласын олумуно , доктурларга заказ бердиби дейм да
@jgxvjhch2192
@jgxvjhch2192 Ай бұрын
Ооба ошондой.ооруганда эчжер кабыл албай.анан бир жер алганда эле олгонда.эч жакшылык корбосунда ошолор.
@jgxvjhch2192
@jgxvjhch2192 Ай бұрын
Жайы жаннатан болсун байкуш.
@apaltursunbaeva1143
@apaltursunbaeva1143 5 ай бұрын
Атыңа затын жарашып Алтынай азаматсын эң сонун интервью экен ишине ийгилик бар бол
@user-xn9kz8hf5l
@user-xn9kz8hf5l 6 күн бұрын
Елмирбек айланайын омурун кыска екен жаткан жерин бейиш болсун сен оо дуйного кеткенде мен 1ай ыйладым ушундай кыргыздын алтындай болгон жылдызы емнеге олот деп бирок сиз биздин арабызда омур бойу журосуз ушул сиздин кайрылууну биринчи жолу коруп жатам Алтынай сизге рахмат ушундай передача уюштурган Ельмирбектин журогу таза озу сулуу акындык оноруно соз жетпейт аттин арман айла жок екен жаткан жери жайлуу болсун жанын жаннаттан болсун
@burulusharymbaeva8760
@burulusharymbaeva8760 2 жыл бұрын
Армансыздуйно болбойт тура, козу отсо да артында жакшы создору иштери калды Элинин журогундо калды.
@user-se6nq4hw4j
@user-se6nq4hw4j 2 күн бұрын
Кайран залкарым аай,омурун келте болду.кыргыздын журогундо туболук жашайсын.
@user-yy3ml5gr9v
@user-yy3ml5gr9v 5 ай бұрын
Козу ачыктай суйлогон экен
@user-bi6dt2kj9y
@user-bi6dt2kj9y 8 ай бұрын
Эки комната квартира берип койсо болмок балдарына
@jyrgalbek7632
@jyrgalbek7632 Жыл бұрын
Эсил кайран Элмирбек.Жан дуйносу таза инсан Гана Эл койгойун Коро билет.Журогу менен Эл УЧУН куйгон патриот акын эле.
@KanybekOrmonov-ir5ey
@KanybekOrmonov-ir5ey 9 ай бұрын
Кыргызстандын атын озгортуп Элмирбек Стан кылып койгондо жан дуйном менен колдойтелем
@KuluipaNurmatova-ku8el
@KuluipaNurmatova-ku8el 2 ай бұрын
Ооба,👍👍 уулу Элим деп күйсө, Эли уулум деп сүйөт
@user-yh1gv2nl4h
@user-yh1gv2nl4h 3 ай бұрын
Элмирбек бейиштин төрүнөн Кудайым жай берсин. Кыргызымдын жолун жарык кылып берген чырагы элең.
@KuluipaNurmatova-ku8el
@KuluipaNurmatova-ku8el 2 ай бұрын
Туптуура сөз 👍👍 Элдин ырыскысын, Жерлерди, кендерди, ж.б. саткандары аз келгенсип, башка өлкөлөрдөн карыз алышып, элибизди кайра карызга батырып, жеке өздөрү алдары жетишинче байышып, ар намысын тебелеп, көмүп келишти да, Элдин уулу Элмирбек чыдай албай айтып чыкты...
@zamiraaginova6273
@zamiraaginova6273 2 жыл бұрын
Аттин,арман аз жашаса да ,саз жашап,залкар чыгармаларды жаратып кетти.Кайран залкар!элге жакчу элен, эми жерге жагып бейишинди берсин.
@user-rm9tz6sj7y
@user-rm9tz6sj7y Ай бұрын
Жаткан жери жайлуу болсун топурагы торко болсун бейишке чыксын.❤❤❤
@ffhdfh5121
@ffhdfh5121 2 жыл бұрын
Менимче бийликтегилер Элмирбекти тихий олтурушту деп ойлойм
@user-jd2zz7rg2s
@user-jd2zz7rg2s 2 жыл бұрын
Тупа туура депутат тар эле олтурду
@user-hc7zj2ku8r
@user-hc7zj2ku8r 7 ай бұрын
Эн туура айттыныз
@user-yy3ml5gr9v
@user-yy3ml5gr9v 5 ай бұрын
Мен да ошентип ойлоп журом😢
@user-kq3mu6st1y
@user-kq3mu6st1y 3 ай бұрын
Эн туура суйлогон экен нелер кана сатылган жок
@user-pj3cs7dd2j
@user-pj3cs7dd2j 5 ай бұрын
Алтынай чыган журналис экен
@anisaorozalieva6242
@anisaorozalieva6242 2 жыл бұрын
Коруп жадабайм.Асыл Инсандан айрылып калдыкко.😭😭
@shumkarkadyrbaev9439
@shumkarkadyrbaev9439 3 жыл бұрын
Сонун маладс
@Mairam-hd3nt
@Mairam-hd3nt 2 ай бұрын
Койсончу ооруп каза болду аки чукунун баарын чондордон көрө бербей бейишин берсин жаткан жери жайлуу болсун оомийин
@KuluipaNurmatova-ku8el
@KuluipaNurmatova-ku8el 2 ай бұрын
Эл акыны, Эл баатырыЭлмирбек Иманалиевдин өзүн сактай албадык, эми балдарына жаркыраган жаңы үй берип, камкордук көрсөтүп койсо элибиз ыраазы болмок эле..
@user-iz3hi7rm5x
@user-iz3hi7rm5x 2 жыл бұрын
Жаткан жерин жайлуу болсун аттин арман кыргыз эли деп куйгон элдин сыймыгы элениз сиз издеген чындык жок экен Садыр Жапаров шайланганда суйундук эле бирок мурдакыдан айрыма жок .Калган омур жашынызды балдарынызга берсин ....Алтынай Арстанбекова элиниз учун кызматынызды кыла бериниз
@juguruk9858
@juguruk9858 3 жыл бұрын
Мынаа ... Чынында ушундай .
@loveyou_dorama2346
@loveyou_dorama2346 Жыл бұрын
Жаткан жери жай болсун атайын еле олтурушту да сахар м н жашап еле жатышпайбы
@user-hc7zj2ku8r
@user-hc7zj2ku8r 7 ай бұрын
​Больницага кабыл албай эки Жака футболит.этишпедиби
@KuluipaNurmatova-ku8el
@KuluipaNurmatova-ku8el 2 ай бұрын
Алтынайга рахмат👍👍ушинтиип акыныбыздын ичиндеги бугун айттырып алып калган экен, кайран жигит азыр тирүү болгондо кана, аттиң ай....
@Jack-co9uv
@Jack-co9uv 3 ай бұрын
Арман дуйно жакшы адамдар тез эле отуп кетишет Кооп чыгармалар чыгат эле жанын жаннатан Болсун Кыргызымдын акыны журогубуздо туболук жашайсын
@Munarisenbekova
@Munarisenbekova 8 ай бұрын
Ай Кандай корогоч киши болгон баласына насаат айткандай айтыптырда чиркин Фирдаус бейишине кирсин
@kulzairadosumbaeva3500
@kulzairadosumbaeva3500 Жыл бұрын
Асылдык байлык менен эмес акыл менен олчоноорун Элмирбек далилдеген экен
@user-ty2ji2wz9b
@user-ty2ji2wz9b Ай бұрын
Алтыным Элмир патриот акын сенин таза аруу жан дүйнөң менен кайдыгер карай албай кусадар болуп кайгырып жүрөгүн көтөрө албай кетип калдың сенден Зайырбекти болуп карай албайбыз бириңди айтсам бириң бар ,,,❤❤❤😂😂😂😂😂😂
@annaanina4845
@annaanina4845 2 жыл бұрын
КАЙРАН ГАНА ТОКМОБУЗ. 21- КЫЛЫМДЫН ТОКТОГУЛУ. ТОКМОБУЗДУН КАЙРЫЛУУСУН КОПОСТОР ОЙЛОНМОК ТУРСУН, УГУПДА КОЙУШКАН ЖОК.
@user-pp4tx1er1v
@user-pp4tx1er1v 3 ай бұрын
Иийжаным десе, жанын жаннатта болсун
@svr8051
@svr8051 3 ай бұрын
Элдин жүрөгүнөн орун алган, түбөлүк жашайт❤❤❤❤❤
@user-kq3mu6st1y
@user-kq3mu6st1y 3 ай бұрын
Сулуу журналис экен мен биринчи жолу кордум
@user-kz8ws2et1s
@user-kz8ws2et1s 6 ай бұрын
Аман журсо эмне? Элдин багына бир келген залкар акылман акын эле?!
@kulzairadosumbaeva3500
@kulzairadosumbaeva3500 Жыл бұрын
Атандын кору Элмирбек чиновник отурган мыкты креслодо отурса эмне !!Арак чыгарган заводдун кароолчусу отурган кабинет менен Асыл ойлуу Элмирбектин отурган жерин.карагылачы
@user-iy3xf8qd2c
@user-iy3xf8qd2c 2 ай бұрын
Алтынай рахмат кызым, жакшы эле интервью алып койгон экенсин. Кайран Элмирбек кайталангыс патриот акын эле. Жаткан жери жайлуу болсун. Ушундай алтын балдар кыздарыбыз коп болсун. Азыркы балдар, кыздарыбызга ыйман ынсап берсин кудайым. Элибиз аман жерибизде тынчтык болсун.
@user-iy3xf8qd2c
@user-iy3xf8qd2c 2 ай бұрын
Элмирбектин оорусун эмнеге убагында врачтар жакшы карашпады экен. Баа жеткиз акыныбызды убагында сактап калышса жакшы болмок. Аттин.
@user-pd8rn2vt8v
@user-pd8rn2vt8v 10 ай бұрын
😢😢😢
@user-zc3be6rv6n
@user-zc3be6rv6n 9 ай бұрын
Кайран Элмир озун айткагдай. Айла га жок да.сенин создорунду издейм Жаны Эл таппаган укпаган.анткени Озун жок Арман арман
@JannaT-jn1uw
@JannaT-jn1uw 2 жыл бұрын
Элмирбектин маегинде бир калет жок
@user-bx5sh3qx5g
@user-bx5sh3qx5g 3 ай бұрын
Орубай эле бир жакшына киши колду болуп эле отуп кетти окшойт бейишин берсин Аттин арман арман
@user-jx7dj5xh6l
@user-jx7dj5xh6l 3 ай бұрын
Олбой. эле журсон.болот. эле. Балам. Ай. Балам. Аттин. Аттин
@user-kz8ws2et1s
@user-kz8ws2et1s 6 ай бұрын
😢😢
@Aurorawer
@Aurorawer 9 күн бұрын
Дагы канча ырлар айтылбвй кетти,аттин ай,арман дуйно
@kulzairadosumbaeva3500
@kulzairadosumbaeva3500 Жыл бұрын
Шакирттеринин ар биринин озгочо жондомун ача билип кенен жол ача билген улуу устат
@user-ex8yx6wq8p
@user-ex8yx6wq8p Жыл бұрын
Элмирбек элде калды баскан изиң Эл баалап жүрөктөрдө жашайт ишиң Эң кыска өмүр сүрүп кетсең дагы Элиңде жашай берет чексиз сүйүүң.
@AinyraUzbekova
@AinyraUzbekova 4 күн бұрын
Азыр тируу болгондо Садыр Ж.Ташиев болуп колдомок ,окунучтуу
@user-hd7no3xw9s
@user-hd7no3xw9s 4 ай бұрын
Кыргыз элинин баатыры деген наамды посмертно берсе го атаганат!
@user-uj1cs9xw9n
@user-uj1cs9xw9n 2 ай бұрын
Берди!
@user-cg4xh7wx8j
@user-cg4xh7wx8j 6 ай бұрын
Ушул сахар деген оору кайдан келди,жаман оору экен
@shekerbekov_1500
@shekerbekov_1500 3 ай бұрын
Кайран акын дагы жашаса болмок 😢
@Munarisenbekova
@Munarisenbekova 8 ай бұрын
Ушундай кокуроогу таза адамдан Кооп интервью алышса элге жерге пайдасы тийет беле
@mahamatumaraidarov2833
@mahamatumaraidarov2833 2 ай бұрын
Акындан куудулдан Президент чыкпайт чындыкты моюунга алышыбыз керек.Чындык аччуу болот.
@AinyraUzbekova
@AinyraUzbekova 3 күн бұрын
Элмирбекти телевизордон кордук эле олгондун мурунку куну,сонун эле интервью берген больницадан, комага тушкон эмес,анан эртеси эле теледен кайра олду деп айтып жатпайбы.Сонун эле суйлоп жатпады беле,эмне болуп кетти деп эле калдык кыргыз эли
@user-gf9bk7sp8t
@user-gf9bk7sp8t 4 ай бұрын
Жаткан жери жайлуу Болсун Элмирбек жок айтышш коргум келбей калды
@user-vn5ng2eq4p
@user-vn5ng2eq4p 3 ай бұрын
Гулбуго арналыптыр
@user-qk2fy4yw5e
@user-qk2fy4yw5e 3 ай бұрын
ото окунучту бир башкача Жан эленда
Нурсамат суйуу керемети
2:15
Nursamat.venera Tamada
Рет қаралды 8 М.
Secret Experiment Toothpaste Pt.4 😱 #shorts
00:35
Mr DegrEE
Рет қаралды 35 МЛН
39kgのガリガリが踊る絵文字ダンス/39kg boney emoji dance#dance #ダンス #にんげんっていいな
00:16
💀Skeleton Ninja🥷【にんげんっていいなチャンネル】
Рет қаралды 8 МЛН
БАБУШКИН КОМПОТ В СОЛО
00:23
⚡️КАН АНДРЕЙ⚡️
Рет қаралды 17 МЛН
Элмирбек Иманалиев “Чоңдорго кайрылуу”
11:07
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВДИ ЭСКЕРҮҮ  (1-БӨЛҮМ)
29:35
Сыймык Бейшекеев
Рет қаралды 166 М.
БИР ЖҮРӨККӨ ЭКИ СҮЙҮҮ...\\МАЕК
10:18
Secret Experiment Toothpaste Pt.4 😱 #shorts
00:35
Mr DegrEE
Рет қаралды 35 МЛН