Рет қаралды 244
Төкмө акын,кыргыздын чыгаан уулу, керек жерде намысын татыктуу коргогон бычакка сап инсаны мезгилсиз дүйнө салды...
Ал 42 гана жашта эле. Жазылбай ырлар калды,чертилбей комуз калды,айтылбай сөзүң калды, артында уул кызың, кыргыз калды...
Көптөгөн ырлары элге сиңип кеткен,ар бир инсандын муңун жашоосун ачып берип жүрөккө жакын,кыска сөз менен бүткүл адамзаттын түйшүгүн айтып салчу. Кыргыз казакка белгилүү акын нечендеген айтышта сөздүн күчүн көрсөтүп, көрүүчүнүн кулак кумарын кандырды. Сөз баалаган көчмөн элдин чыныгы атуулу.
Бул ыр да кыргыз Эл акыны, Элмирбек Иманалиевге таандык
Мезгилдин агымында калдалактап,
Мен да,сен да,ал дагы карбаластап.
Агып бара жатабыз кайда, кайда..?
Асыл,асыл күндөрдү чаңга таштап.
Көр тирилик ээй, көргө көр жетеленип,
Көралбастык ач көздүк текеберлик.
Көмкөрүлуп турса да үстүбүздөн,
Көрбөй койдук көрмөксөн кете бердик.
Жалганынан чындыгын айрый алгыс,
Оо не деген өмүрсүн кайрый алгыс.
Ийинибиз тийишип турган менен,
Иңир соруп баратат жалгыз, жалгыз...
Пенде экенбиз кантели өлүп талып,
Периштесин пейилдин көмүп салдык.
Басып жүргөн боюнча өлүп калдык,
Байкабайбыз ошого көнүп калдык...
Алганыбыз көп болду беребизби?
Келген жээкке кетирдик кемебизди.
Күүгүм кирип келатат мен жалгызмын,
Күн чыкканда биз чогуу келебизби.
Ар адамды ар жерде арал кылып,
Арабызда коюулайт караңгылык.
Табыша албай калганча үн каталы,
Таап алалы адамды адам кылып.