Рет қаралды 2,963
Эмилбек Надырбаев Спортту өнүктүрүүгө салымын кошуп, коомчулукка ден соолукту чындоого туура багыт берип, сергек жашоону жайылтууга өз салымын кошуп келет. Ал бала чагынан спортко жакын келип Арнольд Шварценеггер, Жан-Клод Ван Дамм өндүү актерлорду көрүп шыктанып, ошолордой болууну кыялданып чоңойгон. Бала кездеги максаттары ишке ашып Эмил мырза КРнын бодибилдинг боюнча чемпиондугун багындырганга жетишкен. Учурда машыктыруучу да болуп эмгектенет.