Рет қаралды 4,116
#бибиси #жаңылыктар #мигранттар
Францияда кезексиз парламенттик шайлоо ашынган оңчулдарга күтүүсүз сокку ургандан кийин саясий туңгуюкка кептелди. Бирок бир да партия парламенттеги көпчүлүк орунга ээ боло албады. Солчул коалиция менен президент Макрондун оңчул альянсы ашынган оңчулдардын бийликке келишине жол берген жок. Бирок алар кантип кызматташары белгисиз. Макрон премьер-министр Габриэ́ль Атта́лга кайрылып, туруктуулук орногончо кызматын тапшырбай турууга чакырды.
Улуттук биримдик партиясы иммиграцияга каршы программасы менен чыккан жана көптөгөн француз шайлоочулары аларды колдошкон жок. Деген менен, чоң масштабдагы иммиграция - Жер ортолук деңиздеги өлкөлөрдө терең жиктелүүгө алып келген маселе бойдон кала берүүдө.
Инстаграм баракчабызга жазылыңыз: / bbcnewskyrgyz
Вебсайтыбызга баш багыңыз: www.bbc.com/kyrgyz
Фейсбук баракчабызга көз салыңыз: / bbcnewskyrgyz