Рет қаралды 6,793
624-ж. 627-ж. Же 628-жыл башталганга чейин 3-4жыл аралыгында тынчтык өкүм сүргөн мезгил болду. Бул мезгилде Ислам дүйнөсүнө карай эч кандай басып алуулар, кол салуулар болгон жок. Эми ушул убактылуу тынчтык мезгилинде Ислам дүйнөсү эмне кылды деп ойлойсуңар? Чындыгында Ислам дүйнөсү ушул мезгилде кыйынчылык менен каатчылыктын күнүн көрүштү жана ал күндөр адамдарга көнүмүш болуп калды. Чынгызхан өлгөн 624-жылы Насыр ли Динниллях дагы өлдү. Биз мурда сөз кылгандай бул адам Аббасид халифатынын зулум падышасы эле. Ал бийлик башында 47 жыл болду.47жыл үзгүлтүксүз башкарып турду. Ал мамлекетти башкарган жылдарын Адилетсиздике, зулумга, каар менен ыйга жана кылмыштуулука толтурду. Ошону менен бирге өз бийлигин элди коркутуу менен чыңдап мурас кылып баласы Захир би Амирилляхка өткөрүп берүүгө жан үрөдү.
_________________________________________________________
☝ Биздин видеолорду биринчилерден болуп көргүңүз келсе төмөнкү шилтемелер аркылуу биздин социалдык тармактарга жазылыңыздар!
➡️ KZfaq каналыбыз: @kalem media
/ @user-ep3ty7cm6s
➡️ FACEBOOK баракчабыз: @kalemmedia.kg
/ kalemmedia.kg
➡️ INSTAGRAM: @kalemmedia.kg
/ kalemmedia.kg
➡️ TELEGRAM: @kalemmedia
www.telegram.me/kalemmedia