Рет қаралды 220,500
Нарын шаарында мындан 7 жыл мурун дайынсыз жоголгон Асанкул уулу Азимди үйүндө багып жүргөн Базар-Коргон районунун Акман айылдык кеңешинин депутаты Актилек Осоркулов АКИпресс агенттигинен Азимдин изделип жаткандыгы тууралуу маалыматты окуп, баланын жакындарын издеп байланышкан. Ал Азимди кантип таап алгандыгы жана анын туугандарын кантип издегендигин Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.Актилек Осоркуловдун айтымында, ал 2017-жылдын февраль айында Бишкек шаарынан келе жатып, Таш-Көмүр шаарына жеткенде унаасы бузулуп калганда Азим келип жардам берген.