Рет қаралды 731
Учурдагы коомдогу актуалдуу маселелердин бири үй-бүлө маселеси. Үй-бүлө - бул коомдун баштапкы ячейкасы, маданияттын булагы, улуттун каада салтын, нарк-насилин, тажрыйбаларын, мурасын, тукум улантуунун чөйрөсү. Үй-бүлөдөгү баалуулуктар, өз ара мамилелер, психикологиялык жагымдуу жагдайлардын болушу, муундар аралык
мамилелер, адамдар ортосундагы карым-катнаштар, байланыштар, үй-бүлөнүн экономикалык, социалдык абалы, көз-караштары, билим берүүгө кам көрүүсү канчалык деңгээлде болсо, коомдун абалы да ошондой болот. Ошондуктан үй-бүлөнүн баалуулугун сактоо ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн милдети. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат”,-
демекчи адам турмуш жолунда пайдалана турган баардык маалыматтарды үй-булөдөн алат. Демек, келечек балдардын колунда деп айтуу менен биз өлкөнүн тагдыры, үйбүлөнүн руханий, социалдык, экономикалык жана тарбиялык жактан камсыздалышына көз каранды экендигин эске алышыбыз керек.