Рет қаралды 111,339
Грек рим күрөшү боюнча 60кг салмактагы балбан Жоламан Шаршенбеков финалдык беттешти Калы Сулаймановго уттурганы үчүн өкүнүп жатканы байкалып турду. Ал экинчи орундун медалын дароо мойнунан алып, сыйлык берилгенден соң сүрөткө түшпөй ылдам кетип калуунун айласын көрдү.
Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта чемпиондукка негизги талапкерлердин бири болчу. Финалда ал Калы Сулайманов менен кез келип 5:3 эсебинде жеңилип калды. Натыйжада Жоламан Шаршенбеков чемпиондукту гана эмес, олимпиадага лицензиялык турнирлерге өлкөнүн атынан катышуудан бир топ алыстап калды.