Рет қаралды 194,321
Пайгамбарыбыз савдын алгачкы кызы, экинчи перзенти, жолдошу Бадр согушунда туткунга түшкөн, андан кийин өз күйөөсүнө арам кылынган, дүйнөдө азаптуу, акыретте бактылуу жашоого ээ болгон Зейнеп р.а.нын өрнөктүү жашоосунан ооз ачабыз бүгүн.
Пайгамбарыбыз савдын Хадича энебиз менен чогуу түтүн булаткандарына беш жылдын жүзү болгон эле. Ааламдардын Мырзасынын үйүндө жүргөндөрдүн баарысы толкундануу менен дүйнөгө келе турчу перзентти күтүп жатышкан. Көп күтүрбөй Аз.Зейнеп дүйнөгө келди. Хижраттан жыйырма үч жыл мурун Меккеде дүйнөгө келген Зейнеп р.а, Расулуллахтын тун уулу Касымдан кийинки экинчи перзентти, кыздарынан алгачкысы болчу.