Каналга катталганды унутбаңыз Кыргыз элинин дастандары
Пікірлер: 30
@boskeevas2743 Жыл бұрын
САНАТ Аргымакты «жаман» деп, Бууданды кайдан табасың? Агайынды «жаман» деп, Тууганды кайдан табасың? Ак саманды «жаман» деп, Чөптү кайдан табасың? Аз дүйнөнү «жаман» деп, Көптү кайдан табасың? Жарма, чайды «жаман» деп, Этти кайдан табасың? Акындарды «жаман» деп, Кепти кайдан табасың? Агарган карда көп жүрсөң, Көзүң бир күн карыгат, Агайынден чет жүрсөң, Көңүлүң бир күн тарыгат. Тууганына батпаган, Душманына жалынат. Болбос жаман арамза Болумсуз ишке малынат. Кийинкисин ойлобой, Кишинин көөнү калынат. Жакынына жакпаган, Жат кишини жамынат. Ханды кудай урарда Калкына жаман кас болот. Байды кудай урарда Дөөлөтүнө мас болот. Кышты кудай урарда Күн жылымдап жаз болот, Эрди кудай урарда Элүүндө жаш болот. Жалпы жылдыз чогулса, Жарым шоола айдай жок, Тогуз улак бириксе, Баасы жалгыз тайдай жок. Карандай чайды көп ичсең, Бир кесим казы майдай жок. Өңкөй бөздүн сапаты Бир кийимдик шайдай жок. Бычак берсең, кындап бер, Кындап берсең, чындап бер, Берекесиз байлардан Бейил менен кун кетер. Жумуш кылсаң, мудаа кыл, Иштеп кетпе илдекер, Кара санап бирди алсаң, Колуңуздан миң кетер. Чечилишип сырдашсаң, Көкүрөктөн муң кетер. Баарың болсоң бир ооздуу, Душманың кантип былк этер? Булут кетсе асмандан, Күн ачылып жылт этер, Ажалың жетип, күн бүтсө, Кайран башың шылк этер. Ак бараңдын кундагын, Аталбасаң сунбагын, Эрмин десең душмандан Эки көзүң жумбагын. Өтүп кеткен иш үчүн Өкүнүп балаң урбагын. Көпкөн жигит көп сүйлөйт, Чечен жигит эп сүйлөйт, Билбестерге жыйында Бир сүйлөөгө кеп тийбейт, Жөн жүрбөгөн жигиттер Көрүнгөндөн тепки жейт. Ким көрүнгөн кекенип «Ушунуку өттү» дейт, Көз карашың бузулса, Көргөн адам «көптү» дейт. Сүт табакты жибитет, Айран тамса иритет. Пайдасы жок кеп айтып, Маңыз сөздү чиритет. Күлө сүйлөп үйүңө Күндө кирген күл ичет. Эки дүлөй кошулса, Бир-бирине күлүшөт. Жинди менен жоолошпо, Суу куйбагын толбоско, Акмак болуп кетесиң, Ачууланба болбоско. Үгүт айтып чарчаба, Айткан акыл конбоско. Жолдош болсоң куу менен, Өмүр өтөр доо менен. Жыкмайынча качпагын, Беттешип калсаң, жоо менен. Суктанбагын сулууга, Уят айтпа улууга. Тамаша айтсаң билбеске, Тар жерде катуу сындырат, Жамандардын адаты - Жалган сөздү чын кылат. Көптү көргөн адамдар Көнүлүңдү тындырат. Бекерчиден безе кач, Ушакчыдан көчө кач! Кызыктырып кыйыкты, Кыйын жерге жибербе, Билбестерди коркутуп, Алдоо менен имербе, Жаңшап турган Токоңдун - Насияты силерге. Жаның менен акыл айт Жакшы айтканың билерге. Колуңдан келбес жумушту Оюң менен бүтүрбө, Алыстан келер коноктун Кабарын укпай күтүнбө. Айталбаган сөз үчүн Оозуңду бекер ачпагын, Мактаганга март болуп, Оокатыңды чачпагын. Колдон келер иш болсо, Коркуп бекер качпагын, Мурунку жаман ишиңди Кийинки жерде таштагын. Жолдош болбо коркокко, Жүк артпагын торпокко, Иш кылдырба чоркокко. Күлүк минсең күүлөнүп, Эки жагың каранба, - Көйрөң атка коносуң Көрүп калган адамга. Сурап ичкен тамагың - Суу ичкен менен барабар, «Сук» атанып айлыңда Суук болбо, жаш балдар! Күлүк менен жарышпа. Билимдүү менен алышпа. Кейбир1 кылат өзүңдү Кеп салбагын маңызга. Көңүл калар кеп айтпа Оору менен картаңга, Жанын сатат кээ адам Жарым чөйчөк талканга. Бузук менен муңдашпа, Уятсыз менен ымдашпа, Болбос ишке кийликпе, Момундук жөнү бир башка… Алың менен күч керек Азык оокат тыңдашка. Акылсызга сөз айтып, Акмак менен сырдашпа. Аялыңды жек көрүп, Жамандыкты ырбатпа. Токтогул Сатылганов.
@user-zp5cq6pl5b3 ай бұрын
Ййй
@user-zp5cq6pl5b3 ай бұрын
Ййй
@user-vn9uy4wi6u2 ай бұрын
Сонун❤
@titantv9578 Жыл бұрын
Аргымакты жаман деп Тодон кайдан табасын Ага ийинди жаман деп Тууганды кайдан табасын
@user-lc7lk1zi6f Жыл бұрын
Эн туура создор. Жакшы ырдаптырсын.
@user-ve1ew4ej1e Жыл бұрын
Омурунуз узуун болсун омииин.
@titantv9578 Жыл бұрын
Ак саманды жаман деп Чопту кайдан табасын Аз дуйнону жаман деп Копту кайдан табасын Акын жаман деп Кепти кайдан табасын
@user-fk6jx9vi9n4 жыл бұрын
Эн Тура ырдаптыр
@user-mq4wm8xi6r Жыл бұрын
Молодец красивая музыка
@user-mw7bw6fk8e5 ай бұрын
❤❤❤❤❤❤❤
@mumtaz44355 ай бұрын
🎉🎉🎉🎉
@user-iu3xe3uo3x Жыл бұрын
Жакшы ырдапсынар коп жашаныз
@nirbekchynybekov51025 жыл бұрын
рахмат сендей адамдар елибизде коп болсун
@user-lv2jd6kj9b Жыл бұрын
ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. САНАТ Аргымакты жаман деп, Бууданды кайдан табасың? Агайынды жаман деп, Тууганды кайдан табасың? Тууганына батпаган, Душманына жалынат. Болбос жаман арамза Болумсуз ишке малынат. Кийинкисин ойлобой, Кишинин көөнү калынат. Жакынына жакпаган, Жат кишини жамынат. Канды кудай ураарда. Калкына жаман кас болот. Байды кудай ураарда, Дөөлөтүнө мас болот, Кышты кудай ураарда, Күн жылымдап, жаз болот. Эрди кудай ураарда - Элүүндө жаш болот. Берекесиз байлардан Бейил менен кун кетээр. Жумуш кылсаң, мудаа кыл, Иштей көрбө илдекер. Кара санап бирди алсаң, Колуңуздан миң кетер. Чечилишип сырдашсаң, Көкүрөктөн муң кетээр. Баарың болсоң бир ооздуу, Душман кантип былк этээр. Ак бараңдын кундагын Аталбасаң, сунбагын, Эрмин десең, душмандан Эки көзүң жумбагын. Өтүп кеткен иш үчүн Өкүнүп балаң урбагын. Көпкөн жигит көп сүйлөйт, Чечен жигит эп сүйлөйт, Билбестерге жыйында Бир сүйлөөгө кеп тийбейт. Жөн жүрбөгөн жигиттер Көрүнгөндөн тепки жейт. Ким көрүнгөн кекенип; "Ушунуку өтү”,-дейт, Көз карашың бузулса, Көргөн адам «көптү» дейт. Жинди менен жолошпо, Суу куйбагын толбоско
@timur739410 ай бұрын
Сут табакты жибитет Айран тамса ииритет Пайдасы жок кеп айтып Маныз созду чиритет 👍
@user-kq3zv3hw1n3 жыл бұрын
Туура
@Aida-np8xy2 ай бұрын
Текс керек
@user-uw2dl7rv3f3 жыл бұрын
Аргымакты жаман деп, а Бууданды кайдан табасын, Агайынды жаман деп, а Тууганды кайдан табасын, Ак саманды жаман деп Чопту кайдан табасын. Аз дуйнону жаман деп, а Копту кайдан табасын. Акындарды жаман деп, а Э койчу, кепти бир кайдан табасын ээээй
@altynaiaitbekova27012 жыл бұрын
Сизде толук тексти барбы?
@user-eh7tp5bb1p Жыл бұрын
@@altynaiaitbekova2701 Аргымакты «жаман» деп, Бууданды кайдан табасың? Агайынды «жаман» деп, Тууганды кайдан табасың? Ак саманды «жаман» деп, Чөптү кайдан табасың? Аз дүйнөнү «жаман» деп, Көптү кайдан табасың? Жарма, чайды «жаман» деп, Этти кайдан табасың? Акындарды «жаман» деп, Кепти кайдан табасың? Агарган карда көп жүрсөң, Көзүң бир күн карыгат, Агайындан чет жүрсөң, Көңүлүң бир күн тарыгат. Тууганына батпаган, Душманына жалынат. Болбос жаман арамза Болумсуз ишке малынат Ханды кудай урарда Калкына жаман кас болот. Байды кудай урарда Дөөлөтүнө мас болот. Кышты кудай ураарда Күн жылымдап жаз болот, Эрди кудай ураарда Элүүндө жаш болот Ак бараңдын кундагын, Аталбасаң сунбагын, Эрмин десең душмандан Эки көзүң жумбагын. Өтүп кеткен иш үчүн Өкүнүп балаң урбагын. Көпкөн жигит көп сүйлөйт, Чечен жигит эп сүйлөйт, Билбестерге жыйында Бир сүйлөөгө кеп тийбейт. Ким көрүнгөн кекенип «Ушунуку өттү» дейт, Жөн жүрбөгөн жигиттер Көрүнгөндөн тепки жейт. Көз карашың бузулса, Көргөн адам «көптү» дейт. Сүт табакты жибитет, Айран тамса иритет. Пайдасы жок кеп айтып, Маңыз сөздү чиритет. Күлө сүйлөп үйүңө Күндө кирген күл ичет. Эки дүлөй кошулса, Бир-бирине күлүшөт. Жинди менен жоолошпо, Суу куйбагын толбоско, Акмак болуп кетесиң, Ачууланба болбоско. Суктанбагын сулууга, Уят айтпа улууга. Тамаша айтсаң билбеске, Тар жерде катуу сындырат, Жамандардын адаты - Жалган сөздү чын кылат. Айталбаган сөз үчүн Оозуңду бекер ачпагын, Мактаганга март болуп, Оокатыңды чачпагын. Колдон келер иш болсо, Коркуп бекер качпагын, Мурунку жаман ишиңди Кийинки жерде таштагын. Жолдош болбо коркокко, Жүк артпагын торпокко, Иш кылдырба чоркокко. Күлүк минсең күүлөнүп, Эки жагың каранба, - Көйрөң атка коносуң Көрүп калган адамга.
@akylbekzhekshenbekov1141 Жыл бұрын
Автору Ким?
@SultanNur-tq7vq Жыл бұрын
Роза Аманова
@SultanNur-tq7vq Жыл бұрын
Созу: Токтогул Сатылганов Обону: Роза Аманова
@user-qw6gk1iu3d Жыл бұрын
Что же
@user-ll9vm7fg2g Жыл бұрын
Ташкындаган талантына соз жок, а бирок турмушунда берешен,жакшы Адам болсон болмок, аттин ай?Озунду гана ойлогон озумчул экенсин. Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба деген макал бар эмеспи...