Рыспай Абдыкадыров "Айтсаң боло" (Original audio version)

  Рет қаралды 59,951

ESIMDE-FM

ESIMDE-FM

3 жыл бұрын

#РыспайАбдыкадыров #Ретроыр #80х90жылдар
Рыспай Абдыкадыров
"Айтсаң боло"
Кайда барсам, ошондо да сен болосуң,
Өр таянсам гүлү көп да бел болосуң.
Суусап кетсем көк кашкада булак болуп,
Ысып кетсем, ысып кетсем айдарымда жел болосуң.
Түйшүк артсам жолопой да ала качып,
Жумуш кылсам турасың да каралашып
Сен келесиң жаныма да күн нуруна
Аппактыгың аппактыгың карларга да аралашып.
Китеп ачсам карайсың да тамга болуп,
Бакка кирсем карайсың да алма болуп.
Комуз алсам күү болуп да көпкө койбо,
Булбул болуп, булбул болуп сайрайсың да талга конуп.
Тереземден киресиң да аба болуп,
Дартты айдайсың денемден да даба болуп.
Канат болуп күүлөйсүң да үмүтүмдү,
Сагынтасың, сагынтасың чеги жок да санаа болуп.
Сууну көрсөм ак мөлтүр да шар болосуң,
Дайын жоктон жаралып да бар болосуң.
Баары болуп жүрөсүң го, бирок айтсаң
Качан мага, качан мага өмүрлүккө жар болосуң?

Пікірлер: 37
@shaibekov.4458
@shaibekov.4458 Жыл бұрын
Кайда барсам, ошондо да сен болосуң, Өр таянсам гүлү көп да бел болосуң. Суусап кетсем көк кашкада булак болуп, Ысып кетсем, ысып кетсем айдарымда жел болосуң. Түйшүк артсам жолопой да ала качып, Жумуш кылсам турасың да каралашып Сен келесиң жаныма да күн нуруна Аппактыгың аппактыгың карларга да аралашып. Китеп ачсам карайсың да тамга болуп, Бакка кирсем карайсың да алма болуп. Комуз алсам күү болуп да көпкө койбо, Булбул болуп, булбул болуп сайрайсың да талга конуп. Тереземден киресиң да аба болуп, Дартты айдайсың денемден да даба болуп. Канат болуп күүлөйсүң да үмүтүмдү, Сагынтасың, сагынтасың чеги жок да санаа болуп. Сууну көрсөм ак мөлтүр да шар болосуң, Дайын жоктон жаралып да бар болосуң. Баары болуп жүрөсүң го, бирок айтсаң Качан мага, качан мага өмүрлүккө жар болосуң? Сизге балким булар жагат?
@TurbukulTutkuchov-ro6zl
@TurbukulTutkuchov-ro6zl 2 ай бұрын
Кайран талант, бир келди да, бир кетти.Эми мындай талант жаралышына көз жетпейт.Тирүүсүндө бааланбай кетти, аттиң арман күн.
@user-px5is2lr5x
@user-px5is2lr5x 2 жыл бұрын
Не деген обон не дегенин рысбайдын ырлары баары олбос очпос шедевр ырлар
@bekboloakimjanovv3608
@bekboloakimjanovv3608 2 жыл бұрын
Рысбай жаткан жери жайлуу болсун унуно баракелде эчким жетпейт
@uulbuulyana
@uulbuulyana 2 ай бұрын
Келишимдуу келбетине топ келген обондору ар бир адам пендесин суктандыруу ырахаттануу менен черинди жазатко чиркин мындай обондор эми жаралар бекен Ар даым элиндин журогундосуз Ырсбай ага
@user-ir2nk5sq6k
@user-ir2nk5sq6k 2 жыл бұрын
Кандай гана кайталангыс керемет добуш, керемет обон, уккан сайын уккун келет, мындай талант кайрадан жаралып келээр бекен ..
@user-wl1tf1fm7y
@user-wl1tf1fm7y 2 жыл бұрын
Келет бар Токтогулов Алмазбек деп жазсаңыз рыспайдыкына окшош ырдаган авам болот
@ooooo8426
@ooooo8426 Жыл бұрын
Кудай таалам баалаган керемет адам.Бейиши болсун.
@fhjkcchcyyf6699
@fhjkcchcyyf6699 5 ай бұрын
Эч кимдин ырдаганы журокко жетпейт,угууп жатып баардык откон омур козго келетко чиркин
@olmaskankalanbekova6304
@olmaskankalanbekova6304 Жыл бұрын
Ырдын пири Рыспай талантынызга таазим
@user-wb4kq5lq4i
@user-wb4kq5lq4i 2 жыл бұрын
Жайы жаннатан болсун
@user-xz4tw5li2p
@user-xz4tw5li2p Ай бұрын
Укан сайын уккун келет кайран залкар тамырга кан жургузот
@ender2229
@ender2229 Жыл бұрын
Ушундай залкар адамды тируу кезинде барктабадык! Кыргыздын кайдыгерлиги ото окундурот!
@ularbeknasipov9539
@ularbeknasipov9539 2 жыл бұрын
Аллахым жайынызды жаннаттан кылсын,сиздин элесиниз кыргыз эли мн туболукко калаберет.
@user-rp4pq7ii3c
@user-rp4pq7ii3c 8 ай бұрын
Кандай керемет обон
@CsyyedfFshtusy
@CsyyedfFshtusy Ай бұрын
Ырдын пири Рыспай деген соз дал ушул кишиге жарашкан соз,Кыргызга Рыспайдай шедеврди берген Аллахыма чексиз шугурлор айтам
@user-uc4dp4pk1g
@user-uc4dp4pk1g 5 ай бұрын
Мындай ун качан чыгат деп кутом,70ке чыгып баратамын, КУДАЙдан тилеймин ушундай ун бул ааламга келишин каалаймын, оригинальный голос просто невозможно
@user-oh2fy1gf4q
@user-oh2fy1gf4q 2 жыл бұрын
Рысбай ага кудай таала кандай гана талант берген сизге,укмуш,ырдаганда адамдын бүт акыл оюн бийлеп алат шумдук кайталангыс талант аттиң кудай таала сизден эмне үчүн жашты аяды экен өкүнүчтүү .
@MirlanToktomuratov
@MirlanToktomuratov 8 ай бұрын
Кылымдарга сактала турган обон!!!
@user-mz7gl8fu3c
@user-mz7gl8fu3c Жыл бұрын
Табигат талантты аябай чексиз берген экен балуу ырларынызга таазим
@user-hl2ll3ro3w
@user-hl2ll3ro3w 2 жыл бұрын
ЖатканЖериЖайлуБолсун
@user-se7ns3nl7i
@user-se7ns3nl7i 2 жыл бұрын
🤲🤲🤲👍👍
@zainazaina7298
@zainazaina7298 3 жыл бұрын
👍👍👍👍👏👏👏👏👏
@user-mw5vi2ml7q
@user-mw5vi2ml7q 2 жыл бұрын
Ыр деп ушуну айт
@user-ok3ic8nx1h
@user-ok3ic8nx1h 4 ай бұрын
Тугонгон.сайын.тутогон.кыргыздан.Рысбай.агадай..инсан.100.жылда.кайра.келер.деп.кутолу.оомин
@user-hl2ll3ro3w
@user-hl2ll3ro3w 2 жыл бұрын
ТопурагыТоркуБолсун
@user-mz7gl8fu3c
@user-mz7gl8fu3c 6 ай бұрын
Жартканымаябай баалап берген унду талант баа жеткис ун
@user-rh2br5pe2o
@user-rh2br5pe2o 3 жыл бұрын
Кайрат Рыспай аке
@user-vb3ol1ew3v
@user-vb3ol1ew3v 2 жыл бұрын
Кайталангыс. керемет үн канча уксам да жадабайм жайыныз жаннатта болсун. ылайым сизди коруп калганыма. сиз.менен замандаш болгонума. Сыймыктанам !!!
@user-oh2fy1gf4q
@user-oh2fy1gf4q 2 жыл бұрын
Кудай Таала талантты ченебей берген экен,бирок жаштан сараңдык кылган экен.Рысбай аганын ырларын угуу кандай рахат берет адамга. Кайран гана талант дагы бир жок деген жыйырма жыл жашагандан эмне.
@user-ew1gj7tf1s
@user-ew1gj7tf1s 9 ай бұрын
👍👍👍👍👍👍👍🤲🏻🤲🏻🤲🏻
@Guldar-uw9zm
@Guldar-uw9zm Жыл бұрын
@user-bo7jf1ds2s
@user-bo7jf1ds2s 20 күн бұрын
Толугу менен жазсанар жакшы болот еле сураныч
@user-rc6rd4wz6g
@user-rc6rd4wz6g 27 күн бұрын
Ырдын тексин мүмкүн болсо жазып койунуздар.
@user-gr7cz9im8o
@user-gr7cz9im8o Жыл бұрын
❤❤❤😭😭😭😭😭😭🤲
@user-ok3ic8nx1h
@user-ok3ic8nx1h 4 ай бұрын
Кыргызгв.бир.келген.оомат.элен.яРысбай.аке.кадырыны.билбеген.ошондогу.бийлике.наалат
@user-kw8hw8pk3w
@user-kw8hw8pk3w 4 ай бұрын
Акең кыз келиндерге жакын, шустрый болгон, ал кезде нравалык тарбия күчтүү болгон, моралдык жактан туруктуу, же туруксуз деп баа берилген ,ошол жагынан Рысбай акең алсыз болгон, ошондой эле алиги атың өчкүр аракка да бир аз жакын болгон, ошондуктан көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарга ээ боло албады азыр эми туруктуубу ,туруксузбу, канча эрге тийди ажырашты ,канча аял алды анча маани берилбей калды!
Неге минтип жүрөмүн Рыспай Абдыкадыров
3:52
Эркеайым Шакировна Боталиева
Рет қаралды 119 М.
WHAT’S THAT?
00:27
Natan por Aí
Рет қаралды 13 МЛН
Clown takes blame for missing candy 🍬🤣 #shorts
00:49
Yoeslan
Рет қаралды 39 МЛН
Ой, бото көз - Рыспай Абдыкадыров | КТРК казынасынан
2:19
УТРК Алтын казына - Борбордук архив
Рет қаралды 14 М.
Насип Мырза «Айтсан боло» Р.Абдыкадыров
4:21
Насип Мырза
Рет қаралды 19 М.
Мээрим Карыпова & Таалай Иманкулов - Айтсан боло
3:48
Рыспай Абдыкадыров менен сырдашкан Түгөлбай Казаков
34:48
Duman - мен болмасам кім? (Mood Video)
2:35
Duman Marat
Рет қаралды 41 М.
Munisa Rizayeva - Aka makasi (Official Music Video)
6:18
Munisa Rizayeva
Рет қаралды 8 МЛН
Әділет Жауғашар & SUNDET MUSLIM - Бір оқиға [M/V]
3:05
Әділет Жауғашар
Рет қаралды 108 М.
Nurmuhammed Jaqyp  - Nasini el donya (cover)
2:57
Nurmuhammed Jaqyp
Рет қаралды 336 М.