СҮЙӨМ ДЕП НЕГЕ АЛДАДЫҢ? Сөзү: Гүлзат Кудайбердиева, Мыскал Адилкан кызы, Толкунбек Курманбеков

  Рет қаралды 96,308

Гүлзат Кудайбердиева

Гүлзат Кудайбердиева

3 жыл бұрын

Урматтуу ыр ышкыбоздору!
Бул ырды угаардан алдың, ырдын тарыхына кайрыла кетиңиздер. Алгачында эсиңиздерге сала кетейин, ырдын экинчи куплетин мен улап бергеним болду.
Ыр жарыяланаары менен "Автору башка" делген кептер таралууда. Байкасам, ырдын биринчи куплетин Мыскал Адилкан кызы да ырдап чыккан экен. Такташтыра келсем эки же үч эле ыры бар экен. Ыр жазып таштап койгон сыягы.
Бирок Толкунбек Курманбеков жаздырардан мурда Мага мындай кайрылган болчу: "Өзүм ыр жазамын. Бир куплетин жазган бойдон кайра улай албай койдум. Экинчи куплетин жазып берсеңиз"-деп. Көрсө Мыскал бул ырын Толкунбекке 3-4 жыл мурда "Одноклассники" сайтынан жөнөткөн экен. Иши кылып #атала бул жагы.))
"Малчысы көптүн малы арам өлөт" болуп, көпчүлүк байкабаганы менен өз ара түшүнбөстүктөр болуп баштады.
Негизинде, бирөөнүн текстин оңдоп, улам жазуудан алыс элем. Эмнегедир Макул болгон экенмин. Өкүндүм!
Урматтуу ютуб колдонуучулары, ырды жүктөрдө жогоруда мен айтып өткөн авторлорду эске алып койсоңуздар!
Урматым менен Гүлзат Кудайбердиева!
Урушпай, талашпай текстти бөлүштүрүп койдум.)) Бирөөнүн казанына кол салбасак ушу! Эки авторду да эмгегин баалап белгилей кеттим. Кимиси автору экенин бир өздөрү, бир Кудай билет. Дээринде бары чындыгын айтар!
СҮЙБӨСӨҢ НЕГЕ АЛДАДЫҢ?
1) Ал күндү эстесем мен,
Көзүмдөн жашым агат.
Башканын колун кармап,
Бараттың бак аралап.
Күйдүрүп жалындатып,
Жүрөктү жараладың.
Сүйбөсөң өзүң мени,
Сүйөм деп неге алдадың?
Аралап ошол бакты,
Эрчишип жүрчү элек.
Курулай сөзүң экен,
Ошондо айткан кебиң
Түшүндүм эми баарын,
Сен мени сүйө албадың.
Айтарым бактылуу бол,
Мен эми башка адаммын.
Автор: Мыскал Адилкан кызы,
Толкунбек Курманбеков
______________________
2)
Менчелик сүйүп турсун,
Бактыңа буйурганың.
А бирок мендик сүйүүң,
Түбөлүк менде калсын?
Сагынып калганымда,
Ооруксуйм тартып санаа.
Дидаарың тумар сымал,
Дартыма болот дабаа.
Сүрөтүң көргөн сайын,
Жүрөктө козуйт жарам.
Жашоого билсең азыр
Өзүңсүз көнүп барам.
Мен сени сүйгөнчөлүк,
Сүйөлбайт билсең жарың.
Мени эми сүйбө мейли,
А бирок унутпагын!
Автор: Гүлзат Кудайбердиева

Пікірлер: 57
@user-zl8le7dp4w
@user-zl8le7dp4w 11 ай бұрын
Ассалам алейкум Рахмет Сизге беккем ден саулык жумысларыныз берекет жаусын Каракалпакстан Конырат салем
@sky4empfly6
@sky4empfly6 3 жыл бұрын
Молодец чыныгы талант деп ушуну айт, унуно береке, кандай гана уккулуктуу ун , журоко жететго👏👏👏👍 🥰🥰 Толкунбектин ырларын жата калып маани берип угамго чиркин👌✊🥰
@ainuraasanbaeva7121
@ainuraasanbaeva7121 3 жыл бұрын
Ай ай эзилип буттум деген ырды Толкунбек чыгарды го сразу хит болуп кетти ...молодец таланттуу бала .просто которчу кишини жокко
@user-cj3qd8gv9c
@user-cj3qd8gv9c 3 жыл бұрын
Бул клип каментарийсиз калыптыр го кыргызым баары шайлоо м-н гитара ырлар угам элек окшойт келгиле колдоо көрсөтүп духтан мардан берели ушул инибизге
@gulnazgulnazgulnsz1462
@gulnazgulnazgulnsz1462 3 жыл бұрын
Молодец красавчик!!!ден-соолугун бекем болсун. Суукта абайла.
@user-gm1ig9ph9d
@user-gm1ig9ph9d 11 ай бұрын
Эн соонун ырдапсын Сенин куйорман апжен бактылуу бол козтийбесин ылайым
@user-ts5bf3fz1r
@user-ts5bf3fz1r 2 жыл бұрын
Азаматсын алтын иним алга ден соолук сага
@umarkoichumanov5818
@umarkoichumanov5818 3 жыл бұрын
Эн жакшы ырдапсынар ✊✊🖤
@user-sg3kq5oj9c
@user-sg3kq5oj9c 11 ай бұрын
Толкунбек алга откон жаштыкты армандуу суйуулорду эске салдынбар болгун осо бергинОш шаары
@user-un1nn2oj6n
@user-un1nn2oj6n 10 ай бұрын
Ийй ал күндөр 😊 сонун чыгарма
@user-mu7un2db8p
@user-mu7un2db8p 2 жыл бұрын
Жакшы ырдайт экен!!!Сахнага чыкса жакшы болмок!!!Гитара менен эле концерт уюштурган кишилерге барып суйлошсо болот да!
@tursunaikadyrova8173
@tursunaikadyrova8173 2 жыл бұрын
Сонун 👍🏾👍🏾👍🏾👍🏾👍🏾💥💥💥💥💥❤
@user-ro3io2ll6l
@user-ro3io2ll6l 2 жыл бұрын
Таланттуу жигит экен абдан ийгилик
@nodir2423
@nodir2423 Жыл бұрын
Сонун песния
@jaskaabdumalikova1258
@jaskaabdumalikova1258 2 жыл бұрын
Омур ден соолук жылмайган жузун нурга толуп бир кызды суйуп сыйлап бактылуу бол
@user-nd8yi6un9m
@user-nd8yi6un9m 7 ай бұрын
Соонун
@noruzgultimurlanova7275
@noruzgultimurlanova7275 2 жыл бұрын
Молодец байке дагы коптогон ийгиликтерге жете берин ❤️😍💔
@daniarbakytbekov1876
@daniarbakytbekov1876 3 жыл бұрын
👏👏👏👏маладец байке
@user-xl3zf2je7w
@user-xl3zf2je7w 3 жыл бұрын
Молодец
@user-bt2rq2zb9o
@user-bt2rq2zb9o 2 жыл бұрын
Аллахым унуно берекесин берсин
@gulzhanabdrasulova9657
@gulzhanabdrasulova9657 2 жыл бұрын
Азаматсын уулум ийгилик бактылуу бол
@samaganjoloev9321
@samaganjoloev9321 3 жыл бұрын
👍
@user-gn6wc9td3w
@user-gn6wc9td3w 2 жыл бұрын
Красапчик братан соонун ырдапсын
@aikolchui9978
@aikolchui9978 3 жыл бұрын
Созу, обону жана аткаруучу топ келиптир!
@user-gs3pq7hs1v
@user-gs3pq7hs1v 3 жыл бұрын
Рахмат!
@jaskaabdumalikova1258
@jaskaabdumalikova1258 2 жыл бұрын
Унундон садагам кучугум бактылуу бол
@ElnuraErkinbek
@ElnuraErkinbek 7 ай бұрын
Ырларынды зээрикпей угам Укам сага жакшылыктарды гана каалаймын
@user-wr8fq1pf1n
@user-wr8fq1pf1n 3 жыл бұрын
Токуш брат красавчик делай дальше
@user-pw3fp9cn4z
@user-pw3fp9cn4z 2 жыл бұрын
👍🙂
@user-yg4dv5eg5x
@user-yg4dv5eg5x 10 ай бұрын
❤🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉
@user-gt3li7jy6t
@user-gt3li7jy6t 2 жыл бұрын
😍😍😍👍👍👍👏👏👏
@user-ke5ku1mv6k
@user-ke5ku1mv6k 2 жыл бұрын
🎖🎖😎😎
@kamilaisrailova4609
@kamilaisrailova4609 3 жыл бұрын
✌️
@rinatnasirbekov3264
@rinatnasirbekov3264 3 жыл бұрын
😍😍❤
@jakuadilet8675
@jakuadilet8675 3 жыл бұрын
Таалантына тазим иним бут ырларын бир жаздырып чыгарсан соонун болот эле
@user-ud2jp5sf7d
@user-ud2jp5sf7d 3 жыл бұрын
Красавчик
@user-oy2md7fq7b
@user-oy2md7fq7b 2 жыл бұрын
Бул ырды суйуп калдым мен
@user-yx4mf3wn7u
@user-yx4mf3wn7u 3 жыл бұрын
Кантип скачать кылсам болот
@alinaabdrahmanova2167
@alinaabdrahmanova2167 2 жыл бұрын
Жаан
@user-yo7cr7nl8l
@user-yo7cr7nl8l 3 жыл бұрын
Соз жок аябай жакшы ырдапсын бирок жылуу жерде ырдасан болбмок экен сууук та гитара нын звугу анча болбой калат экен эмкисинде ушул ырды жылуу бир жерде угам деген умуттомун 😁 алдыга ийгилик 👍👍👍👍👍
@user-nd8yi6un9m
@user-nd8yi6un9m 8 ай бұрын
Музыка
@user-nd8yi6un9m
@user-nd8yi6un9m 8 ай бұрын
Жакшы
@uamankurmanbekov7630
@uamankurmanbekov7630 2 жыл бұрын
Эже сиз менен кантип байланышсам болот ыр жаздырайын дедим эле
@user-gs3pq7hs1v
@user-gs3pq7hs1v 2 жыл бұрын
0773831204
@user-ve9tj9st4n
@user-ve9tj9st4n 8 ай бұрын
Molodess unune bereke yrlaryndy suiup ugam
@nargizaismailovna4525
@nargizaismailovna4525 3 жыл бұрын
Ырды кайдан алсак болот
@aisuluunishanova6209
@aisuluunishanova6209 3 жыл бұрын
Гулзат кудайбердиева жазат ырды, ошол кызга жазсан, ыр жазып берин деп, жазып корсон
@user-gs3pq7hs1v
@user-gs3pq7hs1v 3 жыл бұрын
@user-kl8mu4ps7l
@user-kl8mu4ps7l 3 жыл бұрын
@@user-gs3pq7hs1v ырды кантип скатерть кылсак болот
@user-wl9qz7um7q
@user-wl9qz7um7q 2 жыл бұрын
Ушул ырдын mp3 качан чыгат
@user-gs3pq7hs1v
@user-gs3pq7hs1v 2 жыл бұрын
Клип менен кошо чыгат
@user-lh4lq2ch7i
@user-lh4lq2ch7i 2 жыл бұрын
Ютубтан мр3 кылып скачать етип алса болот
@olexandrk7380
@olexandrk7380 Жыл бұрын
Струны на морозе придется немного отпустить.
@user-kj8yd8lv3y
@user-kj8yd8lv3y 3 жыл бұрын
Соонун
@user-ky1vu5rp3u
@user-ky1vu5rp3u 2 жыл бұрын
Мыкты Чыгарма жазыпсынар силерге Алкыш...
@user-gs3pq7hs1v
@user-gs3pq7hs1v 2 жыл бұрын
Рахмат!
Толкунбек Курманбеков  Эзилип буттум  Автор Музыка Б.Т
3:44
Толкунбек Курманбеков
Рет қаралды 715 М.
Толкунбек уулунуздар Москва шаарында кызматта
12:38
How Many Balloons Does It Take To Fly?
00:18
MrBeast
Рет қаралды 200 МЛН
Best Toilet Gadgets and #Hacks you must try!!💩💩
00:49
Poly Holy Yow
Рет қаралды 21 МЛН
Эффект Карбонаро и нестандартная коробка
01:00
История одного вокалиста
Рет қаралды 10 МЛН
ВОДА В СОЛО
00:20
⚡️КАН АНДРЕЙ⚡️
Рет қаралды 32 МЛН
ЫР ЖЫЙНАК ~ Толкунбек Курманбеков (2023)
36:35
Толкунбек Курманбеков
Рет қаралды 760 М.
Тамашалу ыр 😂
7:06
Абдулла Калмуратов
Рет қаралды 705 М.
Азамат Токтокадыров - Издеп келем
3:46
Азамат Токтокадыров
Рет қаралды 7 МЛН
Айтурган Абдразакова / ЭЧ КИМГЕ БЕРБЕЙ СҮЙӨМҮН"
2:53
Айтурган Абдразакова
Рет қаралды 13 МЛН
How Many Balloons Does It Take To Fly?
00:18
MrBeast
Рет қаралды 200 МЛН