Рет қаралды 18,011
Асман көктө чалкыган, жериң сонун Ала -Тоо,
Ата-журтуу акылман, элиң сонун Ала -Тоо.
Аркар, кулжа жайнаган, төрүң сонун Ала -Тоо,
Ак-куу сүзүп калкыган, көлүң сонун Ала -Тоо.
Эркин кыргыз элине, энчи болгон Ала -Тоо,
Эгемендүү жерине, кечи болгон Ала -Тоо.
Каркырадай жебесин созо жүрөт Ала -Тоо,
Кайда жүрсөм элесиң, кошо жүрөт Ала -Тоо.
Түркүн гүлү жайнаган, түрүң сонун саймадан,
Гүл зарыңда түрдүү куш, күн, түн тынбай сайраган.
Карегимди толтуруп карай берем кайрадан,
Кагылайын Ала -Тоо, караныңдан айланам.