Рет қаралды 445
Салымбеков Университет Талас шаарындагы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине, окутуучу жана бүтүрүүчү класстын окуучуларына дүйнө жүзүндө болуп жаткан технологиялык өзгөрүүлөрдүн билим берүү жана эмгек рыногуна тийгизип жаткан таасирлери, билим берүү системасында болуп жаткан трансформациялануу, кесип жана андагы кардиналдуу өзгөрүүлөр, 21-кылымда алдыга чыгып жаткан IT технологиялар жана биотехнология сыяктуу багыттардын орду, жумшак көндүмдөрдүн билим сапатын көтөрүүдөгү потенциалы багыттарында семинар өткөрүп келди.
⠀
🔷Семинардын спикерлери:
⠀
▫️Амангелди Жумадилов (PhD), Салымбеков Университеттин президенти
⠀
Лекциянын темасы: “Билим берүүдөгү заманбап тенденциялар жана 21-кылымда зарыл болгон универсалдуу билимдер”.
⠀
▫️Абдылдаев Рысбек Алдагандаевич (профессор, онколог, медицина илимдеринин доктору), Салымбеков Университеттин вице-президенти.
⠀
Лекциянын темасы: “Медицинадагы заманбап илимий жетишкендиктер жана STEAM багытындагы билимдин зарылдыгы”.
⠀
▫️Билгазиев Эмиль (PhD), Америка Технологиялар Институнун негиздөөчүсү, АКШнын Хьюстон университетинин жасалма интеллект багытында докторлук (PhD) даражасын алган, 15 жылдан ашык Facebook, Instagram, UBER сыяктуу ири компаияларда ага инженер болуп иштеген.
⠀
Лекциянын темасы: «Батыш өлкөлөрүндө билим - бул акча».
⠀
▫️Казаков Аваз Асанович, Салымбеков Университеттин проректору.
⠀
Лекциянын темасы: “Тайм-менеджмент, коммуникативдик жөндөмдөр жана эмоционалдык интеллекттин билим сапатын көтөрүүдөгү потенциалы
УТРК ТАЛАС ЖАҢЫЛЫКТАР 01 03 24