Жаз жаңыдан жаркып келген сирень гүлүн ача элек, Мажүрүм тал жапжаш эле, биз да талдай жаш элек. Сүйүү оту чагылганда турду сирень гүлү өнүп, Тагдыр кошпой турам жалгыз карт даракка жөлөнүп. Каркыралар учуп өтөт, катарлары бузулбай, А биз неге айрылыштык, балким тагдыр ушундай. Көздөрүнөн оту жанып, жаштар өтсө топтошуп, Махабатым унутулат, карт даракка окшошуп. Карт дарактын бутагында кар бүртүгү келептеп, Биз өткөргөн алтын күндөр, кайра баштан элестеп. Жаз жаңыдан жаркып келген сирень гүлүн ача элек, Мажүрүм тал жапжаш элен, биз да талдай жаш элек.
@user-rw8wz1xg9e11 ай бұрын
Омурлу бол Санжар
@user-zu9gh6ym1l7 ай бұрын
Азаматсын
@aigulorozalieva16934 жыл бұрын
Мындай ун чанда кездешет,Санжар👍👍👍😍
@user-rt9zl2ki3t2 жыл бұрын
👏👋
@zinamukamalievna1463 жыл бұрын
Азаматсын. Баракелде!
@aigulorozalieva16934 жыл бұрын
АЗАМАТСЫН!!!👍👍👍👍👍
@Ra-gf5on4 жыл бұрын
соз жок жакшы жакшы
@user-gi8jw4ro9j2 жыл бұрын
👍👍👍👍🥰🥰
@robertofirmino74914 жыл бұрын
Ырдын сөздөрүндө каталыктар өтө көп. Мажүрүм тал жапжаш элеК эмес, жапжаш ЭЛЕ. Картарак эмес, карт дарак. Кар бир түгөй эмес, ар-бир түгөй.