"Сиз жөнүндө" дуэт

  Рет қаралды 38,830

Түмөнбай КОЛДОШОВ

Түмөнбай КОЛДОШОВ

4 жыл бұрын

С.Момуналиевдин сөзүнө жазылган "Сиз жөнүндө" аттуу обондуу ырымды Керемет Сабыржан кызы менен аткарганбыз.
“СИЗ ЖӨНҮНДӨ”
Сөзү: Сатканбай Момуналиевдики
Обону: Түмөнбай Колдошовдуку
Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кат да жазбайм кубанычтуу, кусалуу.
Сымбатыңыз суктандырып турса да,
Жүрөгүңүз, эркиңиз да тушалуу.
Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кечириңиз тынчыңызды алдым көп,
Сезимиңиз сенектигин байкабай,
Тажатыпмын айта берип сүйөм деп.
Ырлар жазбайм сагынычтуу, кусалуу,
Күнөөлөбөйм сүйбөдү деп сизди мен.
Сезим жанбоо - бактысыздык чоң кайгы,
Сүйүп зарлоо - зор бакыт деп түшүнөм.
Сиз мендиксиз, мендик эмессиз,
Сезим, ойлор бирге бирок бөлөкпөз.
Сагындырып, саргайтканыңыз үчүн,
Сүйөмүн да, жек көрөмүн сизди мен.

Пікірлер: 70
@Ametist64
@Ametist64 10 күн бұрын
Соонун дуэет Соонун ыр Талантына береке жигит
@user-rt4xg2rz6c
@user-rt4xg2rz6c 5 ай бұрын
Сонун ырдашыптыр
@user-yx6vy6cr8y
@user-yx6vy6cr8y 4 жыл бұрын
Эң сонүн дуэт.Сенин ырларыңды сүйгөн элдердин жарпын жазып,эчендеген ырларыңы угузуп,эчендеген концерттериңи өткөрө бер.Жакшы күндор болсун.
@user-ld2fe8ih2i
@user-ld2fe8ih2i 2 жыл бұрын
Талантына таазим кандай сонун ырлар уккан сайын уккун келет чыгармачылык ийгилик дайыма коштоп журсун ден соолукта бол
@danildanil1476
@danildanil1476 2 жыл бұрын
Тумонбай бар бол балам ,Сенин ырларындан ырахат алабыз , ишине ийгилик ,бравоо !
@user-rp9rk1vr1k
@user-rp9rk1vr1k 6 ай бұрын
❤❤🎉
@joma.1986
@joma.1986 4 жыл бұрын
Бали, сонун ыр 👍👍👍
@user-uf2xc4pg3z
@user-uf2xc4pg3z 4 жыл бұрын
Азамат Т Колдошев 👏👏👏
@mirgulisakova3605
@mirgulisakova3605 3 жыл бұрын
Эң сонун аткаруу!👍
@abdyldarahmanuulu8989
@abdyldarahmanuulu8989 4 жыл бұрын
Унунуз эч качан очпосун ылайым. Ыр учун чоон рахмат!
@user-on8ec8dp3y
@user-on8ec8dp3y 4 жыл бұрын
керемет таланттын ,керемет ундун ээсизиз .таазим 🙏🙏🙏
@user-jg6zt9dy9q
@user-jg6zt9dy9q 4 жыл бұрын
Тумонбай агай ырларыныз журокту Ыйлатат суйуунун бар экенин сездирет Мен сиздин ырларды ото суйуп угам жана ырдай билем эгер сиз мн дует ырдасам сиздин ырларыныз ото жете турган жерине жетмек
@gulbubu1432
@gulbubu1432 5 ай бұрын
Унуно береке аллахым колдосун оомийин уулум Аман бол тилегине жет
@user-iw7zp3et3h
@user-iw7zp3et3h Жыл бұрын
Экооно тен ден соолук каалайм унунор эч качан очпосун
@gulzat6949
@gulzat6949 Жыл бұрын
Айпери Кулбаева менен соонун дуэт болмок
@user-fz7qn6ig7b
@user-fz7qn6ig7b 2 жыл бұрын
Керемет,үнүңө береке!👍👍👍
@anarasaiipbekova7761
@anarasaiipbekova7761 4 жыл бұрын
Эң жакшы дуэт болуптур, чыгармачылык кызматташуу улана берсин!!!
@ilyaapiev4449
@ilyaapiev4449 4 жыл бұрын
Сонун ыр укан сайын укук келет 👏👏👏👏👏
@user-bn9lg5cs1i
@user-bn9lg5cs1i 4 жыл бұрын
Талантынызга ырахмат сиздин концертинизге барганда аябай кутом бирок, алыстабыз.
@user-gw9li4ef5c
@user-gw9li4ef5c 4 жыл бұрын
АЗАМАТСЫҢАР!!ЭҢ СОНУН ДУЕТ!!БАР БОЛГУЛА ЭЛ СҮЙГӨН ТАЛАНТТУУЛАР!!
@sovetbekdjakypov209
@sovetbekdjakypov209 Жыл бұрын
Ырга корк берген суулу айым экен бардык жакдан топ келиптир
@vkusno-interesno
@vkusno-interesno 4 жыл бұрын
Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен, Кат да жазбайм кубанычтуу, кусалуу. Сымбатыңыз суктандырып турса да, Жүрөгүңүз, эркиңиз да тушалуу. Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен, Кечириңиз, тынчыңызды алдым көп. Сезимиңиз сенектигин байкабай, Тажатыпмын айта берип сүйөм деп. Ырлар жазбайм сагынычтуу, кусалуу, Күнөөлөбөйм сүйбөдү деп сизди мен. Сезим жанбоо - бактысыздык, чоң кайгы, Сүйүп, зарлоо чоң бакыт деп түшүнөм. Сиз мендиксиз, мендик дагы эмессиз, Сезим, ойлор бирге, бирок бөлөкпүз. Сагындырып, саргайтканыңыз үчүн, Сүйөмүн да, жек көрөмүн сизди эпсиз
@user-jf9bm6gy4c
@user-jf9bm6gy4c 4 жыл бұрын
Соонун ыр, керемет!
@gulnuraabdyldaeva6354
@gulnuraabdyldaeva6354 Жыл бұрын
Абдан сонун обону да сөзү да,бирок кыз кусалуу ырдабай шаңдуу ырдап жатат
@user-pn3hq1ko3s
@user-pn3hq1ko3s 4 жыл бұрын
Отттто сонун ырдагансынар угуп ушшундай сергип дем алдым рахмат бар болгула
@paizilatmamytova3637
@paizilatmamytova3637 Жыл бұрын
Бах чиркин керемет ыр.Соз таба албайсы
@user-zz6ev3hh7d
@user-zz6ev3hh7d 2 жыл бұрын
Шедевр
@user-mc6ob3lc2s
@user-mc6ob3lc2s 3 жыл бұрын
Туко молодец
@user-op7vs5zh9s
@user-op7vs5zh9s 2 жыл бұрын
Керемет сонун кыз 🌹💋
@dinarasagindikova0052
@dinarasagindikova0052 4 жыл бұрын
Жашасын суйуу
@Tumonbay_Koldoshov
@Tumonbay_Koldoshov 4 жыл бұрын
Урматтуу ыр күйөрмандары, музыка ышкыбоздору, сиздерге мурда, жакынкы жылдары жазылган обондорумду жарыялап жатамын. Угуп, пикир жазганыңыздар үчүн ыраазымын! "Сиз жөнүндө" аттуу обонумдун текстин жазып койдум. Ырдын атын бассаңыз текст чыгат. Ар бириңиздерге жагымдуу эс алуу, бактылуу турмуш каалаймын. Урматтоо менен Түмөнбай Колдошов.
@user-gq8ss3oz8k
@user-gq8ss3oz8k 2 жыл бұрын
Ким менен ырдагансыз?
@user-yb7ec7lv2l
@user-yb7ec7lv2l 2 жыл бұрын
Рахмат Тумонбай иним!Бар бол.Чыгармачылык ийгилик.Рыспай аке айтчу эле.Эн мыкты чыгармам Али жарала элек.Сенин да мыкты чыгармаларын али алдыда.
@gulbubu1432
@gulbubu1432 6 ай бұрын
Талантына таазим уулум Аман бол омурун Узун Болсун тилегине жет
@user-wf5xt6oe1m
@user-wf5xt6oe1m 4 жыл бұрын
Сонун,мага жакты
@user-eh1vh9qu9h
@user-eh1vh9qu9h 4 жыл бұрын
Баракелде Аман болунуздар.
@gulnuraabdyldaeva1231
@gulnuraabdyldaeva1231 2 жыл бұрын
Кандай сонун ыр
@user-ot8bz5ud3q
@user-ot8bz5ud3q Жыл бұрын
кыздын уну керемет
@user-sw9pl7hx8z
@user-sw9pl7hx8z Жыл бұрын
керемет
@user-iv7ed3uy8j
@user-iv7ed3uy8j 4 жыл бұрын
ООО Туко чоон рахмат. Текст учун🙏🙏🙏
@user-ky4mq2fb3v
@user-ky4mq2fb3v 4 жыл бұрын
Сонун талантына таазим
@salamatsharsh1415
@salamatsharsh1415 4 жыл бұрын
Абдан сонун(((соз жок ,,,ажайып чыгарма)))Азаматсыз))
@user-ir3kf9mz5j
@user-ir3kf9mz5j 4 жыл бұрын
Сөз жоок соонун ыр 👍👍👍
@_azimm_7856
@_azimm_7856 3 жыл бұрын
👍👍
@user-qw5um8tl3k
@user-qw5um8tl3k Жыл бұрын
Угуп эле олтургун келет бали
@akaiabasbekov1212
@akaiabasbekov1212 4 жыл бұрын
Эх эх чиркин
@user-rb9tb8pl3r
@user-rb9tb8pl3r 4 жыл бұрын
соонун,
@user-ir3kf9mz5j
@user-ir3kf9mz5j 4 жыл бұрын
Айпери Кулбаева менен ырдаганынызда мындан да соонун болмок экен
@kanyshaibaktybekova629
@kanyshaibaktybekova629 2 жыл бұрын
Туура айттыныз🥰
@user-mg5sd5xj2p
@user-mg5sd5xj2p 2 жыл бұрын
Кандай сонун ыр, азаматсынар, Тумонбайга тен келип ырдаган Керемет да азамат, унунор укмуш, создору да мазмундуу, эмне учун "сизди эпсиз", дегенди "сизди мен" деп озгортуп алдынар, озунуку сонун угулат го...
@Tumonbay_Koldoshov
@Tumonbay_Koldoshov 2 жыл бұрын
Саламатсызбы? "Сизди эпсиз" дегенди угармандар, угуп жаттаган ырчылар "Сиз депсиз" деп ырдап жатышат. Ошондуктан, "сизди мен" деп өзгөртүп ырдадык. Маани берип укканыңызга рахмат!
@user-mg5sd5xj2p
@user-mg5sd5xj2p 2 жыл бұрын
@@Tumonbay_Koldoshov рахмат, Тумонбай, бар бол, иним, талантынды абдан баалайм, концертинде отурганга насип этсин кудайым...
@user-xg8pd6ve9e
@user-xg8pd6ve9e 3 жыл бұрын
Бали Бали
@gulnuraabdyldaeva1231
@gulnuraabdyldaeva1231 4 жыл бұрын
Ушул ырды абдан жакшы кором,кыздын уну топ келбей калыптыр
@kyrgyz1997
@kyrgyz1997 4 жыл бұрын
Кыздын уну Тумонбйга туура келбейт
@user-ej6vp4ll3y
@user-ej6vp4ll3y 4 жыл бұрын
😍👍👍👍👍
@user-lu3zc9we1u
@user-lu3zc9we1u 4 жыл бұрын
Кыз уну начар экен Айпери менен ырдаса сонун чыкмак экен дегендер клас
@user-vw1pr2jh2l
@user-vw1pr2jh2l 4 жыл бұрын
Золотой голос, какой талант Тумонбай Колдошев!
@user-yt3us3ji2l
@user-yt3us3ji2l 4 жыл бұрын
Тумонбай азаматсын иним, ушинтип ырдап, элдин конулун которуп турчу иним сенин кумирин Турциядан
@Tumonbay_Koldoshov
@Tumonbay_Koldoshov 4 жыл бұрын
Рахмат!
@kyndyzairystamova5085
@kyndyzairystamova5085 4 жыл бұрын
Самара Каримова менен дует ырдаганында Соонун чыкмак,Самаранын уну кайталангыс!!!
@user-iv7ed3uy8j
@user-iv7ed3uy8j 4 жыл бұрын
Ассалам алейкум Туко . Тексттеринда жазып койсон жакшы болот эле. Чогу ырдап жыргамакпыз
@Tumonbay_Koldoshov
@Tumonbay_Koldoshov 4 жыл бұрын
Ваалейкум ассалам. Эртен текстин жазып киргизип коем
@user-gg2kr1vj1c
@user-gg2kr1vj1c 4 жыл бұрын
@@Tumonbay_Koldoshov номер 1
@user-gq8ss3oz8k
@user-gq8ss3oz8k 2 жыл бұрын
Ким менен ырдаган?
@Tumonbay_Koldoshov
@Tumonbay_Koldoshov 2 жыл бұрын
Керемет Сабыржанова менен ырдагам
@user-gq8ss3oz8k
@user-gq8ss3oz8k 2 жыл бұрын
@@Tumonbay_Koldoshov Ийгилик братан.Жакшыны жакшы деш керек,клиптеринизди кундо кайталап кором.Аябай сонун,маанилуу ырдайсыз.Дагын жаны клиптерди тарттырын
@user-kt2se8ed1f
@user-kt2se8ed1f 3 жыл бұрын
Кыздын уну болбойт тезинен алмаштырын
@user-uv6ed7mq1w
@user-uv6ed7mq1w 4 жыл бұрын
Кандай сонун ыр АЙПЕРИ менен аткарып дагы коркуно жеткиргенге аракет жасап кор Тумонбай силерге ийгилик дует ырдаганынарды КУТОБУЗ сонун чыгарма жаралмак......
Түмөнбай Колдошовдун ырлар жыйнагы
47:02
Түмөнбай КОЛДОШОВ
Рет қаралды 737 М.
Finger Heart - Fancy Refill (Inside Out Animation)
00:30
FASH
Рет қаралды 28 МЛН
Can A Seed Grow In Your Nose? 🤔
00:33
Zack D. Films
Рет қаралды 24 МЛН
Fast and Furious: New Zealand 🚗
00:29
How Ridiculous
Рет қаралды 43 МЛН
Сагындынбы? Мен да сагындым
4:17
Түмөнбай КОЛДОШОВ
Рет қаралды 2,6 МЛН
СИЗ ЖӨНҮНДӨ/ АЙТУРГАН АБДРАЗАКОВА/  ТҮМӨНБАЙ КОЛДОШЕВ
2:39
Айтурган Абдразакова
Рет қаралды 177 М.
Тумонбай Колдошов Неге ыйладын
3:52
Түмөнбай КОЛДОШОВ
Рет қаралды 641 М.
Сүйүү гаммасы - Түмөнбай Колдошов | Концерт
1:54:26
УТРК Маданият
Рет қаралды 38 М.
Түмөнбай Колдошовдун ырлары жыйнагы
51:30
Түмөнбай КОЛДОШОВ
Рет қаралды 375 М.
Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен
3:37
Түмөнбай КОЛДОШОВ
Рет қаралды 123 М.
V $ X V PRiNCE, Shulamah - Jai Jatpaimyz (2024)
2:38
Студия СОЮЗ
Рет қаралды 141 М.
Jaloliddin Ahmadaliyev - Erta indin (Official Music Video)
4:32
NevoMusic
Рет қаралды 2,2 МЛН
R-ONE - SENSIZ / СЕНСІЗ (Official Audio)
2:51
R-ONE MUSIC
Рет қаралды 67 М.
Malohat
3:35
Xamdam Sobirov - Topic
Рет қаралды 1,3 МЛН