Рет қаралды 8,943
Кайрылуу!!!
Урматтуу Кыргыз калкым, жана Кыргызстандыктар!!
Бүгүнкү күндө, бүткүл дүйнөлүк «Ковид 19» пандемиясынын кесепетинен, экономикалык кризистен, саясий туруксуздуктан, жумушсуздук жана кымбатчылыктын айынан элибиз моралдык жана материалдык жактан кыйналып турган кези. Ушундай кыйынчылыктарды эске албай, буга чейин
эле элди эзип келген, туура эмес коюлган финансылык кредиттик система , дагы деле элди эзип геноцид коркунучуна алып барып жатат. Бүгүнкү күндө кредит алуучулардын саны 1 миллион 300 минден ашты, анын 80% пайзы төлөгөнгө чамасы жок. Орто эсеп менен бир үй-бүлөдө 5 - тен адам болгондо, кредиттен жабыр тарткандардын саны 5 миллион болуп жатат. алардын ичинен банктардын кысымына, соттордун адилетсиз
чечимдерине чыдабай, өз өмүрлөрүн кыйгандар, өз үйүн алдырып бала- чакасы менен көчөдө калагандар, ажырашып үй-бүлөсүн бузгандар, инсульт, инфарк, психикалык жактан оорукчан болуп калгандар күндөн күнгө көбөйүп жатат. Биз бул негизги маселени чечүү үчүн, өлкөбүздүн коомдук бирикмелери биригип «Улуу Демилге: Өнүккөн Кыргызстан» кыймылын түзүп, ал кыймылдын атынан пезидентибиз Садыр Нуркожоевичке жана УКМК- нын төрагасы генарал лейтанат Камчыбек Ташиевге атайын кат жолдогону жатабыз. Элибизди мындай геноцидтен сактап калыш үчүн, тез арада банктардын насыялар менен иштөө ишмердүүлүгүн токтотуп, тиешелүү комиссия түзүп, банк мыйзамдарын кайра карап чыгуусун талап кылышыбыз керек. Мыйзам боюнча кредит алуучулардын укугун коргой турган Улуттук Банк болсо, тескерисинче комерциялык банк жана микро кредиттик компаниялардын кызыкчылыгын колдоп алардан пайда көрүп жатат. бул- (14-берене: Улуттук банк пайдага иштебейт, 17-берене: Улутук банктын функциялары жана
ыйгарымдуу укуктары) Ушул мыйзамдарды карап чыксаныздар болот. Банктардын көпчүлүгү 2 жана 3 % менен алышып, элге 20 жана 30% пайыз менен берип, элдин терисин сыйрып очойгон пайда көрүп жаташат. Насыялардын мындай жогорку пайыз менен берилишине 2013-жылдын 24 - июлдагы кабыл алынган № 163 мыйзамдын негизинде суткорлукту чектөө мыйзамы себепкер. (6- беренесинде 15% пайыздык үстөкк негизсиз эле кошулуп калаган). Бул мыйзам элибизге каршы иштеп бир ууч жемкорлордун кызыкчылыгына иштеп келет, Дүйнөлүк насыя мыйзамы боюнча 6% пайыздан ашса, анда тоноочулук болуп эсептелет экен. А бизидки канча пайызга ашыкча болуп жатат, аны өзүбүздөн эсептеп көрүңүздөр . Ошондуктан комерциялык банктар менен микро кредиттик компаниялырдын насыячыларды кекиртектен алып кыйнаганына эч кандай
укугу жок. Анткени банктардын кылмышкер экенин жогоруда айтылган мыйзамдар тастыктап жатат. Кайра, кайра телефон чалып, үйгө чейин бастырып кирген банк кызматкери элибиздин жүрөгүн сыгып, өз өмүрүнө кол салганга, оорукчан болуп калышына себепкер болуп жатышат. Ошондуктан ар бир инсан өз укугун коргоого милдеттүү. Банк жана микро-кредиттик компаниялардын мыйзамсыз жол менен элди алдап тогногонго
жол бербешибиз керек. Азыр очойгон пайыздагы кредит төлөгөнгө эмес, күнүмдүк тамаш ашка акча таппай, комуналдык кызматтарды, квартплаталарды төлөй албай жатабыз. Баардыгы кымбаттады. Ушул мыйзамсыз коюлган очойгон % пайыздагы кредитти төлөйсүң деп, канчалары ломбардка буюмдарын алдырышты. Алтын шакек сөйкөлөрду айтпай эле койойлу. Жеке сүткорлордон айына эле очойгон 20 - 30% пайыз менен акча ала калып, андан кутулуш үчүн дос туугандардан карыз алып же
алардын акчасын бере албай чон жанжалга айланып жогоруда айтылган геноцид жаралып жатат туугандар. Ошондуктан ушул учурдан пайдалын жеке сүткорлорго жана карыз берген
пенделерден суранып кетем. Сабыр кылыныздар! Карыз доолап адамдын Өмүрүнө, ден соолугуна зыйан кылганыъар үчүн дагы жоопко тартыласыздар. Ага дагы тиешелүү мыйзамдар бар.
Жараткандын мыйзам шарияттары боюнча карызды кечке доолап зулумдук кылган дагы чон күнө болот. Ал эми сабыр кылып куткөндөрдүн ар бир күнүнө сооп жазыларын унутпагыныздар! Кудай буйруса, Кудайым өзү бизди колдосо элдин канын соргон банкирлер менен жеке суткорлорду өз оордуларына койгон күн дагы келет. Сиздер дагы активдүү катышып бизге жардам бериңиздер. Сиздерден сабырдуулук,
ынтымактуулукту суранып кетем! Урматым менен мен «Элет Көйгөйү » коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү,
«Улуу Демилге: Өнүккөн Кыргызстан» кыймылыны мүчөсү Алыйкулова Марипа Мукаметовна !