Рет қаралды 45,705
Кыргыз медицинасына опол тоодой салым кошкон 93 жаштагы хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеев эң узак убакыттан бери хирург болуп иштеп келе жаткан врач катары Гиннесттин рекорддор китебине кирди. Маалыматка ылайык, рекорд 2020-жылдын 29-февралында катталган. Бул маалга карата Мамакеев хирург катары 67 жыл 181 күн иштегени айтылат. Мындан улам SUPER.KG порталы эл сыймыгы Мамбет Мамакеевдин сыйлыгы менен куттуктап, анын иш кеңсесине баш бакты.