Рет қаралды 286,254
Эки көздүн ордуна шишик менен төрөлгөн ымыркай Табаракты ата-энеси дарыгерлерге көрсөткөнү Оштон борборго алып келишкен. Атасы Асилбек Нуркамил уулунун айтымында, бала козүндөгү шишигинен тышкары жүрөк кемтиги менен да төрөлгөн. Азыр анын салмагы кичинекей болгондуктан операцияны көтөрө албайт. Мындан улам бир жылдан кийин гана жүрөгүнө жана көзүндөгү шишикти алуу үчүн операция жасалышы мүмкүн.