Рет қаралды 38,819
Деңиз деңгээлинен эки миң метр бийиктиктеги эс алуу жай. Белгилүү ишкер Табылды Эгембердиев тоо чокусуна этно комплекс курууда. Мындай комплекстердин дагы кем дегенде төрт-бешөөнү тоо чокуларына курууну көздөп жатам, деп айтып берди Capitalга.
Эгембердиевдин айтымында эгер Кыргызстан тоо туризминин потенциалын толук колдонуп, бул тармакка ички жана сырткы инвестицияларды тарта турган болсо, тоо туризми ички дүң өнүмдүн бери дегенде 15%ын бермек.
"Өлкөбүз 95% тоодон турат дейбиз дагы, же ал тоонун пайдасын көргөндү билбейбиз.Тоо десе эле, мал бакканды элестетебиз. Эгербиз биз тоонунун чокусуна чейин эс алуу жайларды куруп, туристтерди кызыктырсак, бир турсит бир күндө эле эки койдун акчасын таштап кетпейби", - деген жеке ишкер Кыргызстанда тоо туризмин өнүктүрүү боюнча форум өткөрүүнү демилгелеп жатканын дагы кошумчалады