Төлөгөн Касымбековдун уулу: "Куугунтуктоолор атамдын көп убактысын алып койду"

  Рет қаралды 52,098

Super.kg

Super.kg

2 жыл бұрын

Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, калктын калын катмарына белгилүү "Сынган кылыч", "Кел-кел" романдарынын автору Төлөгөн Касымбековго быйыл 90 жыл, ал эми каза болгонуна 10 жыл толуп отурат.
SUPER.KG порталы залкардын уулу Расул Касымбеков жана акын, агартуучу Тынчтыкбек Нурманбетов агайлар менен маек курду. Алар залкардын өмүр жолу, адамдык сапаттары, тууралуу кеп салышты. Толугу менен видеодон көрүңүз.

Пікірлер: 137
@user-ks9ic2zt7y
@user-ks9ic2zt7y Жыл бұрын
Сынган кылыч кыргыз адабиятындагы тендешсиз мыкты тарыхый роман
@wifi2498
@wifi2498 2 жыл бұрын
ЭН МЫКТЫ ЖАЗУУЧУ, ТИЛИ ЖАКШЫ ИШТЕГЕН, САНЖЫРАНЫ СОНУН БИЛГЕН КИШИ Т.КАСЫМБЕКОВ БОЛЧУ. !!!!!
@user-qh6zl2yh4e
@user-qh6zl2yh4e 2 жыл бұрын
Кыргыздын эн кымбат байлыгы Сынган Кылыч . Тологон Касымбеков кыргыздын кыргыз экенин корсоткон .
@wifi2498
@wifi2498 2 жыл бұрын
ООБА, МЕН ДА АЯБАЙ ЖАКШЫ КОРОМ АТАБЫЗДЫН ЧЫГАМАЛАРЫН. БААРЫН ОКУП ЧЫККАМ СЫНГАН КЫЛЫЧТЫ ЭН АЗ ДЕГЕНДЕ ЖУЗ ЖОЛУ ОКУДУМ
@user-dk6fy9wt9l
@user-dk6fy9wt9l 2 жыл бұрын
Төлөгөн Касымбековдун. артыкчылыгы 1) жөнөкөйлүк 2) сабаттуулук 3) зээндүүлүгү 4) өжөрлүгү 5) архивти аңтара билдирди 6) чынчылдык ж: б:улуу. Сапаттары болгон!!!
@agzammagazin1854
@agzammagazin1854 Жыл бұрын
Киев кочосунун берсин.Касымбеков Тологон кочосу деп.
@user-wt1hi8tt9s
@user-wt1hi8tt9s Жыл бұрын
Чын, торт микрорайон орусча экен, бироосуно койулсун тарыхый инсандын аты.
@colddiamond4856
@colddiamond4856 Жыл бұрын
Аны бир айтасызбы эки айтасызбы бирок биздин мээси жок чондорго жетпесе эмне кылалы
@paizilatmamytova3637
@paizilatmamytova3637 Жыл бұрын
Төлөгөн Касымбеков кыргыз эли үчүн опол тоодой эмгек кылган.Тарых барактарында анын ысмы алтын тамгалар менен жазылат.
@user-gi6zo7us1j
@user-gi6zo7us1j Жыл бұрын
,,Сынган кылыч,, керемет чыгарма, канча жолу кайталап окудум,ар бир окуган сайын ошол китептеги окуяга кошо кирип окуйм,мин рахмат кыргыздын буткул тарыхын жазып Элге калтырган,Тологон Касымбеков агай да анын Сынган кылычы да Кыргыз канча жашаса ошончо жашайт
@JantoroAydaraliev
@JantoroAydaraliev 5 ай бұрын
😂
@rahatrahat3714
@rahatrahat3714 Жыл бұрын
Кыргыздагы бирден бир тарыхый чон чыгарма, бул СЫНГАН КЫЛЫЧ романы. Кыргыз тарыхынын,ойдо ылдыйын камтыган жалгыз чыгарма
@user-hf8io1bo3y
@user-hf8io1bo3y 9 ай бұрын
Тологон Касымбеков легенда!
@user-zx7vv9vb5i
@user-zx7vv9vb5i 2 жыл бұрын
Касымбековдой тарыхый жазуучу кайра жаралбайт го.
@wifi2498
@wifi2498 2 жыл бұрын
АЙТПА ДОСУКЕ. ОТО МЫКТЫ ЖАЗУУЧУ БОЛЧУ
@faizaabylova5320
@faizaabylova5320 2 жыл бұрын
Биздин интеллигенция Чынгыз Айтматовдон башка акын, жазуучуларды айтышпайт. Бардык чыгармачыл инсандардын эмгектерин баалап элге таанытыш керек.
@wifi2498
@wifi2498 2 жыл бұрын
ОЗУН КИТЕПТЕРИН ОКУП ТААНЫШ
@wifi2498
@wifi2498 2 жыл бұрын
@@user-ol2yy1mg8x КЫЙРАТТЫН
@user-jy6px9iz8x
@user-jy6px9iz8x 8 ай бұрын
Айтматов ко салыштырып болбойт.
@user-ry9ow9sk2l
@user-ry9ow9sk2l 7 ай бұрын
Себеби Касымбеков туштуктон болуп жатпайбы. Башкалар кандай ойлойт билбейм. Мен учун Чынгыз Айтматовго караганда Тологон Касымбеков 20 эсе кучтуу сезилет анткени Кыргыз Элинин соз байлыгын ушул кишинин китебинен табабыз. Салт санаасын Кыргыздын таррыхын сактап калган киши.
@user-lo1jn3fc5f
@user-lo1jn3fc5f 7 ай бұрын
@@user-ry9ow9sk2l л дБ
@user-sf2pq7dy3o
@user-sf2pq7dy3o Жыл бұрын
Мындай тарыхый баатыр бирөө эле, уулдан уулга, тукумдан тукумга калтырган тарых таштап кеткен. Тарыхтын ээсинин эстелигиге борбордук жерден орун бериш керек.
@gulsung3281
@gulsung3281 2 жыл бұрын
Кандай гана окунучтуу. Улуу залкарларды убагында барктай алышпады. Кыргыздын тарыхы жоголуп кетпесин деп Бут омурун арнаган адамды билбеди. Совет бийлигин макташат, ошол бийлик куугунтуктап кыргыздар тарыхын билбей калсын деген. Тамга тааныган сабаттууларды жоготкону аракет кылышкан.
@polpol9092
@polpol9092 Жыл бұрын
Убагында барктап сыйлыктын баарын алган
@user-vf6yn4dw6t
@user-vf6yn4dw6t 5 ай бұрын
❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤
@jyparkankultaeva7301
@jyparkankultaeva7301 Жыл бұрын
Бул Расул баласынын соз байлыгы жок экен булардан Эльмира айымды чакырсанар болмок соз байлык суйлосо манера кучтуу экен элмирада балдары туугандары Эми ойгонсо керек???
@gulzatmaksutova960
@gulzatmaksutova960 Жыл бұрын
Адабиятчыга салыштырып болбойт ,а так созун таап эле суйлоп жатат ,соз таппай ойлонуп калган жокко Расул мырза
@gulshazaaytmirzaeva5248
@gulshazaaytmirzaeva5248 Жыл бұрын
Тологон Касымбековду ушунчалык сыйлайм, соз жеткире албайм...
@user-st9hv3gv5g
@user-st9hv3gv5g 5 ай бұрын
Т.Касымбеков залкар жазуучу экени талашсыз!Ал кыргыздын энциклопедиясы экенин эч ким талаша албайт!Рахмат улуу жазуучуга!Биздин тарыхтын бир топ мезгилдерин бизге жеткиргени учун!Бейиши болсун!
@user-rg9zs5pb4v
@user-rg9zs5pb4v Жыл бұрын
Улуу инсандар жонундо тема которгон беруулорду алып барып жатканда , алып баруучулар салттуу кийим кийип чыкса болмок. Корунушу чуштуйган , ичегидей кылып трикону кийип алып эркектердин алдында отурганы маданиятсыздык болуп корунот.
@user-cl6oc8pd3v
@user-cl6oc8pd3v Жыл бұрын
Привет
@koromonzankachkarova2208
@koromonzankachkarova2208 2 жыл бұрын
Баракелде ,Тологон Касымбеков жонундо отоо сонун Маэк айтып турасыздар , Коро албастыктар , Ичи таарлар пут тосуулар коп болгон.
@user-yl8jx8gi1e
@user-yl8jx8gi1e Жыл бұрын
Бут тоскон ошол кыргыздын "жүзү" болгон Чыңгыз Айтматов болгон.Ал өзүнүн катарында эч кимдин болушун каалаган эмес ! Бардыгы артында жүрүшүн каалаган.Бул эч ким айта албаган чындык.Т.Касымбековдун. Сынган кылыч тарыхый романына эч бир чыгарма жетпейт.Бул чыгарманы ар бир "кыргызмын" -деген жаран окууга тийишпиз, өзүбүздүн тарыхыбызды терең окуй албасак дагы ушул чыгарма менен ким экенибизди билүүгө милдеттүүбүз.🇰🇬
@user-ul5th7fe5d
@user-ul5th7fe5d Жыл бұрын
@@user-yl8jx8gi1e КАНДАЙ ГАНА ӨКҮНҮЧТҮҮ! ЭКИ КОЧКОРДУН БАШЫ БИР КАЗАНДА КАЙНАБАЙТ ДЕГЕНДЕЙ!! ЭКИ КЫРГЫЗ ДА КҮДАЙДЫН КЕНИРИ ЖЕРИНДЕ БАТЫШКАН ЭМЕС ЭКЕН ДАА.
@user-ks9ic2zt7y
@user-ks9ic2zt7y Жыл бұрын
Орустары жок эле озубуздун ошол кездеги кыргыздын бийликтеги адамынын ашыкча москвага кошоматчылыгы трайбалистик коро албастыгы деп эле ачык айкын айтыш керек
@user-ul5th7fe5d
@user-ul5th7fe5d Жыл бұрын
ЭЭН ТУУРА СӨЗ.
@sabiramuratova628
@sabiramuratova628 Жыл бұрын
Бар турбайсынарбы ? Балдарым алтындарым ,силерди коруп суйундум !. Тарыхтан очпой турган из калтырган ,! Кыргызга Курманжанды ,Алимбекти , Нусупту , Бекназарды Абилдин тарыхын таап берген .Сакадай боюу сары алтын адам эле . Тологон акенин омур жолун , эмнеге откозбойбуз эскеруу кечелерди урматтуу Аксылыктар ! 66 чы жылы Сынган Кылычты унуверситетте сабак берилип турган . Куугунтук башталганда ал сабакты алып салган ,!.Тынчтык , Расул силерге омурлуу ,момолуу болгула !???.
@user-wt1hi8tt9s
@user-wt1hi8tt9s Жыл бұрын
Аксы эли эле эмес, бутундой кыргыз аракет кылалы. ЖАКШЫ ОЙ.
@chikanishanbaev4339
@chikanishanbaev4339 2 жыл бұрын
Тологон Касымбеков Кыргызды кыргыз кылган.инсан.Кайталангыс Тарыхты кыргызга.калтырды.Кылымдарга кыргыз.тарыхый документ катары.пайдалана.алат.
@user-fc7oq3nk4n
@user-fc7oq3nk4n Жыл бұрын
Журналист кыз теманы ачып берип коюп эле эчтекени тушунбой эле отурат окшойт чагымда аа ыы эле дейт да кичине такшалган адамды койбопсунарда
@nazarbekzamanbekov5695
@nazarbekzamanbekov5695 2 жыл бұрын
Башка тажрыйбалуу журналист алып барса болмок экен ыя туугандар! Кандай дедим? Тиги кыз теманы ачып коюп футбол көргөндөй эле отуратко ыя😁
@user-uk9vd1ny7c
@user-uk9vd1ny7c 2 жыл бұрын
Тууура айтасын, Назира алып барса соонун болмок,бул кыз жаштык кылып койду го дейм!
@user-zx7vv9vb5i
@user-zx7vv9vb5i 2 жыл бұрын
@@user-uk9vd1ny7c Назира Айтбековабы?
@user-uk9vd1ny7c
@user-uk9vd1ny7c 2 жыл бұрын
@@user-zx7vv9vb5i Ооба,Назира Айтбекова.
@user-vl7it2mu3o
@user-vl7it2mu3o 2 жыл бұрын
Без эмоций отурат,Нурманбетовдун создорун маанисине жеткен деле жок,
@user-ug9fc4hu6p
@user-ug9fc4hu6p 5 ай бұрын
Ушундай улуу инсандардын тогуз толгонуп, жети өлчөп алымчасын алып кошумча кошуп кабыл алган тууну бир физрук жездеси менен өзгөртүп койду 2024 ким көрүп жатат
@agzammagazin1854
@agzammagazin1854 Жыл бұрын
ХХ кылымдын Кыргыз адабиятында эл суйуп тапай талашып окуган жалгыз китеп СЫНГАН КЫЛЫЧ .Кайра кайра окусан да танбайсын.Озунун ичине кошо алып кошо жургондой болосун бул китепте КЕРЕМЕТ Чыгарма. Соз да таба албайсын таамай таап айтышка.
@user-lj6ff9kd5z
@user-lj6ff9kd5z Жыл бұрын
Аттин Адаш апам ото эстуу Жан эле Жездем созго чечен залкар эле
@user-zi1uc7lb6w
@user-zi1uc7lb6w 4 ай бұрын
Саламатсызбы кыргызда айтып коет эмеспи 'Мин уккандан бир коргон " деп сиз улуу инсандарды коргон адам катары кенири баяндап беруунузду суранам
@user-ij4wq1tz3i
@user-ij4wq1tz3i 5 ай бұрын
Тологон Атанын жаткан жери жайлуу болсун мен бул кишинин китеп жазып отурган тоодо Айдын жарыгында саат 4 коргонмун тонду тескери кийип жоолук менен башын ороп алган екен балдарына Ден соолук каалаймын
@user-fg1dp6wd1o
@user-fg1dp6wd1o 4 ай бұрын
Адаш эне зээндүү,татыктуу аял,эне болгон деп уккан элем,келиндеринен.
@user-gq4js1iq9x
@user-gq4js1iq9x 4 ай бұрын
Сооонун маек болуптур алып бапуучу кызга рахмат ушундай чон берууну алып барган.
@kyrgyz_jolu
@kyrgyz_jolu Жыл бұрын
Булар атасына көрүнүктүү иш кыла алышкан эмес. Эми сүйлөбөй эле коюшу керек. Акылдуу болсо, атасын Ата-Бейитке коюшу керек болчу.
@user-dk6fy9wt9l
@user-dk6fy9wt9l 2 жыл бұрын
Душманды алыстан издебе ! Душман жаныңда жакындарыңан чыгат (Төлөгөн К)
@user-vf6yn4dw6t
@user-vf6yn4dw6t 5 ай бұрын
❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤
@umarbekabdyraiymov2826
@umarbekabdyraiymov2826 2 жыл бұрын
Сынган кылычты келтире жазган тан
@sultanshermatov6334
@sultanshermatov6334 Жыл бұрын
🇰🇬 КЫРГЫЗДЫН МЫКТЫ ТУУСУН желбиреткен УЛУУ инсаныбыз АТАБЫЗ 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬 Тологон КАСЫМБЕКОВДУН майтарылгыс Кажыбас Адил Адамыбыздын Балдары Жаш муундарынын КЕЛЕЧЕГИ ТАЗА болууга тийишпиз 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬 Алып баруучу КЫЗ КЫРГЫЗДЫН Чыныгы алпаруучулардын Этикасын синире билсе Суйлоо Кийинуу Суроо жооп мамилелеринин МАНЫЗЫН таанытууну Эсинизге алсаныз Атаганат Алып баруучу КЫЗЫБЫЗГА кайрылуум
@user-ss8wg5fw9l
@user-ss8wg5fw9l 4 ай бұрын
Эркиндик бульварында, же Жаш гвардия бульварынан эстеликке орун берсе жакшы болмок Т. Касымбековко.
@user-di7vu3gr7g
@user-di7vu3gr7g 4 ай бұрын
Журналист кыз кичине сый мамиле кылып берсен суроолорунду Тологон Касымбеков атабыз ким болгон эле деп .,баштаганда эле Тологон Касымбеков ким болгон дебей.
@user-vq1uw6lq9q
@user-vq1uw6lq9q 4 ай бұрын
Университет, институт, Кочого аты койулсун,туура айтышат ,Тологон Касымбеков Баатыр ,жакшы китептерди жазган,колдойт Кыргыз Эли,Окмот тараптан жакшы колдоо болуш керек,мыкты жазуучубузга
@jyldyzbubu
@jyldyzbubu Жыл бұрын
Расулдун соз байлыгы жок дейсиздер,мындан артык кандай суйлосун,дегеле адамдарга эч нерсе жакпайт го.
@user-px3ol5oy1q
@user-px3ol5oy1q 4 ай бұрын
Тологон . Касымбековдун эн кичине баласына чоон балдары каташпайт экен деп уктум Бир туган инисине каташпаса уйатко.
@user-st9hv3gv5g
@user-st9hv3gv5g 5 ай бұрын
"Сынган кылычты"биринчи жолу 3-4 класстарда окусам,андан кийин кайталап кунуго эле окуп журдум колума китеп тийген сайын!"Кел-кел"ди биринчи жолу 1986 чы жылы жаны чыкканда окуп баштап,китептен баш которо албай,китептеги окуяларга аралаша жашаганмын!Ал кезде 8 -класста окучумун.Мен учун эн залкар,чыгаан ,убагында "улутчул" деп трайбализмдин да курмандыгы болсо керек,калыссыздыктын курмандыгы болгон чыныгы ойчул,акылман,тарыхчы,патриот залкар ,кыргызда жок жазуучу деп эсептейм!
@user-qx7yt9ub8j
@user-qx7yt9ub8j 2 жыл бұрын
Туура. Касымбековду. Барктаган. Баалаган. Чондор. Болбоду. Даш. Апанды. Эч. Ким. Баалаган. Жок
@user-oc1zs1sy2t
@user-oc1zs1sy2t 8 ай бұрын
Мен Эрнис Кыяздын котормосунда.Т.Касымбековдун Сынган Кылыч романын угуп жатам.Ошол заманда эле Кыргыздар бийлик талашып бирин бири сатып атып эле келген экен.Азыр деле падышабыз Садыр менен досу Камчыбекке да душманчылык кылып ар кыл чатактарды уюштуруп жатканы дал келет.Алардын эн башында Адахан Мадумаров экен деп элесьеттим Сынган Кыдычты уксанар бузуку Кыргыздарды азыркы коомдон коросунор.Ош.Озгон.
@user-mj4pw4wx8v
@user-mj4pw4wx8v Жыл бұрын
Төлөгөн Касымбеков кандай жөнөкөй болсо баласы ошондой жөнөкөй экен
@user-qh6zl2yh4e
@user-qh6zl2yh4e 2 жыл бұрын
Буйурса келечекте тартылат .
@user-vl7it2mu3o
@user-vl7it2mu3o 2 жыл бұрын
Тологон Касымбековдун омур баянын тагдырын жазса озунчо бир кыргыздын тарыхын коргозсо керек
@user-mp2sx5yr6f
@user-mp2sx5yr6f Жыл бұрын
Балдарынан чыгармачыл Адам чыкпаса,неберелеринен чыгат куда кааласа мен Тологон Касымбековду жогору баалаймын. Аллахым ОЗУ коргоп Жанна тан дай, Бейишинин гул бакчаларынан насип этсин жаткан жери жайлуу болсун топуурагы торко болсун Аамиин
@user-ul5th7fe5d
@user-ul5th7fe5d Жыл бұрын
@@user-mp2sx5yr6f ООБА. ЧЫГАТ КУДАА КААЛАСА! МАРКУМ КАЙРА ЖАРАЛАТ!!
@user-nj7qz9pd7o
@user-nj7qz9pd7o 4 ай бұрын
Сынган кылыч, Кел кел романдары абдан сонун чыгарма.Мен ойлой берем, Чынгыз Айтматовдон башкасын дегеле айтып койушпайт неге.Ушуга абдан тан калам. Каякта барсан деле бут эле Чынгыз
@sabiramuratova628
@sabiramuratova628 4 ай бұрын
Кыргызга Сынган Кылычтан жогору тарых жок ! Касымбековду шурудай тизип айтсанар болот эле ! Окунучтуу ,силер ал киши куугунда жургондо ,жаш балдар эленер ! Жакшы билбей калыпсынар экоон тен .Тологон акеге бут кыргызстан кам корсо болмок .Мамилекеттик денгеелде отуш керек ! Ал киши ,кыргыз элинин баатыры ! Сынган Кылычтын артында канча тарых жатат .Кугунтуктан ,озун жолго сала алган эрки кучтуу адам экен .Ошол убактарда ,Курманжанды изилдеп архифтерде далай кундору откон .Тологон Касымбеков ,чыныгы эмгеги менен бааланган эл баатыры !!!! Маданят мистирлиги ушундай залкарларды эстен чыгарбайт деген ойдобуз ???.
@user-wl8vo2io9i
@user-wl8vo2io9i 2 жыл бұрын
Кыргыздын тарыхын тайманбай туура жазган улуу жазуучу, орус бийлиги аны куугунтуктап отуруп, кийинки кыргыздарды манкурт кылып койду.
@jyparjyparbekturova6747
@jyparjyparbekturova6747 Жыл бұрын
Баласы соз байлыгы начар экен жакшы жакшы окуяларды айтып бербейби мынкылдабай
@user-bt3vw7my2m
@user-bt3vw7my2m Жыл бұрын
Уулунун сөз байлыгы жок экен.
@aleksandrashadykanova9186
@aleksandrashadykanova9186 4 ай бұрын
Атаны чанда бала тартат.❤❤❤
@user-mo6cd8oo3w
@user-mo6cd8oo3w 2 жыл бұрын
Алып баруучу кыз созду бузбай алып барсан, сонун айтып жаткан ойду бузуп суроо берип жатасын.
@user-ct9jt7zw3w
@user-ct9jt7zw3w Жыл бұрын
Мен Төлөгөн Касымбеков жөнүндө ойумду комментарийге жазгым келип, башта бир башка жазылган комментарийлерди окуп чыктым. Төкөм жөнүндө менин ойлогон жакшы ойлорумду жазайын дегенимди мага чейин көпчүлүк жазышып койгон экен.
@user-ct2we7zk9m
@user-ct2we7zk9m 5 ай бұрын
Озбекстанда мындай улуу инсандар тууралуу адабий художественной кинолор тартылыптыр, бизде толтура улуу инсандар бар кино же худ. фильмдер жокко эсе.
@user-gq4js1iq9x
@user-gq4js1iq9x 4 ай бұрын
Сынган кылычты кайра-кайра окугула укмуш тарыхый чыгарма чындыкты даана жазганга укугу болгондо мындан да укмуш болмок ичинде айталбай,жазалбай кетти.
@user-gd4ur4it5b
@user-gd4ur4it5b 4 ай бұрын
Алып баруучу журналсит туура эмес тандалыптыр. Башка эле такшалган бироону койсо болмок экен. Мындай маанилуу беруудо.
@user-bn8py9iz2k
@user-bn8py9iz2k 7 ай бұрын
Чынгыздан башка да кыргызда зазуучулар бар да
@user-dj2ls6se7m
@user-dj2ls6se7m 6 ай бұрын
Сиздер озунар менен айталбай атасынар, Касымбековго бут тоскондор Токомбаев, Айтматов жана белдуу жазуучулар болушкан.
@user-ii6ym1jm4u
@user-ii6ym1jm4u 4 ай бұрын
Чынында убактысы тар болгон,Райкан Шукурбековдун юбилейинде,суйлогон созундо,Райкандын омур жолу,чыгармачылыгы жонундо жаны китеп жазуу ниетим бар деген жери бар эле,жетишбей калды окшойт...Кайран кишини коро албастар бут тосушкан,талантын коро алышкан эмес...
@user-gs9td5ci2x
@user-gs9td5ci2x 4 ай бұрын
Уулу да жонокой, тынч адам экен, ошондуктан атасынын чыгармаларын которо чаппай, элге кайрылып, чогултуп даназалабай, окмоттон суранбай, догурунбай, акырын жургондуктон ушундай улуу адамдын чыгармаларын ото жакшы синбей жатат. Убагында жанындагы эле жазуучулар, достору жайлаган да
@user-wu2ev5bh6r
@user-wu2ev5bh6r Жыл бұрын
Киев кочосун берсе сонун болмок
@user-qw2zf5fk2h
@user-qw2zf5fk2h Жыл бұрын
Эмнеге диванда отуруп алып соз байлыгы аз деп сынайсынар, жакшы соз жаза албасанар тынч эле отургулачы. Тологон Касымбекодун баласы деген эчтеке алмашкыс байлык.
@user-vq2si8lc3d
@user-vq2si8lc3d 25 күн бұрын
Сонун эле сүйлөп жатат.
@Aizhamal105
@Aizhamal105 Жыл бұрын
Таптакыр соз байлыгы жок экен да баласынын
@user-bt3vw7my2m
@user-bt3vw7my2m Жыл бұрын
Туура айтасыз .Мен да угуп отуруп ушинтип да сүйлөйбү улуу кишинин уулу деп нааразы болдум.
@sanabartoktorova5962
@sanabartoktorova5962 4 ай бұрын
Жакшыле эскеруулорду айтып жт балдары
@user-qx7yt9ub8j
@user-qx7yt9ub8j 2 жыл бұрын
Даш. Апанын. Акты. Чыкпай. Эле. Кийинки. Элмиранын. Акты. Чыгып. Журот
@user-zg9uj5wx9e
@user-zg9uj5wx9e 2 жыл бұрын
Акты не
@wifi2498
@wifi2498 2 жыл бұрын
ЭМНЕ ДЕП ДООРУП ЖАЗГАНСЫН
@user-qh6zl2yh4e
@user-qh6zl2yh4e 2 жыл бұрын
Элмира эже айабай мудрая женщина . Акыркы мезгилде куч кубат берип чыгармачылыгынын этегине чыгарган Эльмира эже, анын интервьюсун коргондо абдан жакшы тушунгом кыйын айал . Алмакан эже эсиниз жок коро албаган айым окшойсуз .
@sairakulsopueva8421
@sairakulsopueva8421 2 жыл бұрын
Бул журналист кыз теманы баштаганы эле болсо, алып баруучулар коноктор болуптур
@user-gs9td5ci2x
@user-gs9td5ci2x 4 ай бұрын
Эн туура, Тологон Касымбековду «Сынган кылыч» учун куугунтукташкан, атын кочолордун, парктын аталышына берсе жакшы болмок
@user-nf7qi1hf5w
@user-nf7qi1hf5w 3 ай бұрын
Раматылык Тологон Касымбеков агай менин атамдын курсташы эле.Университетте чогуу окушкан Шаршеев Мусатай атам филфакта чогуу окушкан агай менен.
@user-us5qp6pk3z
@user-us5qp6pk3z Жыл бұрын
эхх
@user-qg7fr8tq5m
@user-qg7fr8tq5m Жыл бұрын
👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍
@polpol9092
@polpol9092 Жыл бұрын
Залкар жазуучунун балдары начар чыгып калды что Райкан,Кылыч ,Малик ,Расул.Айылдагы уйу ангырап бош тура короосун чоп басып....
@user-ul5th7fe5d
@user-ul5th7fe5d Жыл бұрын
ОШОЛ ҮЧҮН ЭЛИБИЗДЕ СӨЗ БАР! ЖАКШЫДАН ЖААН! ЖАМАНДАН БӨӨН ДЕГЕН.
@nasyrnasyr5033
@nasyrnasyr5033 4 ай бұрын
Союз учурунда чыгармачыл горогоч акылдуу мекенчил инсандарды орустар жок гылып турушкан да мекенчил инсандарды басмачы деп жаман горгозуп турушкан
@user-ii6ym1jm4u
@user-ii6ym1jm4u 4 ай бұрын
Райкан атты баласына сатирик жазуучу РАЙКАН ШУКУРБЕКОВдун ысмына арнап койгон,ошол кезде деле ,коро албастар коп болгон...
@user-go7dq6jr9g
@user-go7dq6jr9g 3 ай бұрын
Мин жылда бир жаралчу жазуучу болгон соз жок ❤❤❤
@user-vd8td2eu2e
@user-vd8td2eu2e 27 күн бұрын
Бирок бийик практика ,кийинки өнүгүсүнө чон саалым
@user-ii6ym1jm4u
@user-ii6ym1jm4u 4 ай бұрын
Башкасын айтыш учун АК пейил болуш керек,андай сапатты кундуз чырак менен издеп таппайсын!!!
@user-oy2px4ee4f
@user-oy2px4ee4f 4 ай бұрын
Коро албастык да,Ичи тарлык, Зато Гений Адам Тарыхта аты калды.Жараткан Аллах бейишин берсин🙏🏻🙏🏻
@user-jx9ln9mq4i
@user-jx9ln9mq4i 2 ай бұрын
Пай,пай,пай,пааай….эмне деген адилетсиздикти коргон экен урматуу Тологон Касымбеков😢
@user-wm5wp3zw2j
@user-wm5wp3zw2j Ай бұрын
Журналист Кыз ал китепти окуган эмесда ошон учун суйлой албай отурат .
@kanykeiomurbekova5475
@kanykeiomurbekova5475 4 ай бұрын
Журналистка кыз тооктой болбой татынакай кийинбейсинби. Чон эки эркек кишинин жанында санынды шилтейтпей
@user-hi1sq3ui8d
@user-hi1sq3ui8d Жыл бұрын
Супер инфодо таанышын жыйнап алган сыяктуу, тажрыйбасы жок, талантуу алып баруучулар жок. Мунусу жанагы сайраган бир баласы бар буратиного окшош, туруп эле... тантырап шашма
@user-ii6ym1jm4u
@user-ii6ym1jm4u 4 ай бұрын
Расул Мыкты ИНСАН экен,мындан артык кантип суйлосун,ото кылдат этиеттеп суйлоп жатат...
@jyldyzmakeeva3674
@jyldyzmakeeva3674 4 ай бұрын
Ушундай тарыхый роман жазган кишини куугунтуктаса булар гангир баштарбы.
@user-vd8td2eu2e
@user-vd8td2eu2e 27 күн бұрын
Журналистка кыз бираз жаш экен ,көп сөзгө түшүнө бербегендей отургансыйт.
@user-jc9fw5ij9l
@user-jc9fw5ij9l 4 ай бұрын
Төлөгөн агай менен дипломдук иш жазганыма сыймыктанам.
@user-yw8im8cr4p
@user-yw8im8cr4p Жыл бұрын
Кантип эмне кылып куугунтуктады
@kkur4790
@kkur4790 Жыл бұрын
Элге белгилуу чыгамачыл адам Тологон К тун . Балдары да жонойкой экен ошол убактагы жашоонун жаштары .ТЕКЕБЕР ЭМЕС , кийинки жаштар Тологон Касымбеков жонундо жазамын дешсе нукуралык Кыргыздын жашап откон тарыхтары жатат НУКУРА КЫРГЫЗ ТИЛИН УЙРОНОМУН ДЕГЕНДЕРГЕ тугонгус кенч . Азыркы Илимпоздор,жаштар 60%орусча аралаштырып суйлоп калышты , (шукол,)карандаш ,лепешка ,салат , жана башка Толтура .. . балдарга ат койсо да Света , Рома ,Асия ,Милан ...
@user-iy3xf8qd2c
@user-iy3xf8qd2c 4 ай бұрын
Саламатсынарбы, жакшы беруу болуп жатат. Ушунчалык болот да. Мына башталышы да. Кудайым колдосо дагы жакшы беруунору уланаттыр. Рахмат, алып баруучу кызга. Жалпы корсотууну даярдагсндарга рахмат. Дагы уланта бергиле. Ишинерге ийгилик. Ал эми коруучулор сындабай эле коргулочу. Уулу жакшы эле суйлоп жатат. Тологон Касымбеков бир жаралган жан эле. Андай жан кайра жаралбайт да. Жаткан жери жайлуу болсун. Келечекте патриот балдарыбыз осуп чыксын. Кыргыздын аты очпосун.
@user-vw5gs7wb3c
@user-vw5gs7wb3c 4 ай бұрын
Төлөгөн Касымбековдун ,Сынган кылыч чыгармасын 1975-жылдары окуп эмне үчүн мектептик программада окутпай деп түшүнгөн эмесмин көрсө баягы кыргыздын көрө албастык бөлүнүүчүлүк пейили тоскоол болгон экен
@7-fw5jo
@7-fw5jo 3 ай бұрын
Дегеле журналист кыздар экранга кандай кийинип чыгышты көпчүлагү билишпейт шым кийип бутун учкаштырып отурган адепсиз көрүнөт.
@user-yd7zk9un4s
@user-yd7zk9un4s Жыл бұрын
Её баласы Кыргызча билеби
@badamshatmanova4013
@badamshatmanova4013 2 жыл бұрын
Райкан Тологонов Атамбаев менен Зарыл Ырсалиевдин версиясы боюнча " марадер",, аны Эл билет.Мойнуна койгон куноосу 2010-жылкы Ош окуя сына катышып, курал тараткан деген куру доомат менен камаган.
@nomadiy6983
@nomadiy6983 2 жыл бұрын
AtaMeken menen Tekeni jok kylysh uchun Atambaev kok meenin atayin oilop tapkan jomogu.
@gnjiugk9334
@gnjiugk9334 Жыл бұрын
Райкан деген баласы - УУРУ, МАРОДЕР. Райкандын орду түрмө.
@user-ul5th7fe5d
@user-ul5th7fe5d Жыл бұрын
@@gnjiugk9334 АЙ АЙ. БИЛСЕН ДА АЧПА АЙЫБЫН!! ЗАЛКАРДЫ СЫЙЛАШ КЕРЕК.
@user-ss8oc3tf5d
@user-ss8oc3tf5d 2 жыл бұрын
Сиздин ининиз Райкан Тологонов Ата Мекен партиясынын мучосу морадер
@nomadiy6983
@nomadiy6983 2 жыл бұрын
Atambaev oilop tapkan jomoguna ishenip algan bolson, sen dele kok mee ekensin
@user-ms3if5cs8e
@user-ms3if5cs8e Жыл бұрын
Уят .Залкар жазуучу боюнча Кеп болуп жатса, эмнени суйлоп жатасын ? Мээн ордундабы!
@user-rd4hy9bv8b
@user-rd4hy9bv8b Жыл бұрын
Ар ким туура эмес ишине өзу жооп берет.Атасынын тиешеси жок.
@user-js1nx5me3p
@user-js1nx5me3p 2 жыл бұрын
1 hiiiiii
@user-vo5ki5uc3l
@user-vo5ki5uc3l Жыл бұрын
Журналистка кыз татыксыз интервью алганга, мм деп колдоп коштоп таң калып отуруш керек, мизирейесиң го чычкак...Белгилүү журналистер интервью алса жакшы болмок...
ELE QUEBROU A TAÇA DE FUTEBOL
00:45
Matheus Kriwat
Рет қаралды 23 МЛН
Eccentric clown jack #short #angel #clown
00:33
Super Beauty team
Рет қаралды 24 МЛН
Chips evolution !! 😔😔
00:23
Tibo InShape
Рет қаралды 42 МЛН
Эрнис Турсунов. "Ак көпөлөк" | Аудио китеп
34:15
Төрөкул Дооров
Рет қаралды 15 М.
Мен билген адамдар #2
20:14
MANAS TV
Рет қаралды 20 М.
ELE QUEBROU A TAÇA DE FUTEBOL
00:45
Matheus Kriwat
Рет қаралды 23 МЛН