Рет қаралды 82,755
Тажикстанда төлгөчү жана көзү ачык деп айыпталган 50дөн көп киши кармалды. Бул тууралуу 21-майда "Азия Плюс" басылмасы тажик милициясына таянып кабарлады. Коңшу өлкөнүн бийлиги билдиргендей, кармалгандар шылуундук менен акча табуу максатында тургундарга "кызмат көрсөтүп жүргөн".Төлгөчүлүк жана көзү ачыктыкка тыюу салган берене Тажикстандын Кылмыш кодексине өткөн жумада кошулду. Мурда мындай ишмердүүлүк менен алектенгендер административдик жазага гана тартылчу.
Жаңы чараларга ылайык, административдик жоопкерчиликке тартылгандан кийин дагы көзү ачыктык кылып, төлгөчүлүк жана бүбү-бакшылык менен алектенсе кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралат.Быйыл апрелде Кыргызстанда да парламент депутаттары көзү ачык, бүбү-бакшыларды жарнамалоого тыюу салууну сунуштаган.
#тажикстан #кыргызстан #shorts #жанылыктар #бүбүбакшы