Тарбия бардыгына бирдей берет, Он бала болсун багат ата-эне. А бирок ошол ону биригишип, Багышпайт ата-энени эминеге. Кол созуп бир кездерде келе-келе, Келе бер, кармат мага өзүң жебе. Дегендер боор көтөрүп үй-жай күтсө, Унутат ата-энесин эминеге? Оокат таап адилеттүү эмгек менен, Адамдык сапатыңды тилеп келген. Ай ушул адам болуп кетсинчи деп, Ата-энең болчу өргө жетелеген. Көрүнүп эл көзүнө коройгондон, Бой болсо ак теректей соройгондо. Карабай атасына, энесине,энесине, Кай мерез басып кетет чоңойгондо. Турмуш оор жүз каталык кеткен күндө, Ойло дос, жаңылыштык кылып жүрбө. Билсеңер ата-эненин милдетинен, Кутула албайсың ар тирүү күндө. Туурдан учурганын унут койбой, Адамдык сапатыңды астиң ойло. Өзүң дөй ташбоордуку балдарыңдан, Көргөндө өкүнбө гүн ушуну ойлон. на
@user-zn4qm1jb2k5 жыл бұрын
Ушуну жазгандан эринген жоксузбу .....😂😂😂 Сизге чон рахмат ушул ырды жаттайын деп аткам
@user-wl6te2mj3t3 жыл бұрын
Ошо
@tashowmeiram2 ай бұрын
Соройгондо? Зоройгондо*
@user-tp8bc6lp4j4 жыл бұрын
Мен 35 темин мени апам азыркыга чейин козумду карап турат. Аллахым ата энелердин омуруно береке берсин
Ата эне жонундо эн сонун ушул ыр экенда корсо рахмат Аллахым ыраазы болсун сизден Таалай Бектурганов жайыныз жаннаттан болсун аминь 🤲
@user-df9ww2nx3k4 жыл бұрын
Канчалары Ата энеге Зар болуп жатат канчасы Ата энени таштап жатышат Ата эне канчалык кымбат экенин билгенде анда жашоо башкача болмок менин жаштыгымда ажырашып кетишкен апамдын колунда остум бирок барыбир атанын орду эненин орду башка Ата энени эч. Качан капа кылбагыла атам тируу бирок Коро албайм Ата менен олтуруп суйлошуу ОЗУ чон бакыт ото чон бакыт баарынарга бакыт каалайм бактылуу болгула
@user-or1ro5yj5m3 жыл бұрын
жаткан жерин жайлуу болсун. кандай кана маанилуу ыр
Ата Энени 2 дуйнодода сыйлай албасак керек барыбыз еле чоноюп туш тарапка тарап кеттик бизди ойлоп кыргызстанда жатышат кантип сыйламак елек турмуш жолунда бала болсода оз жолундан кетет екенсин бала деп
@user-yr3jm3vt1x5 жыл бұрын
Кто из 2018
@user-zn4qm1jb2k5 жыл бұрын
Я из 2019
@user-om3ce3gm1lАй бұрын
Мени сактап калган сууга чогуп жатканда жарда гитарасын чертип жаткан ушунчалык тездик менен жетип келип мени алып чыкан ырахматы.Азыр 52 жаштамын мен бармын аттин арман сиз жоксуз ю
@kyyalari3 ай бұрын
Какая песня 🥹
@user-jd9er2lf4q2 жыл бұрын
09.12.21👋 цените родителей пока они живы😊
@muratrusbekov40769 ай бұрын
2023 угуп жаткандар барбы
@user-jc1th4my4m3 жыл бұрын
Ата Эне барболсун. 2021 жыл
@user-xn5sc8ng2p2 жыл бұрын
Баары Бир Туугандан ким укту?
@autokorea69962 жыл бұрын
Кореядан ата-энебизди сагынып, угуп отурган кез.
@user-dt2zz3ui8b2 жыл бұрын
Биз Москвадан. Москвадагы Кыргыздардан Кореядагы Кыргыздарга салам!
@bermetalmazbek25502 жыл бұрын
Кыргызстандан салам сиздерге
@ailo73583 ай бұрын
Атамды сагындым
@user-ev3zq7sz3l4 жыл бұрын
Атин таалай брат чаткалдын кулуну булбулу елен го чиркин
@user-by1ei8tg3g3 жыл бұрын
😳😰
@user-kc2lq4ig4p2 жыл бұрын
3-октябрь 2012-жыл Ким угуп жатса 👇
@tilekbolotbekov9662 ай бұрын
22.04.2024 угуп жатам 2 күндөн бери. Апамды, айткан сөздөрүн, жок күндөрүбүздү, менин болгон апама кээде кагып койгонумду эстеп алып өксүп жатам, жакшы жашоодо жашоону Аллахым насип кылды бирок, апамды эч убакта кайрый албайм эң өкүнүчтүүсү
@user-lf3lu9ki4z11 күн бұрын
Салам алейкум брат ошон учун ата эмненитируу кечинде сыйлаш керек экен, ата эненин баркына жетпейт турбайбызбы