Рет қаралды 67,304
Тишин дарылоо учурунда көз жумган 3 жаштагы Алиянын туугандары Бишкек шаардык сотунун чечимине нааразы. 2-февралда «АКИpress» агенттигинде өткөн маалымат жыйында алар нааразычылыгын билдирип, президент Садыр Жапаровдон акыйкаттуу чечим чыгаруу үчүн көзөмөл кылууну суранышты.
31-январда шаардык соттун чечими менен шектүү катары кармалган анестезиолог А.Т. үй камагына чыккан.
Алиянын атасы Эламан Кубанычбек бул чечим адилетсиз экенин айтып, соттук териштирүүлөрдү мыйзам чегинде жүргүзүүнү жана адилеттүү чечим чыгарууну талап кылууда.