ТОЙБОСС: кантип чакан цехтен - эң ири ишканага айланды? / Мырзабек Орумбаев / Жаратман Подкаст

  Рет қаралды 133,505

Jaratman Podcast

Jaratman Podcast

Күн бұрын

BRK GROUP «Байтик» долбоору тынчтыкты каалаган, бирок ошол эле учурда активдүү жашоо образын сүйгөн адамдар үчүн түзүлгөн.
Толук консультация алуу үчүн бул номерге чалыңыз: +996 550 55 55 77
brkgroup.kg...
_______________________________________
►Биздин Telegram:
t.me/jaratman_podcast
Салам, достор! Бул ирет бизде мейманда ийгиликтүү ишкер, 2 жолку IRONMAN, ошондой эле "Тойбосс" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, чыныгы кыргыздын жаратманы Мырзабек Орумбаев.
2009-жылы Астана шаарында мигрант болуп жүрүп, сэндвич жасоо менен чакан базарларга чыгып, бизнеске аттанган ары татаал, ары кызык жолу аркылуу 15 жылдын ичинде туугандары менен биргеликте ишкананы түзүп, бир нече завод куруп, өлкөгө жылына 400 млн сомдон ашык салык төгүп, 1200дөн ашуун жаранды жумуш орду менен камсыз кылып келүүдө.
Биз менен бирге Мырзабек Орумбаевдин ишкерлик дүйнөсүндөгү
алгачкы кадамдарынан тартып, Борбор Азиядагы жогорку стандарттарды карманган эң ири ишканалардын бирин жаратууга чейинки тажрыйбасына саресеп салыңыз.
Ал өжөрлүгүнүн арты менен өз өндүрүшүн Кыргызстанда эле эмес, коңшу өлкөлөргө да чыгарып келет. Ишкер мекендешибиздин башына келген кыйынчылыктарга моюн бербей "Кумтөрдөн тең калышпаган компания болобуз" деген максатына алып барган жолун биз менен бирге уга аласыз.
Борбор Азиянын бирден-бир мыкты ишкеринин басып өткөн жолун угуп, анын кызыктуу өмүр таржымалынан эргүү алыңыздар!
Айтмакчы, чыгарылыштын аягында коногубуздан сонун белек бар. Андыктан, бул видеого лайк басып, пикир жазып, каналыбызга катталыңыздар!
Жаратманга салым кошуңуз:
M Bank +996500807040 О! Деньги +996500807040
OPTIMA BANK VISA 4169 5853 5854 1828 (Urmat Nasykulov)
►Биздин Instagram:
/ jaratman_podcast
►Биздин TikTok:
/ jaratman_podcast
►Instagram Урмат Насыкулов:
/ urmagramm
►Видеомейкер:
/ izat_mukhametaliev
►Музыка:
• Кадыр Батырканов & Кыл...
#jaratman #podcast #тойбосс #кыргызстан #колбаса #өндүрүш #мырзабекорумбаев #урматнасыкулов #мигрант #сендвич #чүй #нарын #ысыккөл #талас #жалалабад #ош #баткен
00:00 Анонс
01:19 Конокту тааныштыруу
03:19 Жаңы долбоорлор
06:21 Өндүрүш кайсы өлкөлөргө экспорттолот
07:11 Жарнама
08:42 Мырзабек Орумбаевдин бала чагы
09:17 Ата-энеси жөнүндө
11:51 Кайсы жактан билим алган?
14:59 Илим-билимге болгон мамиле
17:05 Ата-энесинин колдоосу
19:55 "Сэндвичтен" башталган алгачкы кадам
32:25 Тойбосстун тарыхы
38:27 "Тойбосс" бренди кантип жаралган
47:41 Борбор Азиядагы HASP-ISO-FSSC стандарттуу ишкана
50:17 "Гранттардын пайдасын жакшы эле көрдүк"
56:25 Тойбосстун заводунда
1:01:45 Завод куруудагы тобокелчиликтер
1:11:30 "Агрокуш" - Ысык-Көл облусундагы ири канаттуулар фермасы
1:23:49 Ийгиликтин башкы фактору
1:26:17 Команданы топтоодо эмнеге маани берет?
1:29:41 Каатчылыктан майнап чыгарган ишкер
1:36:13 Колбасада канча эт бар?
1:40:54 Кызматкерлеринин эффективдүүлүгүн кантип көтөрөт
1:42:45 "Тоону казбай туруп,жаңы Кумтөр болобуз!"
1:47:56 Санариптик "Тойбосс"
1:51:21 "Колбасага болгон көз карашты толук өзгөрттүк"
1:55:08 2 жолку IRONMAN
2:02:54 Дени сак коом!
2:06:40 Туугандар менен бизнести баштаса болобу?
2:11:12 Ишкердин сапаттары кандай болушу керек?
2:15:42 "Бекер жашаган жокмун!"
2:18:02 Мырзабек Орумбаев бош убактысын кантип өткөрөт
2:20:28 Жаш ишкерге кеңеш
2:21:58 Конкурс

Пікірлер: 983
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 3 ай бұрын
Эгерде ЖАРАТМАНДЫ колдоп,Кыргызстанды өнүктүрүүгө салымыңызды кошкуңуз келсе анда: M Bank +996500807040 О! Деньги +996500807040 OPTIMA BANK VISA 4169 5853 5854 1828 (Urmat Nasykulov)
@Aktilek2003
@Aktilek2003 3 ай бұрын
Сага акча салсак Кыргызстан өнүксө күмтөрдөн түшкөн акчаны сага салыш керек
@Ducg-Ducg
@Ducg-Ducg 3 ай бұрын
Мырзабек Орумбаев будущем Президент болушун каалайм, сиз дагы кааласаныз басып кетиниз комментарийди 👍
@RuslanOv-fd7tk
@RuslanOv-fd7tk 3 ай бұрын
Жаратманга чоң рахмат,анан ИЛХОМ дебестен Эргүү десеңиздер туура болот.
@bilimmedia1960
@bilimmedia1960 3 ай бұрын
Ассалааму алайкум! Суроо: жакшы комментарийди качан аныктайсыңар? Негизи эле видео чыккандан канча убакыт өткөндө аныкталат? Жооп берип коесузбу, чооң рахмат ...
@user-ov3rr7qn9t
@user-ov3rr7qn9t 3 ай бұрын
Ассалому алейкум коментарийдин жообун качан чыгарасынар эн жакшы кментарийге Жана эн коп лайк басылган клиентке Белек беребиз делген го ?
@user-ov3rr7qn9t
@user-ov3rr7qn9t 3 ай бұрын
Мен үй бүлөө менен Куликовский дин тортун дейм,Тойбостун сендвичин,калбасын,тоок этин жейм ,Шоронун суусундуктарын ичем ,Дордойдон сода кылам ,Жаратман падкастты кором дайыма ушул жактан абдан жакшы пайда алып жатам ❤❤❤❤❤
@grizzli3216
@grizzli3216 3 ай бұрын
Куликовскийдин торттору кымбатыраак болуп калып аткан жокпу? Менде кондиртеский цех ачып торт жазасакпы деген ойлор болуп жатат, элдин чонтогуно да туура келгидей. Кандай ойлойсунар?
@user-wc8co3cb4c
@user-wc8co3cb4c 3 ай бұрын
Ошто Барбол бар Кулиеовскийден бир да калышпайт. Бирок арзаныраак. Коп деле арзан эмес бирок Куликовскийден арзаныраак.
@user-bb1tf3oe7w
@user-bb1tf3oe7w 3 ай бұрын
Патриотмун дейсизби ? 👍👏соонун . Биз дагы тойбосс фирманын азыктарын алабыз
@user-hl2fr7kn2y
@user-hl2fr7kn2y 3 ай бұрын
Сиз абдан чыныгы патриот уй булоо экенсиздер!!
@user-ul1qt1pp8b
@user-ul1qt1pp8b 3 ай бұрын
Соонун майек болуптур аябай пайдалуу жана кызыктуу экен бизден ушундай ондуруштор кобойсун ылайым мындан да мыкты чон команиялар кобойсун завод фабрикалар ачылсын биз уй булобуз менен только тойбосстун колбасаларын жейбиз даамы жакшы ! Кыргызстаныбыз онугуп осушуно салым кошолу Аллахым колдосун ишинерге ийгилик!!!
@user-jw5su6tn1d
@user-jw5su6tn1d 3 ай бұрын
Райондо жок садикти Барскоон айылына салып бердиниз менин 3 балам ошол садикке барып жатат,сизге аябай ыраазыбыз, ишинизге ийгилик!!
@AinagulKarimova
@AinagulKarimova 3 ай бұрын
"- Ийгиликтин эн башкы себепчиси эмне деп ойлойсуз? - Кийинки он беш жылда, тоону казбай туруп, жаны Кум-Тор жасайбыз. - Ушунун баардыгы эмне учун? - Карыганда, мен бекер жашаган жокмун деп айтыш учун. - Ушул чыныгы жаратмандык э?" Азаматсынар, жигиттер! Жаратмандарымы Жараткан озу колдосун! Аманчылыкта болгула! Атаганат, ушул жигиттерибиз ойлонгондой элимдин эн жок дегенде жарымысы ойлонгондо, ойгонгондо жаркын келечектен сар санаа болбойт элек. Ар бирибиз эмес, жок дегенде жарымыбыз эле карыганда, мен бекер жашаган жокмун деп айта ала турган болгонубузда, келечегибиз коопсуз болоор эле. Жаратман болуу ар бир адамдын колунан келет. Жараткан баарыбызга тен бирдей мучо берип жараткан. Болгону аракеттен, каалоодон бардык нерсе коз каранды. Адам озун таанып билуусу зор мааниге ээ. Кто Я? Зачем Я в этом мире? деген тасманы корсонуз, сиз дагы чыныгы милдетинизди табышынызга ишенем.
@dinarabdykadyrova9264
@dinarabdykadyrova9264 2 ай бұрын
Таба элек бекен?
@AinagulKarimova
@AinagulKarimova 2 ай бұрын
@@dinarabdykadyrova9264 бул суроого ар бир адам өзү жооп бере алат.
@AinagulKarimova
@AinagulKarimova 2 ай бұрын
@@dinarabdykadyrova9264 бул суроого ар бир адам озу гана жооп бере алат да
@AinagulKarimova
@AinagulKarimova Ай бұрын
@@dinarabdykadyrova9264 Бул суроого ар бир адам өзү жооп издесе, сөзсүз табат.
@user-vx2eb2kk3k
@user-vx2eb2kk3k 3 ай бұрын
Мен кыргыздын ичинен ушундай мээси катуу иштеген жигиттерди корсом суйунгонумдон ыйлагым келет , себеби бул иштер мамлекетибиздин онугушуно салынып жаткан дангыр жол!!!
@user-ke1bo8qz4g
@user-ke1bo8qz4g 3 ай бұрын
Тоону казбай туруп, Кумтөр жасайбыз!!! Укмуш сөз, иншаллах
@user-dw8jj9ht4t
@user-dw8jj9ht4t 3 ай бұрын
🔥🔥💪
@Aliya_Aybuke
@Aliya_Aybuke 2 ай бұрын
Кызым 7 класста окуйт Москвада . Класс жетекчиси Юлия Геннадьевнага Тойбосстун колбасаларынан алып жон эле кызымдан берип жибердим( кызыма жыл бою катышкан кружокту акысыз кылып берген учун) аябай ыраазы болуп кайра кайра рахмат айтып смс жазды. Ал убакта подкастты коро элек болчумун. Жонокой адам коп бийиктикти багынтаарына дагы да ынандым. Ийгилик сиздерге❤.
@iskendersharsheev
@iskendersharsheev 3 ай бұрын
Классташым азамат! Лицейди кызыл аттестат менен, алтын медаль тагып бүтүргөн. Областык олимпиадаларга ийгиликтүү катышкан. Билими кучтуу, бирок дайыма токтоо, адамгерчиликтүү болчу, ошондой боюнча болуп келе жатат. Ийгиликтер дагы көп болсун, Мырза!
@elbeers50
@elbeers50 3 ай бұрын
Азыр аябай тренд болуп кетти го, отличник болгондор анчалык бизнес кыла албайт, алар троечник ачкан фирмаларда иштейт деп. Мырзабек мырза отличник болгон, билим алган адам бизнес кылса новатордук кылып, коп эле нерсеге адистик, билимдик жол менен жургузот экенин тастыктады деп айтсак болот экен.
@emilmur14
@emilmur14 3 ай бұрын
@@elbeers50Эми алар бай болгону менен,билими начар экенин билип туруп, башкаларга ошону орусча айтканда пихать эте беришет да
@faberlic.beauty
@faberlic.beauty 3 ай бұрын
Ийгилик жараткан, бир нерсе чыкчулар мектепте эле билинет! Факт😊😊😊😊
@shabumedetov1293
@shabumedetov1293 3 ай бұрын
Тренд болгону менен статистикадан карадым дүйнөдө миллионерлердин 6 эле пайызы университеттди бүтпөй миллионер болгон экен.Анча-мынча дүйнөдөн кабары жоктор сүйлөй беришет да.
@user-po9lw7rq5c
@user-po9lw7rq5c 3 ай бұрын
“ТОЙБОСС” Ата Мекендик бренд! Сыймыктанам! Патриот кыргыз жигити Мырзабек агайдын командасына ийгилик дагы өркүндөп, дүйнөлүк брендке айланышыңыздарга тилектешмин. Урмат Насыкулов мыкты жарандык журналист деп эсептейм!
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 3 ай бұрын
”Жаратмандын” эмгегин көрүп, билдирүү калтырганыңызга терең ыраазычылык билдиребиз! Дагы кызыктуу чыгарылыштарды өткөрүп жибербөө үчүн, бизге катталганды унутпаңыз!
@naziakylbek7521
@naziakylbek7521 3 ай бұрын
Эн мыкты компания. Акыркы убакта тоок этерин алып баштадым соз жок сооонун экен.Тооок этерин тойбостукун алалы туугандар озубуздун ондуруш. Орустардыкы адалбы арамбы билбейбиз. И ценасы дагы доступный. Тойбоско ийгилик
@user-qe6he1bp3m
@user-qe6he1bp3m Ай бұрын
Эттерин.Орусча коп жазат окшойсун.ЭТТЕРИН
@pozitive007
@pozitive007 3 ай бұрын
Тойбосс жонундо кино тартылсын дегендер 👍. основатель ге окшотуп тартса болот экен, жаш жаратмандарга дем куч болуш учун анан СНГ га прокат кылыш керек, акчасын актайт деп ойломокмун.❤
@dastantursunaliev5752
@dastantursunaliev5752 3 ай бұрын
Озум чет мамлекетте студентмин,бир дукондон тоойбосстун фирменный колбасасын коруп калып,сатып алдым.Общежитиеге алып келип,бирге жашаган башка олколук досторум менен чогу даам таттык,досторум аябай макташты.Даамы уйдогу учурларды эске салат. Тойбосс оркундой бер Жаратман осо бер.
@murataskar4017
@murataskar4017 3 ай бұрын
Тойбосско иигилик каалайм.Аллахым озу колдосун.оомийн ишинерге иигилик ага силер менен сыймыктанабыз.
@---dp1th
@---dp1th 2 ай бұрын
Мектепти жаны бутуп, жумуш издеп жатып Тойбосско киргенмин. Ошондо окуума ноутбук керек болуп, 3 ай иштеген акчамдын баардыгына ноутбук алганмын. Ошол убакытта эмгек эмне экенин, акча кандай табылат экенин тушунгонмун. Тойбосстун азыктарын дагы да алып келем, анткени аябай таза экенин оз козум менен иштеп журуп коргом. Азыркы убакытка чейин ошондогу эмгектенип тапкан акчамды туура жакка жана рационалдуу пайдаланганыма сыймыктанам, анткени ноутбук менен канчалаган пайда нерселерди кылып келем. Сонун маек болуптур😍
@user-qn9rx7bk1s
@user-qn9rx7bk1s 2 ай бұрын
Буйруса Кыргызстан алдынкы онуккон мамлекеттердин катарына кошулат деген ишенимге келесин ушундай жаратмандарды коргондо.
@toktosunovprod
@toktosunovprod 3 ай бұрын
Тойбоссто иштегениме сыймыктанам! Руководитель самый лучший.
@user-cf1km9es1g
@user-cf1km9es1g 3 ай бұрын
айлык канча аласынар
@maftunashokirova4209
@maftunashokirova4209 3 ай бұрын
Менида иштегим келет тойбосто
@toktosunovprod
@toktosunovprod Ай бұрын
@@user-cf1km9es1g Көп
@ZhibekShakenova-xt6of
@ZhibekShakenova-xt6of 3 ай бұрын
Бул подкасттан кийин оюма кыргыздын макалы келди. "Ата аска-зоо, эне боорундагы булак, бала ортодо куйуп турган шам чырак"- деген. Мен бул инсандан ушул макалды таамай кордум. Атасы ишеним,куч-кубат, тайманбастык берген экен. Энеси суу сыяктуу мээримине сугарып, толуккандуу жетилген адам кылган экен. Ал эми ортодогу бала, башында шам чырак болсо, ошол ата-эненин дем-кучу, талыкпаган эмгеги менен АЛООЛОНГОН ОТ БОЛУП ЖАНЫП ЖАТЫПТЫР. Кучтуу адамдар кучтуу тукум калтырат. Атаныз бейиштик болсун, ал эми бейишиниз болгон апаныз бар бул дуйно узак болсун. Сиз дагы атаныздай болуп чыгаан уул-кыздарды остуруп, "атадан артык" же "атага тен" уул болунуз.
@user-bu6mv9pv8k
@user-bu6mv9pv8k 3 ай бұрын
Тойбосс кимдики?-деп жүрчү элем, эми тааныдым Ийгиликтүү, чечкиндүү,элдин керегине жараган жаратман адамдарыбыз көп болсун!🤲🤲🤲
@kaiyrkulkaiyrkul9533
@kaiyrkulkaiyrkul9533 3 ай бұрын
Саламатсынарбы! Тойбос компаниясын "Не Сахар"беруусундо Эрулан Кокулов чыгарды эле,ошондо коруп аябай ыраазы болгон элем,ушунчалык тазалык бар экен,торунон баштап,эшигине чейин,корсотуп ,чыгарышкан. Азаматсынар,кыргыздын уулдары оркундоп,осо бергиле,арканардагы жаштарга улгусунор! Урмат сага дагы рахмат,сонун ,жеткиликтуу суролорду берип,жооп аласын! Ийгилик каалайм!
@PandaSambo
@PandaSambo 3 ай бұрын
Бир мектеп-лицейде окуганбыз Мырзабек байке менен! Мага эң биринчи болушкан адам,эки шаардык баланын ур-токмогунан 😅 Азаматсыңар,өркүндөй бергиле!!!
@user-zn1zp1of9y
@user-zn1zp1of9y 3 ай бұрын
Урмат Насыркулов отличный собеседник. Умело задает вопросы, умеет слушать, ведет подкаст легко и непринужденно. Молодец.
@user-mj3pv3it5k
@user-mj3pv3it5k 3 ай бұрын
Ушул подкастан кийин соонун идея келди , ИншаАллах ишке ашырармын🤲
@gulsiyachinibekova7775
@gulsiyachinibekova7775 3 ай бұрын
Бул байкенин мага Акча эмес проект маанилуу деген созу жакты. Артында коп маанилуу нерселер турат. Мыкты инсан
@argenosmonaliev9934
@argenosmonaliev9934 3 ай бұрын
Ар бирибиз ишкер болушубуз мүмкүн эмес! Бирок, ар бирибиз татыктуу жашоо менен, Кыргызстанга салым кошсо болот экенине, ушул ПОДКАСТ аркылуу көзүм жетти! Мыкты подкаст болуптур чынында!
@mairamarykbaeva6766
@mairamarykbaeva6766 3 ай бұрын
Эн сонун маек болуптур , " Не сахар " беруусундо коргондон кийин , бизде да ушундай таза ,бардык шарты бар , " Тойбосс " компаниясы , озубуздун ондуруш бар экенине ыраазы болгом , элге кызмат кыла бергиле , ушундай билимдуу жаштарыбыз менен сыймыктанабыз !!!!
@Justitdo
@Justitdo 3 ай бұрын
Сонун создор 👍🏻 Баарыбыз эле бай же бий боло албайбыз, аны деле болсо буйрук тагдыр дейт. Бирок боло ала турган нерсебиз бул- жакшы ата эне, жакшы кыз бала, жакшы дос, жакшы кесиптеш, озунду жана озгону сыйлаган адам болуу. Туура адеп, кен пейилдик биздин коомузду Шаейцариядай онукбосок деле , андан отуп бактылуу кылат!
@user-qr9hs8qq3n
@user-qr9hs8qq3n 3 ай бұрын
Азамат жигит турбайбы.эми билдим.Бакиевдин же Атамбаевдин туугандары болуш керек дечумун.жонокой кыргыз жигит Аллахым ыраазы болсун омиин
@user-we8gq8lc1f
@user-we8gq8lc1f 3 ай бұрын
Өзүңүн бедный мышленияң да,Президенттерди сөзсүз кыпчып кетиш.Азыр адамдар андай ойлонбой калышкан.
@adiletbotolaev9029
@adiletbotolaev9029 3 ай бұрын
Токтогул Сатылганов атындагы лицейде окуган ар Бир бутуруучудо Лидерлик сапат кучтуу!
@user-xj7ul8ul2x
@user-xj7ul8ul2x 3 ай бұрын
Дайым тазалыкты, баардык жагынан жоготбогула, силерден тооктун этинен жасалгандан баштап биз ишенип жеп калдык Тойбсту да жейбиз кумон санабай👍👍👍👍🙏🙏🙏
@ainuraelebesova7286
@ainuraelebesova7286 3 ай бұрын
Как классно! Гордимся, пусть будет побольше таких умных и прогрессивных людей в нашем обществе! Мозги, усердие и работа - будущее нашей страны! Успехов Тойбоссу!!!
@Hors-Jylky
@Hors-Jylky 3 ай бұрын
Ар бир Кыргыз уулу ушундай болсун❤
@user-em2el9hy4i
@user-em2el9hy4i 3 ай бұрын
"Кыргызстанда жашап, Кыргызстандын өнүгүшүн көргүм келет" деген сөзү ыйлатты😢 Тилегиңизге жетиңиз. Кыргызстанда коррупция түп тамырынан жоголуп, ушундай жаратмандар Кыргызстанды гүлдөтсүн. Ырахмат Мырзабек мырзага, Тойбосско жана Жаратман подкастка❤
@Double-you.wwwwwww
@Double-you.wwwwwww 3 ай бұрын
Пейили кенен аябай түшүнүктүү жөнөкөй адам экен баа бердим бул агабызга. Жаратман подкаст Кыргызстанда номер 1 ишиниздерге ийгилик.
@dastan7571
@dastan7571 3 ай бұрын
Ар дайым ата Мекендик өндүрүшту колдойбуз . Буйруса биз дагы алардын бири бололу Иншаллах
@user-mi5yk3tj7d
@user-mi5yk3tj7d 3 ай бұрын
Тойбосс жебей койбой болбос.Эн соонун таза колбаса,сапаты мыкты башка колбаса жебейм бир гана Тойбосс жейм.❤❤❤❤❤❤
@user-we3ow2eh8p
@user-we3ow2eh8p 3 ай бұрын
Мырзабек иним сенин "Жаратманга" берген маегиңди угуп мен ушунчалык ыраазы болдум,,сенин жөнөкөйлүгүңө кыргызча так жана маанилүү түшүнүктүү жооп бергениңе. Спорт менен жумушту айкалыштырып алып кеткениң,спортто да жумушта да күжүрмөндүк,өжөрлүк койгон максатка жетүүгө кылган аракетиң таттыктуулукту билгизип турат. Кыргызстанда ушундай адамдар көп болсо жумушсуздук жоюлуп ,жашоо оңолмок . Иним койгон максаттарыңа жет,ийгилик!!! Эмгегиң үчүн ырахмат. Аваң Ниязбаев Нуралы пенсионер.
@dinarakurmanalieva8835
@dinarakurmanalieva8835 3 ай бұрын
Тойбосстун негиздөөчүсүн биринчи билишим, таасирлүү маек болуптур, өжөр, өтө жөнөкөй, адамгерчиликтүү экени билинип турат. Өз күчү мээнети акылы эмгеги менен ушул ийгиликтерди жараткан азамат ишкер !!! Ийгилик коштоп дүйнөлүк компания болгула. Интервью көрүп сыймыктандым аябай!
@user-db4it1bq6n
@user-db4it1bq6n 3 ай бұрын
Интеграция дегендин анык далили Мырзаке менен Ысык -Колдун ортосунда жаралган инсан
@user-jo4mu3sp9i
@user-jo4mu3sp9i 2 ай бұрын
Ош менен Көлдүн гибриди дейсизби?😂 Чындыгында кыргызчасы аябай так жана маанилүү экен. Там бердим.
@flowerkg733
@flowerkg733 3 ай бұрын
Максаттарыңар ишке ашсын🙏🤲!!! Мен толугу менен силер ийгиликке жетишериңерге ишенем!!! Сыймыктанам силердей мекендештерим менен👍😍🇰🇬❤
@mamatovkylychbek3682
@mamatovkylychbek3682 3 ай бұрын
Ассаламу алейкум урматтуу бир туугандар тайбосстун өнүгүп өсүшүнө, Устаз Чубак ажынун салымы өттө чөң деп эсептейм! Мен Чубак ажы айткандан кийин туруктуу кардары болуп калдым ! Биздей аалымды ээрчигендер көп болсо керек! Эң башкысы адалды бекем кармангыла!
@liliiamendibaeva3611
@liliiamendibaeva3611 3 ай бұрын
Ооба,ошодон кийин жеп калдык баарыбыз
@user-ce4vy6rv4n
@user-ce4vy6rv4n 3 ай бұрын
Жаштарга зоодой, тоодой сабак! Аман болунуз Кыргыздын чыныгы каарманы,азыркы Баатыры! 👍👍👍👏
@nurlantalantbekov4979
@nurlantalantbekov4979 3 ай бұрын
Ар Бир кыргыз жаратман болсун 🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@user-yc2mm6tg5d
@user-yc2mm6tg5d 3 ай бұрын
Отличный выпуск ❤ пусть Кыргызстан будет страной Жаратманов 🎉🔥💪
@user-xx4vl6bb3t
@user-xx4vl6bb3t 3 ай бұрын
Мен бугун силердин маекти коруп, коп нерсе билдим!!! Чыныгы тосбосс рыноктук бренди, лидери экенин бугун ишендим! Ишинерге ийгилик✊✊✊🔥🔥🔥
@ainamamutoba1698
@ainamamutoba1698 2 ай бұрын
Эмгегиңер,өтсүн элге баалуу. Эл сүйгөн,тойбосс даамдуу. Эч чарчаба жаратман. Чыгарылыштар,жагымдуу.
@user-vy2hk5eu7u
@user-vy2hk5eu7u 3 ай бұрын
Саламатсынар! Жаратмандын подкастынын ар бир чыгарылышын кунт коюп, ырахатым менен угам. Ар бир чыгарылышы мыкты. Урмат сага жана сенин командаңа ийгилик. Буга чейин билбеген инсандар жөнүндө билип, алардын кылган жашоо жетишкендигине, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн салым кошкон, ар бир камсыздырылган жумуш оордун түзүп бергендиги үчүн терең ыраазычылык. Мырзабек Турганбаевич, сиздин баскан жолуңуз угармандар үчүн маанилүү, жакшы түрткү (мотивациялуу)болду деп ойлойм. Мындай жолугушуулар адамдын ички сезимин алдыга арттырып, көз карашын өрчүтөт. Сиздин компанияңызга да ийгилик✊✊✊
@user-lb9hj7pg2d
@user-lb9hj7pg2d Ай бұрын
Тойбосс фирманын колбасаларына эч бир башка колбасалар тен келе албайт . Бул чындык. Азаматтар бир тууган жигиттер!!!
@Turkserialy
@Turkserialy 3 ай бұрын
Ушуга чейин деле «Тойбосс» продукцияларын жакшы коруп, ишенип жечүбүз. Бул подкасттан кийин, негиздөөчүсүн адам катары тааныгандан соң, сыймык жана ишеним 100 эсе көбөйдү 😍 Бул мүмкүнчүлүктү берген “Жаратман” подкастына рахмат! 🎉
@T.Toktogonovich
@T.Toktogonovich 3 ай бұрын
Өзүнүн билими, тырышчаагы менен Тойбос деген Кыргыз брендин түздү. Ортодон Орус өкмөтү тарабынан Тойбоско катуу сыноо болду, сыноодон сынбай алга баратат. Азаматсыз, дагы чоң чоң ийгилик сизге.
@user-yb9ld6tc2w
@user-yb9ld6tc2w 3 ай бұрын
Ийгиликтин сыры бир туугандардын ынтымыгы бар экен деп тушундум тарбиялаган ата-энесине рахмат.
@user-xe9cw7dn7v
@user-xe9cw7dn7v 3 ай бұрын
Мырзабек Орумбаев мырзанын өзүн өнүктүрүү, өзүн өркүндөтүү аркылуу ишкерликти баштаганы мотивация берди. Билимдүү Жарыкман бизнесмендер арбып, Кыргызстаныбыздын келечегине кам көрүп баштаганы нагыз кеменгерлик сапат! Жаратмандар кыргыз элибиздин массалык китеп окуусуна, аң сезимдүү сергек жашоо образына массалык үгүт насаат аркылуу, өзүн таануу, өзүн өнүктүрүп, өзүн өстүрүп, өзүн өркүндөтүү аркылуу, ички потенциалын ачып шык, жөндөм, таланттарын, өзүнүн күчтүү тарабын ачып реализация жасаганга кам көрүшүбүз керек.
@user-mt7td2gs8b
@user-mt7td2gs8b 3 ай бұрын
Кудай колдосун" Тойбосс " мыкты 👍 албан ийгиликтер болсун бийик максатынар орундалсын Кыргызстаныбыз онугуп кетсин!!! мыкты патриот жигиттерибиз Азаматсынар
@user-bz9df1hd9n
@user-bz9df1hd9n 3 ай бұрын
Молодец. Я горжусь Вами. Я старалась не кушать колбасы и сосиски. А теперь я буду покупать и кушать Ваши колбасы Тойбосс. Хотелось бы посмотреть Ваш завод. Удачи и дальнейшего процветания в Вашем бизнесе.
@flowerkg733
@flowerkg733 3 ай бұрын
На канале "Не сахар" -там есть о компании видео
@tilegenovaventilegenovaven1739
@tilegenovaventilegenovaven1739 3 ай бұрын
Уважаемый и самый лучший руководитель Мырзабек Турганбаевич❤️Наша гордость🙏Лучший предприниматель ❤️Лучшая компания Тойбосс❤️❤️❤️
@user-rz3xb5rd6y
@user-rz3xb5rd6y 3 ай бұрын
Ата мекендик өндүрүштү колдош керек. Өсөөр өзүн сыйлайт. Абдан мыкты, мээнеткеч жигит экен. Чоң иштин артында көп эмгек жатат.
@tolgonai54
@tolgonai54 3 ай бұрын
Жалпы кыргыз элени тынчтык,токчулук,молчулук болсун. Тойбосс компаниясына чон ырахмат ар бир продукциясына соз жок прям.Тойбосско экскурсияга барайынчы менда 10кишинин бири мен болсом❤. Мага лайк😊
@ayperialymbekova9959
@ayperialymbekova9959 3 ай бұрын
Жокту коруп бийиктикке жеткен адамдар чыныгы бай бир кана материалдык жактан эмес Адам катары терен жана жонокой болоор экенин биздин жаратмандар тастыктады!сыймыктанам мекенимде улгу ала турган чыныгы эр азамат,намыстуу жараандарыбыз барына,буйруса алдыда коп билимдуулор,жаратмандар кобойуп мекенибиздин онугушуно салым кошолу 🤲
@jikachuitueva8804
@jikachuitueva8804 3 ай бұрын
Ушундай иштермандарга жол ачыш керек ., калп Эле 5_6 этаж уй салам деп элдин баарын алдабай . Азамат оомат , ийгилик
@ainamamutoba1698
@ainamamutoba1698 2 ай бұрын
Билими күчтүү,ишкер Мырзабек. Жаратман күчтүү курса маек. Жашоого жакшы иштери. Жагып,баарына турса керек.
@taalaibekmamytbekov4587
@taalaibekmamytbekov4587 3 ай бұрын
Кыргыздын жаратманы. Мен ишенем, ушул бир интервью менен 100 адамдын жок дегенде 10унун ойлору, жашоого болгон көз карашы өзгөрөт деп. Жаратман сиздерге да чооң рахмат, ийгилик, алдыда дагы мыкты чыгарылыштарды күтөбүз👏
@user-gb5vm9ri2k
@user-gb5vm9ri2k 3 ай бұрын
Жеке мен үчүн өтө таасирдүү болду өзгөчө тийет патриот жөнүндө сүйлөгөнү таасирдүү болду
@user-jd6pj8bi2c
@user-jd6pj8bi2c 3 ай бұрын
Чын айтсам башынан аягына чейин ыйлап кордум. Канча кыйынчылык баштарынан отсода, алдыга улаткандары. Мен да сезип турдум патриот байке экен, чынында Урмат мырза сизгеда Терен ыраазычылык Жаратман жалпы жааматка да ыразымын рахмат!
@user-fc2ux5mt2d
@user-fc2ux5mt2d 3 ай бұрын
Жумуштан чарчап келип, тойбосстун сосискасын кууруп, тамактанганча бул подкасты кордум! Биздин уй було тойбосс компаниясынын кардары! Азамат жигит, атына заты жарашкан Кыргызымдын чыныгы МЫРЗАСЫ экенин соз турундо эмес , иш турундо далилдептир! Коптогон ийгиликтерди жаратсын!! 10 кишинин арасында болууга ниет кылайын!! Мин уккандан бир коргон артык дегендей коруп келген кандай жакшы!!!
@user-po9lw7rq5c
@user-po9lw7rq5c 3 ай бұрын
Менин ата-энем да мугалим 😍 Мугалимдин кызы болгон үчүн мектепти жакшы окудум. Буюрса биз дагы ушундай бир жаратмандык кыла турган күндөр жакын болсо экен.
@Marazykov99
@Marazykov99 3 ай бұрын
Оомийн 🤲🏻
@Nabus87-xc7vm
@Nabus87-xc7vm 3 ай бұрын
Тилегине жет
@user-bh2vk2qs9g
@user-bh2vk2qs9g 3 ай бұрын
Аллхамдуллах бардык керектелуучу продукции только Ата мекендик болсун !!!! Аллахым адалынан и берекесин берсин силерге ийгилииик!!!!!! Оооомммииин!!!!
@aizadabekkubatova5424
@aizadabekkubatova5424 3 ай бұрын
Атына заты жарашкан биздин патриот, жаратман, бизнесмен агайыбызга бекем Ден соолук, иштерине ийгилик, Уй булолук бакыт каалайм 🙏. Мен ар Бир кыргыз мырзасына, айымдарына ушул ТОЙБОСТУН жетекчисиндей патриот, ишкер болушунарды каалайм. Баарыбыз Уй булобузго , Кыргызстаныбызга чон салым кошолу🙏. Кыргыз, кыргызды колдойлу. Артынан жаман иш жасабай, жакшы соз айтсак дагы колдоо корсотолу . Кыргызтаныбыз гулдоп, оркундоп осуп, кыргыз элим эч кыйналбай, токчулук, молчулукта жашайсын🙏🙏🙏🙏🙏🙏. ЖАРАТМАН🇰🇬❤❤❤❤❤❤❤
@user-hi2fo2jj3m
@user-hi2fo2jj3m 3 ай бұрын
Менин уулум мектептен келип, апа Швейцарияда пенсиянерлер, алар пенсионер эмес алар милионерлер. Оочень жаль,апа, биз да Швейцария да торолбоппуз да деп калды. Анда мен, уулум Кыргызстанды Швейцария кыла турган сенсин уулум. Дуйно эли Кыргызстанда торолсом болмок деп суктангандай мамлекетти курасын уулум деп,уулума ишенип, швея тигип, отурам. Жаратман подкастын коргончо швея тигип отуруп, уулумун создору эсиме тушуп, гулдоп онуккон олкону элестетип, кыялданып, уулумун колунан келет деп, ишенип турган чагым. Баарынарга ийгилик 🎉🎉🎉🎉🎉
@user-hw8mo9qs1n
@user-hw8mo9qs1n 3 ай бұрын
ТОйбостун продукцияларын алабыз, баарысы жагат, Мерзабек Орумбаевке кааларым, ишинерде ийгилик коштосун, алдынкы компаниялардан болуп, онуго бергиле! Бийик-бийик максаттарыныз орундалсын!
@Eliza_bayer
@Eliza_bayer 3 ай бұрын
Эн мыкты компания бул инсан менен кыргыз эли сыймыктанат. Адамдардын калбасага болгон ойун озгорту. Чыныгы жаратман. Сиздей адамдар коп болсун.🎉🎉
@user-yf4pk3db6q
@user-yf4pk3db6q 3 ай бұрын
Бул байкенин сөздөрүнөн " Ынтымак бар жерде,ырыс бар" деген созго 100 пайыз ынандым. Анткени бизнесинин баары бир туугандар ынтымак менен иштеп,кенешкени учун ушунчалык гүлдөп, өнүктү. Бар болуңуз агам. Дүйнөнү багындырыныздар!
@user-oo1yg3fd4p
@user-oo1yg3fd4p Ай бұрын
Мырзабек абдан акылдуу, жонокой, патриот, чыныгы лидер экен. Абдан чон сабак алдым! Ийгилик! Урмат абдан жакшы суроолорду бересиз, жакшы маек курасыз! Рахмат!
@user-el2bp9ns8u
@user-el2bp9ns8u 3 ай бұрын
Саламатсыздарбы ишкер Мырзабек Орунбаевдин Жаратман падкас беруусуно коноко келип эн мыкты маек берип чын журоктон ыраазы болуп .Кыргызстанда мыкты билимдуу ишкерлердин катарында экенине элди жумуш менен камсыз кылып ишкерлике ундоп элдин кызматында болуп мамлекетибизге салымын кошуп келген кампания Тойбосс фирмасы .Силерди угуп отуруп 2005 жылдары азык -тулук магазинде иштеп сендвич сатканымды эске тушту. Алга карай дайыма оркундоп осо бергиле ийгилик силерге.Тойбосс фирмасына барып конок болгонду насип кылсын чон рахмат.
@aidaakmatova1420
@aidaakmatova1420 3 ай бұрын
Молодец 👍 биздин Кыргыз балдар онуго берсин! Мен колдойм колдоп келем,только «Тойбос» колбасасын сатып аламын ! Эн башкысы качествого отто конул буруп турушса
@tolgonai54
@tolgonai54 3 ай бұрын
Мен учун Тойбосс эн кызыктуу болчу чын эле кантип жаралган кандай онуккон жетекчиси ким,кандай кишилер деп. Чынында ото жонокой мыкты патриот байке экен,сиздерге ырахмат жаратман проектисине абдан жакшы. Тойбосс компаниясына дагы да чон чон ийгиликтерди каалайм.❤
@user-it2fx9ov2m
@user-it2fx9ov2m 3 ай бұрын
Тойбосс компаниясы-тарбия,эмгек,изденуу, жоопкерчилик, аракет, коз караш,ынтымак, адамгерчиликтин айкалышынын жемиши экен.Суйлогон созу мн эле эмес, кылган иштери мн кыргыздын жаштарына улгу болчу жонокой, илим-билимдуу,тайманбас киши экен. Бул киши убакытты туура пайдалануу, озубузго ишенуу жана озубуздун милдеттерибизди билуубузго мисал болуп бере алат экен. Бул интервьюну коргондорго толтура мотивациялык китептерди, кинолорду коргондорго караганда пайдасы кобуроок деп ишенем Жаратман командасына да ийгилик. "Сууну синген жерге ток" дегендей силердин туура-так берилген суроолорунар,маектешинердин оюн коштоп турганынар да бул интервьюнун кызыктуу болушуна салымы чон.
@user-fg9is9oq7q
@user-fg9is9oq7q 3 ай бұрын
👍👍👍
@user-ch6bo5ce3x
@user-ch6bo5ce3x 3 ай бұрын
👍
@user-ul6nj3om3d
@user-ul6nj3om3d 3 ай бұрын
Программистен сендвичке карай андан тарта колбасанын магнаты болупсуз. Бул Кудайдын сизге берген ырыскысы. Коп адамдын ырыскысын сиз аркылуу берип жатыптыр. Жолунуз ачык адам экенсиз. Кулк мунозунуз да мыкты адам экенсиз. Бир туугандардын биримдигинен да ушундай чон иштер жасалыптыр.
@asylbekkadyrbekov2906
@asylbekkadyrbekov2906 3 ай бұрын
Мырзабек ага данк ✊ аллах жар болсун. Чынында тойбосс бир орустардыкы болсо керек дечумун. Кыргыздын уулдары онуктуруп жатканына журок кубанды. Сиздерди коруп биз моралдык дем куч алабыз. Жаратман поткастына раазычылык коп адамдарды шыктандырып жатасынар! 🤝
@user-qh5vh1yd8d
@user-qh5vh1yd8d 3 ай бұрын
Кудай буюрса Тойбосс войдет в Топ-3 компаний в Кыргызстане. Желаем вашей компании укрепления партнерских отношений, эффективного управления ресурсами и устойчивого развития на рынке! Алга!!!
@user-xw8gg1vv9n
@user-xw8gg1vv9n 3 ай бұрын
Уже вошло
@distefan4
@distefan4 3 ай бұрын
Молодцы Жаратман! Кудай буюрса Кыргызстанды "Тойбосс" сыяктуу компаниялар, Мырзабек Орумбаевдей ишкерлер дагы да бийик денгээлдерге жеткирет. Аларды коргон жаш ишкерлер шыктанып жакынкы 10 жылдыкта кыргыз чудосун пайда кылат буюрса!!!
@AllanynKuly-he7fv
@AllanynKuly-he7fv 3 ай бұрын
Дуйно жакшы адамдар бар учун сакталып турат дегендей Кыргызстандын мыкты патриот жаратмандарыга ийгилик. Буйурса биздин уул кыздарыбызда элим жерим деген мыкты элге пайдасы тийген ыйманы бекем болсун.Журналист байке айткандай жаратмандар бизге жакшы ойлонгонго жакшы максаттарды койгонго мотивация берет.Кыргызстаныбыз тынч болсун.
@blagoblagaja4627
@blagoblagaja4627 3 ай бұрын
❤илгери , Тойбосстун аты чыга электе эле менин бир тууган акем, колбаса жебей эле койгулачы, жесенер только Тойбосстукун жегиле,деп алып берчу😅. Негедир ушул колбасанын даамы,курамы гана ишеничтуу корунсо керек. Коп жылдар отту, Тойбосс маркасы ошол ишеничти оздорунун ийгиликтери менен бекемдеп журот. Жаны ийгиликтерди жана тугонбос сапатты каалаймын❤
@elizaboobekova5172
@elizaboobekova5172 3 ай бұрын
Тойбосс-Кыргызстандын жузу боло турчу татыктуу компания👍Ал эми негиздоочулору Кыргызстандын ар Бир уй булоосуно,Бир туугандарга,Ата -Энелерге Улгу болчу инсандар🙏
@user-zn1zp1of9y
@user-zn1zp1of9y 3 ай бұрын
Мырзабек сиздин ачыктыгыныз, спортко кызыгуугуз абдан жакты. Iron man деген бир эле атактуулардан Чынгыз Алканов экен десем, бугун дагы бир ушундай киши менен болгон подкастты абдан кызыгуу менен кунт коюп башынан аягына чейин уктум. Кыргызтанда ушундай жаш болуп чон жумушту аркалап жатканыныз мени абдан суйундурду. Ушул доордо сиздей адам менен жашап жатканыма суйундум. Сиздин компанияныздын ички дуйносун корууго чон кызыгуу пайда болду. Биздин доордун Жаратманы. Урмат сизге дагы рахмат. Ар бир подкастынызды аябай кутуп кором❤❤❤
@elizatmamadalieva8178
@elizatmamadalieva8178 3 ай бұрын
Мыкты компания, мыкты жетекчи! Мыкты подкаст, мен бүгүн көп инсайт алдым: 1. Ишеним. 2. Бала кыялданышы керек. Мен кичинекей кезде мен тигил болом, бул болом десем, и сен кыйратасың деген сөз укчум, мага ишенишкен эмес, азыр балдарым өзүнүн кыялдарын айтса, эмне деп жооп береримди билчү эмесмин, мага айткан сөздү айткым келчү эмес, ал эми азыр билем. 3. Балдарга кантип китеп окутсам деп ойлонуп жүрчүм, эми билем, ар бир баракка 10 сом жана күнүнө 1 саат баарыбыз чогуу окуйбуз деген идея келди. 4. Тойлорго барбай деле койсо болот экенин дагы бир жолу тастыктадым. Чоң рахмат! Ишиңиздерге ийгилик!
@user-mj6go5kf7m
@user-mj6go5kf7m 3 ай бұрын
Тойбосс эн сапатуу эн дамдуу колбаса Уй булобуз менен жакшы коробуз
@msaadanbekova__4123
@msaadanbekova__4123 3 ай бұрын
Көздөрү абдан акылдуу, жөнөкөйлүгүнө баа бердим Мырза байкенин. Ыраазымын адал азыктары үчүн!
@rustik132011
@rustik132011 3 ай бұрын
Чыныгы Жаратман деп айтмакчымын! Кыргызстандын ВВП 1 % тузулушуно жетесин деп ишенем! Урмат силер ушул маалыматты элге жеткирип жатканынар учун дагы чоон таазим! Бул залда эки жаратман киши отурат!
@aidaturdieva9065
@aidaturdieva9065 3 ай бұрын
Мен бизнес баштаганыма жакында бир жыл болот, аябай шыктандым . Балам менен уктум интервьюну, быйыл бутуруучу мектепте. Ийгиликтуу адамдардын интервьюла́рын айтып берип чогуу угуп взрослый жашоого даярдап жатамын 😊. Балдарымдын ийгиликтуу болушун Аллахтан сурап келемин🤲. Ишиниздерге ийгилик соннун маек болуптур 🎉
@adiletkoshaliev5226
@adiletkoshaliev5226 3 ай бұрын
Тойбосс жебей койсо болбос! Кыргыздын жигиттерин,бычакка сап боло тургандарынын бири экен.Менда бир кыдырып көрүп чыксам соонун болот эле.
@asasan7855
@asasan7855 3 ай бұрын
Молодец Мырзабек. Точно не знал, что он родился в Мырзаке. Ещё больше уважения. Мен деген ондурууш тармак кичине алысмын. Бирок айыл-чарба жактан аракет кылып журобуз. Хотел лично познакомиться с ним для души. Почему-то за 35лет начинается тяга к Триатлону, но чего-то не хватает. Может воли, финансов, времени или других причины. Тойбосс очень много делает для развития спорта, особенно футбола Иссык-Кульской области. Так держать дальше. Реально патриот своей страны. Много нового узнал сегодня. Горжусь им.
@asyaa2118
@asyaa2118 3 ай бұрын
Азаматсын ишине ийгилик Тойбосс кыргызстанда эн алдынкы халал продукция отумдуулугу жагынан да алдынкы орунда турат дуйно жузуно тарашына тилектешмин
@user-bk2fh8sl7p
@user-bk2fh8sl7p 3 ай бұрын
Бул жигитти аябай сыйлап калдым омуруно береке берсин,осуп онуго бер
@KG-kyzmattashuu
@KG-kyzmattashuu 2 ай бұрын
Чыныгы жаратмандар! Ушундай кыргыздын эр азаматтары менен замандаш болгонума сыймыктанам. Өз маңдай тери менен бутуна турушту. Көптөргө үлгү!
@user-xw2le9fw6p
@user-xw2le9fw6p 3 ай бұрын
Тойбосс Ата-Мекендик ондуруш осуп-онуго берсин. Мен суйуп жана тойбой деген Тойбосс колбасалары жана сендвичтери. Ишинерге ийгилик🎉🎉🎉
@user-wp6te4io4s
@user-wp6te4io4s 3 ай бұрын
Ушундай ой жугурткон адамдар коомубузда коп болсун❤сыймыктанабыз
@shadekg8227
@shadekg8227 3 ай бұрын
Верю в будущее кыргызстана какаябы корупция и не справедливость не была наша родина и люди пройдут эти испытани в светлое будущее😊и буду создаваться такие компании как Тойбос
@elmirakazakova5247
@elmirakazakova5247 25 күн бұрын
Ушундай кыргыздын мыкты жигиттерин коруп укканда кыргызыидын учу куру эмес экенин келечеги бар экенине ишенем ишкер кыргыздын чыгаан кызжигиттери кобойоо берсин❤
@ilyazumurzakov9218
@ilyazumurzakov9218 3 ай бұрын
Мен учун Тойбосс чоон мотивация болду. Озумдун чакан бизнесимди Тойбосстуку сыяктуу онуктурсом деген ойлор пайда болду
@user-um3di9ky1l
@user-um3di9ky1l 3 ай бұрын
Менда ушундай ойго келдим. Кичи Иш кананы коп жерин озгортууго ойлор пайда болду.
@islamtorogeldiev645
@islamtorogeldiev645 3 ай бұрын
Ийгилик Тойбосс. Жаратман командасынан дагы да кийинки патриот ишкерлерди кутобуз. Алга Кыргызстан
@elvirakurmanbekova7418
@elvirakurmanbekova7418 3 ай бұрын
Эн сонун подкаст болуптур, жаны чыгарылышын чыдамсыздык менен кутом. Ар дайым Чолпон атага процесске барганда ушундай узак подкастты коруп баратып кантип жетип калганымды билбей калам. Ата мекендик ондуруш кайсы сферада болбосун чон прорыв болуп жатат, колбасадан Тойбосс, торттон Куликов, женил онор жайдан уже Турцияны артта калтырганы калдык. Кичинекей мамлекетибизде ушундай сонун замандаштарыбыз менен мезгилдеш экениме кубанам. Тойбосс эл аралык денгээлдеги ири компаниялардын ордун толуктасын! Ишинизге ийгилик, ар бир уйдо Тойбосстун колбасасы, тоок эти болсун!
@user-zr1de5xd1q
@user-zr1de5xd1q Ай бұрын
Баатырдын атын алыстан уксан жанына келсен бир адам дейт кыргызда жасаган иштериндин баардыгында актык тактык бар экен балам ишине ийгилик жаратмандыгын Жараткандан болсун ийгилигиндин берекеси Кудайдан болсун журогун таза болуп кыргыз элиме деген ниетин туз болгон учун онуп осуп жатасын.Кыргыздын сыймыгы болуп озуно окшогондорду алдыга суроп шам чырак болуп журо бер.
@user-ps2ep6yj3h
@user-ps2ep6yj3h 3 ай бұрын
Алып баруучу бала да Урматтын ишине ийгилик , дагы ушундай ийгиликтуу адамдардан жаштарга жакшы улгу корсотуп жатат
@user-uy2og3iz7d
@user-uy2og3iz7d 3 ай бұрын
"Тойбосс" жана аны негиздөөчүлөрү менен сыймыктанабыз!❤
WHY DOES SHE HAVE A REWARD? #youtubecreatorawards
00:41
Levsob
Рет қаралды 32 МЛН
100😭🎉 #thankyou
00:28
はじめしゃちょー(hajime)
Рет қаралды 20 МЛН
it takes two to tango 💃🏻🕺🏻
00:18
Zach King
Рет қаралды 28 МЛН
Giving 1000 Phones Away
00:18
MrBeast
Рет қаралды 30 МЛН
Венгрия: ара жолдо калган мигранттар
27:56
Тойбосс сэндвичтери кантип жасалат?
9:32
Ала-Тоо 24
Рет қаралды 20 М.
WHY DOES SHE HAVE A REWARD? #youtubecreatorawards
00:41
Levsob
Рет қаралды 32 МЛН