Рет қаралды 33,714
Кирип келип эле экөөнү көрүп саамга токтой калып анан бери басты:
- Келдиңби Жаркынай? - деп кучак жая ыйлап ийди.
- Таеже! - Экөө кучакташып көпкө туруп анан сандыктын ичиндегилерди бирден карап көрүп айтып берип жатты, ыйлап дагы жүрдү:
- Эжем байкуштун тилектери ишке ашпай калбадыбы, муну өзүнүн айлыгы тийгенде алып бир-эки эле жолу тагынды, келиндүү болсом өз колум менен тагам дечү...
- Апама эмнеге таккан жок анан?
- Ал узун жомок садага, эми сага кудай бак-таалай берсин, мен жалгыз эжем өлгөндөн кийин катуу оорудум, кайгыны көтөрө албай өлүп тирилдим, эми кудайга шүгүр, - деди Урматкан оор үшкүрүнө.
- Бул үйгө мен жалгыз жашасам болобу?