Рет қаралды 88,942
Токтогул суу сактагычынын бир бөлүгү учурда тазаланып жатат. Бул үчүн Кореядан суу астына 100 метр тереңдикке чейин кире алган атайын адистер алынып келинген. Кыргызстанда мындай адистер жокко эсе. Сууну тазалоо иштери суучулдар аркылуу гана жүргүзүлүүдө. Аларды даярдоого абдан көп убакыт керектелет. Жалпысынан 300 тоннага чейин суу астынан таштанды алып чыгуу пландалууда. Суучулдар менен суу астында дагы байланыш болуп турат. Алардын ар бир дем алганы көзөмөлдө. Суучулдар суу астынан чыккандан кийин өзүнө келе турган атайын процедура алуучу бөлмө бар.