Рет қаралды 191,324
Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айылынын тургундары бир үй-бүлөнү айылдан көчүрүү талабы менен чогулушту.
Нааразычылыктын келип чыгышына бул үй-бүлөнүн уулунун жүрүм-туруму себеп болгон.
Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, элдер 21-апрелде чогулушкан. Анда алар социалдык шаарчанын тургуну С.Ы.нын үй-бүлөсүн айылдан чыгарууну талап кылышкан.