Рет қаралды 66,390
Баатыр Тагаев Кара-Суу районундагы асыл тукум жылкы чарбалардын негиздөөчүлөрүнүн бири.
Бүгүнкү күндө фермердин чарбасында 75 жылкы бар. Анын жарымынан көбү байыркы кыргыз аргымакатары менен «Ахал-Текин» деп аталган түркмөн тукумундагы аргымак менен аргындаштырган.
Жарымынан азы орусиялык «Владимирец» аргымагы менен аргындаштырылган. Тагаевдин чарбасынын асылдуулугун Айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелорация министрлдигинин күбөлүгү күбөлөндүрүп турат.
Баатыр Тагаевдин чарбасы Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Турмуш айлында жайгашкан. Фермер быйылкы жылы 10дон ашык тай сатканын анын акчасына жылкы сарайын кеңейткендигин белгиледи.
Ал кошумчалагандай, байыркы кыргыз аргымактары менен «Ахал-Текин» тукумундагы аргымакатрынын аргындашуусунан туулган жылкылардын туягы, териси калың болуп, тик беттерде жүрүүгө ыңгайлашкан. Өзгөчө көкүрөгүнүн кенендиги көк бөрү чапканга ыңгайлуу.