Рет қаралды 634
ТУУЛГАН КҮН
Сый күнгө тең келген бүгүнкү күн,
Жашооңдо сен үчүн сүйүнүчүң.
Кошулду дагы жыл өмүрүңө,
Кут болсун сенин туулган күнүң.
Бир келген жылда бүгүнкү,
Куттуктап туулган күнүңдү.
Жүрөктөн чыккан өзүңө,
Арнаймын ушул ырымды.
Жаңырып ар күнүң адаттагы,
Бир кадам таштадың алга дагы.
Барагын барактап өмүрүңдүн,
Жашагын узакка мындан ары.
2017-жыл
Сөзү: Гүлзат Кудайбердиеваныкы
Обону: Ильяз Абдыразаковдуку