Рет қаралды 11,989
Украинадан сөөгү келген кыргыз жараны Аян Алишеров бул өлкөдө жүрүп жаткан согушка кандайча барып калганын териштирүү талабы бүгүн 1-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында коюлду. Депутат Мейкинбек Абдалиев кыргызстандык жарандар “ал конфликтке эч кандай тиешеси болбошу керек” экенин белгилеп, тийиштүү мекемелерге парламенттин атынан протоколдук тапшырма берүүнү сунуш кылды.
22-январда Орусияда абакта отурган кыргызстандык Аян Алишеров Украинадагы согуштан каза тапканы белгилүү болгон. Украинанын Бахмут шаарына жакын жердеги салгылашта 24-ноябрда каза болгон 30 жаштагы Аян орус жарандыгын алган эмес. Ушул тапта Орусиядагы "Вагнер" жеке аскердик компаниясы абактагыларды Украинадагы согушка жапырт тартып жатканы кабарланууда. Кыргызстандык канча атуул мындай окуяга кабылганы белгисиз.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда Орусияда 2 миңдей кыргыз жараны камакта отурат, алардын 30% аялдар. Ага ылайык 1001 кыргызстандык жаран Орусиянын тергөө абактарында, дагы 1078и түрмөдө.
Орусия Украинага былтыр 24-февралда кол салган. Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы окуя боюнча бейтарап макамды карманып келе жатат.
#Украина #согуш #Орусия
_________________________________________
"Азаттыктын" тиркемесин көчүрүп алыңыз.
Шилтемеси:
IOS apps.apple.com/us/app/id15214...
Android play.google.com/store/apps/de...
Биздин сайт - www.azattyk.org/
Instagram - /
/
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб - / @azattykradiosu
Телеграм - telegram.me/Azattyk_radiosu
t.me/azattykrus