“УНУТУЛГАН САЛТ” НАСЫПБЕК АСАНБАЕВ

  Рет қаралды 19,947

Айзат Канатбек кызы / Aizat Kanatbek kyzy

Айзат Канатбек кызы / Aizat Kanatbek kyzy

2 ай бұрын

Кабыл үй-бүлөсү🧑‍🧑‍🧒 менен бактылуу турмуш кечирип жаткан. “ Кырсык 💥каш менен кабактын ортосунда» дегендей болуп жол кырсыгына 🚕кабылып, оо дүйнөгө узап кете берет.Аялы бираз жаракат алып, бирок кудай жалгап аман калат. Бирок өлгөндүн үстүнөн көмгөн болуп, салт деп чыгаша, карыздар көбөйүп, аялы көрбөгөн күндү көрүп, кыйналат.
Андан ары эмне болгонун жогорку аудиодон угуңуздар….
#кыргызча #аудиокитеп #кыргызстан #
Копурай, кайра коркутасыз да ой! Ушу силерди шерменде болбосун, тууган-урукка уят болбосун деп таап берип отурсам кайра күпүлдөгөнүңүз кандай? Мен мал таап келип союп бербегенде бу салт билбеген неме экен деп бүтүндөй эл-журтка шерменде болмоксуз! -деп опурулду. Бирок мен да токтоп тура алганым жок.
- Салт эле салт дейсиңер, ушубу силердин салт билгиңер? Жетим-жесир экенине карабай акыркы быдырын саттырып, карызга карматып коюп союш жегенди эле салт дейсиңерби? Салттын эт жеген, мал жеген жагын эле билип, калганын унутуп калгансыңарбы силер? Көзү өтүп кеткен адамдын бала-чакасын жетим кылбай туугандары асырап алат деген салтты унутуп, канча кишиге канча эт тартылат деген жагын эле эстеп калдыңарбы? Тууган-тууган дейсиңер, тигине тууганыңар бала туруп ар кимге малай болуп жүрөт. Андай салт билги экенсиңер ошондон уялбайсыңарбы? Же ал жагын унуттуңарбы салттын? Качан кыргызда бар эле, агасынын уулун темселетип койгон. Мына мен ооруп ордуман тура албай турам. Келип бирөөң ал-акыбалымды сурадыңбы? Же ал салтта жок беле? Мына, мобул үйдүн ээси бизди темселетип чыгарып коймой болду. Ошондо биз темселеп селсаяк болуп кетсек салтыңарды эстейсиңерби? Же уруулашын, тууганын темселетип жиберүү да салтта бар беле? Силердин салтыңарды түшүндүм мен. Бул жакта Кабылыман айрылып, эсиме келе албай турсам туш тараптан каптап малын союп, этин жеп кеттиңер. Андай салт билги болсоңор союшун чыгара келбейт белеңер? Сарпайын артына келбейт белеңер? Сөөгүн артынып, бала-чакасын жетелеп айылыңарга ала кетпейт белеңер? Же үйүңөрдөн үркөрдөй үч жетимге бурч табылбай калдыбы? Ушуну менен жата берсем эртең мен да кетем. Ошондо да унутпай келип чучук чайнап, казы жеп кеткиле! Салтыңардын өзүңөргө пайдалуу жерин жакшы билип алган турбайсыңарбы? Маркум Кабылда эч нерсе калган жок, эми уулу менен баласын да күрөөгө коюп, байтал жесеңер кышка жетесиңер. Бар туугандарга ошондой салам айт. Мен да минтип оңоло албай турам. Малдын семизин тандай беришсин! - дедим.
Жаныш байке унчуга албай томсоруп эле отуруп калды. Мен болсо тескери карап жатып алдым. Бурулуп баратканымда баягы ооруган жерим дагы катуу зырп этти. Бирок, тилимди тишиме катып үн чыгарган жокмун. Анткорлонуп атат дейби деп намыстандым. Тиги тууганыбыз болсо мурдун шор тартып далайга отурду да чыгып кетти.

Пікірлер: 4
@user-me5gc8zt3k
@user-me5gc8zt3k 28 күн бұрын
Жакшы ангеме экен, окуган айымга ыраазчылык.
@user-km1eg7ff4t
@user-km1eg7ff4t Ай бұрын
Таасирдуу ангеме экен Алла ыраазы болсун
@user-yg1fj6wt7f
@user-yg1fj6wt7f Ай бұрын
❤❤❤ Рахмаат,аябай жакшы окудун.
@AizadaBotobekova
@AizadaBotobekova Ай бұрын
Рахмат 🌹🌹🌹 жазганда, окуганда Баткенден болушат окшойт
Султан Раев "Эмне дейм сизге эжеке" АҢГЕМЕСИ
11:03
Эртөштүк Жумабаев
Рет қаралды 17 М.
Тяжелые будни жены
00:46
К-Media
Рет қаралды 2,9 МЛН
Buy Feastables, Win Unlimited Money
00:51
MrBeast 2
Рет қаралды 97 МЛН
Conforto para a barriga de grávida 🤔💡
00:10
Polar em português
Рет қаралды 90 МЛН
АҢГЕМЕ \ ДЕҢИЗДЕН КЕЛГЕН КЫЗ
19:59
Китеп KG
Рет қаралды 26 М.
КАРГАШАЛУУ КҮН \ АҢГЕМЕ
46:21
Китеп KG
Рет қаралды 73 М.
Зинакан Пасаңова.Көшөгөсүз колукту(аңгеме)
30:15
Махабат Aлимжановна
Рет қаралды 86 М.