Рет қаралды 4,885
"Мени деп бил"
Мени деп бил,таң заарда булбул сайраса,
Шылдырап суу,бакчаңда гүлдөр жайнаса.
Сыдырым жел,булутту ылдый айдаса,
Мени деп бил,жылдыздар нурун арнаса.
кайырма:
Жүзүңдөн түндө түшкөн,
Ай нурун мени деп бил.
Чачыңды желпип өткөн,
Шамалды Мени деп бил.
Мени деп бил,кызгалдак гүлүн ачканда,
Жадырап жай,арчалар жытын чачканда.
Тулбарын чаап бир карайм жалгыз басканда,
Мени деп бил,көрүнсө шумкар асманда.