Рет қаралды 374
Бүгүн, жол кыймылынын жүрүшүнө, коомдук коопсуздукту сактоого салым кошуп келишкен Нарын облустук ички иштер башкармалыгына караган төрт башка түзүмдүн кызматкерлери июль айына туура келген кесиптик майрамын белгилешти. Атап айтканда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, аскердик-медициналык кызмат, кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасы жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери кесиптик күнүн тосушту. Бул күнгө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, айрым кызматкерлер сыйлыктар менен сыйланышты